Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/190
Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2 “Кочкор-Ата шаарынын мэриясы” мекемеси мамлекттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|
Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
Шаар мэриясынын структурасы
Шаар мэриясынын компетенциясы
Шаар мэриясынын негизги функциялары
Шаар мэри
Шаар мэринин ыйгарым укуктары
Шаардын вице-мэри
Шаар мэриясынын финансылык-экономикалык негиздери
Шаар мэриясы жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Шаар мэриясынын ыйгарым укуктарын токтото туруу
1. Жалпы жоболор
Шаар мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Шаар мэри Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
Шаар мэриясы бир шаардык Кеңеш – бир шаар мэриясы принцибинде түзүлөт.
Шаар мэриясы өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Өкмөттүн токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Шаар мэриясы мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
Шаар мэриясы өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Шаар мэриясы өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
1.6. Шаар мэриясы юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7 Шаар мэриясынын уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.8. Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде – «Кочкор-Ата шаарынын мэриясы» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Мэрия города Кочкор-Ата ».
1.9. Шаар мэриясынын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү, 17-үй.
II Шаар мэриясынын структурасы
1.5.Шаар мэриясынын структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
1.6.Шаар мэриясы шаардын мэринен, шаардын вице-мэринен жана шаар мэриясынын аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден турат.
1.7.Шаар мэри өзүнүн ишинде тийиштүү шаардык Кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
1.8.Шаар мэриясы өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге шаар мэри кол коет.
1.9.Шаар мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
1.10.Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү шаар мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
III Шаар мэриясынын компетенциясы
1. Шаардын мэриясы:
1) шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
3-1) шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү жамаатка жыл сайын ачык маалымат берет, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (доскаларга, стенддерге) жайгаштырат;
4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
7) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;
8) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
9) шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
10-2) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тутумун иштеп чыгат жана ишке ашырат;
10-3) өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана тескемелерди чыгарат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
IV Шаар мэриясынын негизги функциялары
4.1. Шаардын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн шаар мэриясынын карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:
тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
муниципалдык менчикти башкаруу;
жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
4.2. Шаар мэриясына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы
мүмкүн.
4.3. Шаар мэриясына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен шаар мэриясынын ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча шаар мэриясы мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7. Шаар мэриясына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Шаар мэриясына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
10)Өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөн түшүмдү сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
11) салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
12) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
13) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
14) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
15) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте шаар аймагындагы балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
17) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
II Шаар мэри
Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло алат.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаар мэри боло албайт.
Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып шаардын мэри жаңыдан шайланган шаардын мэри кызмат ордуна киришкен күнгө чейин мэрдин милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет.
2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.
Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт.
Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан талапкерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
Шаардын мэрин шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
Мэрди шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен, мында, эгерде шаар мэри кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).
7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны 3 жумушчу күндүн ичинде кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
9. Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин вице-мэрге жүктөлөт.
Шаар мэринин ыйгарым укуктары
6.1. Шаар мэри :
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын жергиликтүү жамаатынын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;
3) шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
4) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;
7) кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;
8) шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолу шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардамдын көрсөтүлүшү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;
9) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
10) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
11) белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;
11-1) мэриянын токтомдоруна жана тескемелерине кол коёт;
12) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Шаардын вице-мэри
Шаардын вице-мэри ал жок учурда мэрдин ордуна иштейт жана шаардын мэрине жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
Шаардын вице-мэрлери шаардын мэринин алдында ал аткаруучу иш-милдеттер үчүн жоопкерчиликтүү болот.
Шаардын вице-мэри кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу шаар мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлөт.
Шаар мэрине коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө вице-мэрге да колдонулат.
7.4. Шаардын вице-мэри шаар мэринин алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.
Шаар мэриясынын финансылык-экономикалык негиздери
Шаар мэриясынын финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2. Шаар мэриясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
V Шаар мэриясы жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Шаар мэриясы жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
Шаар мэриясы жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Шаар мэриясы жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
VI Шаар мэриясынын ыйгарым укуктарын токтото туруу
10.1. Шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
10.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү шаар мэриясынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
10.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо шаар мэриясынын укук-ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Кочкор-Ата шаарынын мэри: | А.Т.Жумаев |