Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 декабры №10
Шаардык мэриянын 25.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы жашаган чарбалык субүектилердин жана мекеме – ишканалардын катуу – тиричилик таштандыларынын топтолуусунун нормаларын бекитип берүү тууралуу” №01-14/939 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 25.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы жашаган чарбалык субүектилердин жана мекеме–ишканалардын катуу–тиричилик таштандыларынын топтолуусунун нормаларын бекитип берүү тууралуу” №01-14/939 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 18 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 25.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы жашаган чарбалык субүектилердин жана мекеме – ишканалардын катуу–тиричилик таштандыларынын топтолуусунун нормаларын бекитип берүү тууралуу” №01-14/939 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы жашаган чарбалык субүектилердин жана мекеме–ишканалардын катуу–тиричилик таштандыларынын топтолуусунун нормалары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. Токтомду аткаруу жана Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы КЖГЭСтер ишканасынын коммуналдык ишканалар комбинатына (А.Чаргынов) жана Шамалды-Сай аймактык башкармалыгына (Н.Жоробаев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
Бекитилди» Таш-Кёмър шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын 06.12.2019-жылдагы кезектеги 18-сессиясынын №10 токтому
Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы мекеме-уюмдарда, чарбалык субъектилеринде турмуш-тиричилик таштандылардын пайда болуу (топтолуу) нормалары |
|
№ |
Объектинин тиби |
Өлчөө Бирдиги | ТТТнын ир жылдык топтолуу нормасы, м3/жыл | 1м2 кампалардан, чарбалык бөлмөлөрдөн топтолуучу ТТТ, м3/жылына | 1м2 менчик жана чектеш аймактын шыпырындысы, м3/жылына |
ТТТнын бир дарактан топтолуучу бир жылдык нормасы, м3/жылына |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Мекемелер, уюмдар | |||||
1. | Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин административдик имараты | 1 кызматчы | 0,300 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
2. | Мекеме-уюмдардын, компания ж.б. офистик имараттары жана бөлмөлөру | 1 кызматчы | 0,700 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
3. | Банктар, сактык банктар ж.б. финансы-кредиттик мекемелер | 1 кызматчы | 1,100 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
4. | Күрөөканалар, нотариалдык конторалар, акча алмаштыруу жайлары | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 1,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Медициналык, дарылоочу, социалдык ишканалар | |||||
5. | Ооруканалар, стационарлар, санаториялар, эс алуу үйлөрү | 1 койко-орун | 1,980 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
6. | Поликлиникалар, мед. борборлор, лабораториялар | 1 каттам | 0,020 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
7. | Жатаканалар | 1 орун | 1,200 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Билим берүү мекемелери | |||||
8. | Мектептер, лицейлер, гимназиялар, окуу борборлору, профтехокуу жайлар | 1 окуучу | 0,316 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
9. | Техникумдар, ЖОЖдор | 1 окуучу | 0,510 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
10. | Балдар бакчалары | 1 орун | 0,739 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Маданият жана спорт тармагы
| |||||
11. | Музейлер, китепканалар, архивдер | 1 каттам | 0,020 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
12. | Стадиондор, спорттук жана оюн ареналары | 1 орун | 0,100 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
13. | Кинотеатрлар, театрлар, концерттик залдар, маданият үйлөрү | 1 орун | 0,775 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Транспорт, байланыш | |||||
14. | Автобекеттер | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
15. | ТТС, унаа жуучу жайлар, устаканалар, желимдөөчү жайлар | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
16. | Унаа коючу жайлар | 1 унаа-орун | 2,000 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
17. | Гараждар, парковкалар | 1 унаа-орун | 2,000 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
18. | Күйүүчү май бекеттери (АЗС) | 1 кызматчы | 2,000 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Элге кызмат көрсөтүү | |||||
19. | Турмуш тиричилик, радио-компьютердик техникаларды ондоо жайлары, кийим тигүү жана ондоо жайлары, бут кийим ондоо жайы, химтазалоо, кийим жуучу жайлар | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,600 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
20. | Интернет клубдары, компьютер оюндары ойнотулуучу жайлар | 1 орун | 1,200 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
21. | Чач тарач, сулуулук салондору | 1 орун | 3,100 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
22. | Мончолор, сауналар, фитнес, бассейндер | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
23. | Басмаканалар, полиграфиялар | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,900 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
24. | Мейманканалар | 1 орун | 1,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Жалпы тамактануучу жайлар | |||||
25. | Кафе, ресторан, бар, ашкана ж.у.с. | 1 отургуч | 0,600 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Соода тармагы | |||||
26. | Өнөржай жана чарбалык дүкөндөр | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,574 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
27. | Палаткалар, киосктор | Жалпы аянты (1м2) | 0,400 | 0,03 | 0,011 | 0,5
|
28. | Дарыканалар | Жалпы аянтынын 1 чарчы метрине | 0,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
29. | Азык түлүк дүкөндөрү, универсамдар, универмагдар, супермаркеттер, павильон, салондор | |||||
| - 500 чарчы метрге чейин | Соода аянтынын 1 чарчы метри | 1,100 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| - 500 чарчы метрден жогору | Соода аянтынын 1 чарчы метри | 0,700 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
30. | Лотоктор (газдалган суу, көчмө соода) | 1 соода оруну | 3,100 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
31. | Базарлар, жарманкелер | Соода аянтынын 1 чарчы метри | 0,500 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
32. | Соодалык кампа бөлмөлөрү | Соода аянтынын 1 чарчы метри | 0,133 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
33. | Арзандатылган дүкөндөр (секонд хенд) | Соода аянтынын 1 чарчы метри | 0,150 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |
| Өндүрүштөр, цехтер | |||||
34. | Заводдор, фабрикалар, цехтер, комбинаттар | Өндүрүш аянтынын 1 чарчы метри | 0,700 | 0,03 | 0,011 | 0,5 |