Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
2020-жылдын 20-апрели № 53
Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы токтом кылат:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго жүктөлсүн.
Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Талиев |
| Ак-Сай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-апрели № 53 токтому менен бекитилген |
Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык иштелип чыккан.
3. Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүүнүн максаты айыл тургундарынын социалдык-экономикалык жакшыртуу, өнүктүрүүнү камсыздоону жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
4. Акысыз негизде өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчиктин объекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ирригациялык объекттер, анын ичинде насостук станциялар;
- социалдык объекттер, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемелери, жалпы билим берүү мекемелери;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын карамагында турган ишканалардын имараттары, жабдуулары жана башка кыймылдуу мүлкү;
- мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди эксплуатациялоого мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда (финансы ресурстары жана адистер жетишпегендигине байланыштуу) муниципалдык менчик объекттери акысыз негизде өткөрүп берилет.
6. Муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө чечим айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.