Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры №176/34-7
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен берилүүчү (дем берүүчү) гранттарга сунуш долбоорлорду талкулоо жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 04.11.2019-ж. чыгыш №05-22/2690 сандуу катындагы маселелер боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан сунушталган үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен жасалуучу долбоор-сметалар тиркеме ылайык жактырылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго үлүштүн жалпы суммасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ШММБнын башчысына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 14-ноябрындагы
XXXIV сессиясынын №176/34-7
сандуу токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаарынын 2020-жылга шаардык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун
РЕЕСТРИ
№ |
Долбоордун аталышы |
Жалпы суммасы ( миң сом) |
Жергиликтүү бюджеттен каржыланыш керек ( миң сом) | “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланат (миң сом) |
1. | Шаардык “Энергетик” стадионун ремонттон өткөрүүгө |
7 433,3 |
4 433,3 |
3 000,0
|
2. | “Келечек” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү |
3 231,6 |
231,6 |
3 000,0
|
3. | “Кайынды” балдар эс алуучу лагеринин имаратын 1-2 бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү |
5 742,9 |
2 742,9 |
3 000,0
|
| Баардыгы | 16 407,8 | 7 407, 8 | 9 000,0 |
Аппарат жетекчи: | Нурматова К.И |
|