Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 20
Боз-Учук айылында ошол кездеги айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиевдин демилгеси менен кичи футболдук аянтчанын проектиси жазылып өткөрүлүп, учурда жаӊы кичи футболдук аянтча курулуп бүтүп ишке берилүү алдында турат. Боз-учук айылынын жаштарынын ушул кичи футболдук аянтчага ыраматылык Кыдыр Тыналиевдин ысымын берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айылынын Муканов көчөсүндөгү жаӊы курулган кичи футболдук аянтчага Кыдыр Тыналиевдин ысымы берилсин.
2. Кичи футболдук аянтчанын атын койууга ю.юпшырылсын.
3. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жана аткарылышын көзөмөлгө алуу закондуулук жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |