Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну N 318
Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясын жүзөгө ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери тиркелген чиймеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналардын чектери бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун жобосу 2012-жылдын 1-январынан тартып жер салыгы боюнча эсептерге таркатылаары белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Л.Исмаиловго жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Токтосартовго) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеңешинин Төрагасы: | А.Кайыпов. |
Бишкек шаардык кеңештин
2012-жылдын 12-июнундагы
N 318 токтомуна
2-тиркеме
Кз зоналык коэффициенттин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналардын
ЧЕКТЕРИ
┌──────┬───────┬──────────────────────────────────────────────────────┐
│ │Зоналар│ Чектердин жана нарк зоналардын баяндалып жазылышы │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │I │Жибек-Жолу проспекти - Аламедин суусу М.Горький │
│ │ │көчөсү - Тынчтык проспекти - Ала-Арча суусу │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │II │М.Горький көчөсү - Аламедин суусу - Ахунбаев көчөсү │
│ │ │- М.Джунусалиев көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү │
│ │ │Ш.Руставели көчөсү, Ала-Арча суусу - Тынчтык │
│ │ │проспекти │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │III │Л.Толстой көчөсү - Ала-Арча суусу Ш.Руставели │
│ │ │көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү │
│ │ │- Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - Космическая │
│ │ │көчөсү - Репин көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │IV │Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) - Ала-Арча суусу - Л.Толстой │
│ │ │көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Джамгерчинов көчөсү - │
│ │ │Мессароша көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │V │ЧЧК Аламедин суусу - Жибек-Жолу проспекти - │
│ │ │Ала-Арча суусу │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │VI │ЧЧК - Веселая көчөсү - буу түтүгү трассасы боюнча │
│ │ │түштүк жакка Достоевский көчөсү ЧЧЧКнын Чыгыш │
│ │ │айрылышы (ЧЧЧК) - Аламедин суусу │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │VII │Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин │
│ │ │Аламедин суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын │
│ │ │түштүк тарабынан транспорт кирүү жолу (мурдагы │
│ │ │ЖБИ заводу) Семетей көчөсү - Садырбаев көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,125 │VIII │Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космическая көчөсү │
│ │ │Д.Садырбаев көчөсү Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка │
│ │ │"Арча-Бешик", "Нижний Орок" конушунун, түштүк-батыш │
│ │ │көрүстөнүнүн аймагын кошо - Муромский көчөсүнүн │
│ │ │уландысы Т.Фрунзе көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│0,8 │IX │ЧЧК - Мессароша көчөсү - Джамгерчинов көчөсү │
│ │ │П.Лумумбы көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │X │Түндүк айланма жолу - Элебесов көчөсүнүн түндүккө │
│ │ │карай уландысы (мурдагы Баку көчөсү) чыгыш тарап │
│ │ │боюнча жергиликтүү жол катары "Төмөнкү Ала-Арча" │
│ │ │айылы Элебесов көчөсү - ЧЧК М.Ганди көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │XI │ЧЧК - шар аккан суу - Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧЧКнын │
│ │ │чыгыш жакка Достоевский көчөсү - Достоевский көчөсү │
│ │ │- Веселая көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │XII │ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - │
│ │ │Чолпон-Ата көчөсү боюнча шар аккан суу │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │XIII │ЧЧК- П.Лумумбы көчөсү Джамгырчинов көчөсү - │
│ │ │Садыгалиев көчөсү - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан │
│ │ │батышка карай темир жол линиясы │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │XIV │Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү - ЧЧК - │
│ │ │Элебесов көчөсү Төмөнкү Ала-Арча айылынын чыгыш │
│ │ │тарап боюнча жергиликтүү жолу катары Элебесов │
│ │ │көчөсүнүн түндүккө карай уландысы │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│0,8 │XV │Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка │
│ │ │карай - ЧЧК - Курманжан Датка көчөсү │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │XVI │ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - зонанын │
│ │ │батыш чеги - Аламедин суусу боюнча │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1,2 │XVII │Семетей көчөсү - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" │
│ │ │АКсынын аймагынын түштүк тарабынан өтмөк жол │
│ │ │Аламедин суусу - Орто-Алыш суу тосмосунун │
│ │ │аймагынан түштүккө карай - Кожобергенов көчөсү │
│ │ │боюнча батыш чеги │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │XVIII │Садыгалиев көчөсү менен кесилишине чейинки темир │
│ │ │жол линиясы - Л.Толстой көчөсү Т.Фрунзе көчөсү - │
│ │ │ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромск көчөсүнүн │
│ │ │уландысы │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│0,8 │XIX │Түндүк айланма жолу М.Ганди көчөсү - ЧЧК │
│ │ │"Бишкексууканал" ОЭБсынын тазалоочу │
│ │ │курулмаларынын аймагынан батышка карай │
├──────┼───────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│0,6 │XX │Түндүк айланма жолдон түндүккө карай │
└──────┴───────┴──────────────────────────────────────────────────────┘
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси : | Э.Нурдавлетов. |