ТоктомКүчүндө

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018 жылдын 22-февралындагы №57-27 «Жер участогун конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө»токтому

Редакция22.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018 жылдын 22-февралы №57-27

Жер участогун конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Башчынын орун басары А.Т.Кариповдун Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү № 482/2 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө маалыматты угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү № 482/2 дареги боюнча жайгашкан далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-4069, 7-01-03-1001-4070 курулушка укуксуз муниципалдык жер участогун абаттоо, жашылдандыруу үчүн тоорукка коюуга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко