Редакцияот 28.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги VIII сессиясы

 

2020 жылдын 28-майы № 8

Кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын курамын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын IV главасынын 32-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 1.Кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын курамы бекитилсин.(№ 1 тиркеме тиркелет)

2.Убактылуу түзүлгѳн комиссиянын курамы менен иш алып баруу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Т.Туйбаев.)

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев.)

 

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы:

 

Н.А.Калматов.

 

Айылдык Кеңештин 2020-жылдын

 28-майында ɵткɵрүлгɵн VIII сессиясынын

№ 8 токтомуна № 1тиркеме

Кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ɵткɵрүү боюнча убактылуу түзүлгɵн комиссиянын

Курамы;

1.Туйбаев Таалайбек-айыл ɵкмɵтүнүн башчысы.

2.Зикиров Абдимомун-айыл ɵкмɵтүнүн жооптуу катчысы.

3.Мурзаев Асабидин-айылдык Кеңештин депутаты.

4.Абдуваитов Рамазан-айылдык Кеңештин депутаты.

5.Каимов Акыл- айылдык Кеңештин депутаты.

6. Кудайкулова Нурила-айыл ɵкмɵтүнүн кирешелер боюнча башкы адис.

7.Калбаев Балтабай-айыл ɵкмɵтүнүн жер маселелери боюнча жетектɵɵчү адиси.

8.Мусаева Бурул-айыл ɵкмɵтүнүн ижара эсепчиси.(айыл башчы)

9.Зикиряев Тɵлɵгɵн-аксакалдар сотунун тɵрагасы.

10.Райондук агрардык ɵнүктүрүү башкармалыгынын адиси.

11.Айыл башчылар.(маселеге тиешелүү айылдардын айыл башчылары.)