Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 12-ноябры №20/7
2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз, 2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | Н. Шадыбеков |
Тиркеме
Кербен шаардык Кеңешинин
2019жылдын 12-ноябрындагы
№ 20/7 токтому менен бекитилген
2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ ПЛАНЫ
I квартал
2019-жылда Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө.
2019-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
II квартал
Кербен шаарынын калкын сугат суу менен камсыздоодо Кербен-суу СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
III квартал
2019-жылда Кербен шаарындагы тендер аркылуу аткарылган курулуш иштеринин сапаты жөнүндө.
IV квартал
Кербен шаарындагы социалдык-маданий мекемелердин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана А.Жоробеков атындагы Күлүк-Дөбө жалпы, Мамай негизги билим берүүчу мектептеринде окуучуларга ысык тамактын уюштурулушу, окуу-тарбия иштеринин жалпы абалы жөнүндө.
Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: | Д. Алиев |