Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17 декабры № 5
Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин 2019-жылда жүргүзгѳн чарбалык иштеринин отчоту жана 2020-жылга карата бюджети жѳнүндѳ.
Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитети жайыт жерлерден пайдалануу,жайыттарды деградациядан сактап калуу, мал жандыктарын жайыттарга жайгаштыруу жана профилактикалык иштерди аткаруу менен 2019-жылда түзүлгѳн келишимдердин негизинде 425.0 миң сом жыйнашы керек болсо, аткарылганы 391.0 миң сомду түзгѳн. Мындайча айтканда бюджет 94.33% ке аткарылган. Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин 2019- жылда жүргүзгѳн ишмердүүлүгүн карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” мыйзамын жетекчиликке алуу Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин 2019-жылда жүргүзгѳн чарбалык иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин киреше бүлүмү 55000.0 сом, чыгаша бѳлүмү55000.0 сомго бекитилсин
3. 2020-жылда жайыт жерлерди ижарага берүүдѳн түшкѳн акчаларды пайдаланууда Ташбулак жолун ремонттоо үчүн сарпталышын карап чыгуу жагы Жаңы-Ноокат жыйыт комитетине тапшырылсын.(тиркеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Имамов
Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019 жылдагы аткарган иштери боюнча
Отчет.
Урматтуу депутаттар. Урматтуу жыйындын катышуучулары.
Жайыт комитети Түзулгөнүнө 10 жыл болду.Кыргыз Республикасынын 2009 – жылдын 19- июнундагы «Жайыттар жөнүндөгү » № 386 токтомунун негизинде биздин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ндөЖаңы-Ноокат Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 16 январь 2010 -жылы уюштурулган.2019 -жылга ЖК нин аткарган иштери боюнча төмөнкүдөй;2019 жылга бюджетибиз 450 590 сомго түзүлгөн.
Биз 2019- жылдын божомол бюджетин түзүүдө мал башына төлөм акы чыгарганбыз жана аны 2018 -жылдын 27 декабрында айылдык Кеңеш карап чыгып №3 токтому менен бекитип бергенсиздер.
Бож,план бир баш
| Малдын түрү | саны | баасы |
| Сумма |
|
|
1 | Бодо мал | 386 | 120 |
| 46 320 |
|
|
2 | Торпогу | 200 | 60 |
| 12000 |
|
|
3 | Кой | 3400 | 63 |
| 214 200 |
|
|
4 | Козу | 2850 | 17 |
| 48 450 |
|
|
5 | Эчки | 150 | 60 |
| 9000 |
|
|
6 | Улагы | 80 | 60 |
| 4 800 |
|
|
7 | Жылкы | 45 | 250 |
| 11 250 |
|
|
8 | Кулуну | 25 | 150 |
| 3 750 |
|
|
| Дарак эгүү Автогрейдер |
|
|
| 30 820 70 000 |
|
|
|
Бардык сумма |
|
|
| 450 590
|
|
|
Биз бюджетти түзүүдө Жайыт акысын айларга, бир жылдык мөөнөткө деп жайыты жайлашкан жарине карап түзгөнбүз,ар түрдүүчө жайыт акысын чыгарганбыз.
Киреше бүгүнкү күнгө төмөнкүдөйбөлүмдөрдү түздү.
Жайыт жерде мал-кой баккандар 291 708 сом.
Дарак эгүү берилген жерден 43 750 сом.
Автогрейдер 81 100 сом.
Жүн кыркуу боюнча 3 500 сом.
Жайыт жердин бузган экскаваторчудан 5 000 сом
Бардыгы болуп; 425 058 сомдук бюджет аткарылды же 94,33%
2019 жылнын 1 январга банкта калган калдык 33 979 сом. = 459 037 сом.
Сарпталганы.
1). Жер салыгы80650 сом.
2). Айыл өкмөткө 148 270 сом.
3 )Түшкөн киреше налогу 3% 10800 сом.
Эмгек акы 132 051 сом.
Соц фонд 17,25% 22 780 сом.
Транспорт чыгымы 16000 сом.
Мүчөлүк взносу 2000 сом.
Автогрейдер налогу 2235 сом.
Автогрейдер чыгымы 39 200 сом.
Башка чыгымдар 3 940 сом.
Бардык чыгаша. 457 926 сом.
Бюджет боюнча киреше 450 030 сомд ар айга райондук финансы бөлүмү болуп койгон. Биз ар айдатөгүшүбүз керек. Бул акча банк аркылуу Айыл өкмөттүн эсептик счетуна түшүп андан кийин кайра биздин счетко келип түшөт.
2019 жылгы планыбыз аткарылбай калганын. 31 декабргача аткарууга алабыз.
Ар жылы жайытка чыгуу Закону боюнча эскертүү беребиз. Жайыт билеттерин алгандарга жана жайыт акысын төлөгөндө гана жайытка уруксат берилет. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу учун тиешелүүжайыт жерге арыз жазып, акы төлөгөндөн кийин берилет. Биз айылдын шартына карап акы төлөө 1 -октябрынан кечиктирилбеши шарт деп белгилегенбиз , бирок айрым койчулар жана малчылар кээ бир шылтоолор менен 3-4 жолуга чейин чуркатып жүрүшөт.
Жайыт жерди туура иштеген жайыт пайдалануучуга беребиз.Жаңы-Ноокат айылында жайыт жер сурап келген адамдар көп. Жогорудо айтылган адамдарды жайыт акысын өз убактында төлөбөгөндөрдү Юлдошов М Эрдовлетов Ибрайда . Гажиров Р. сот аркылуу өндүрүүгө документ даярдап койдук. .
Жай мезгилинде мониторинг (текшерүү) иштери жүргүзүлдү. Чечме участкасында Ойулма бөлүмүндөгү Сугарт,Кушойнок, Адыр жайытына малдын жана жылкыны өзүнчө коюп жиберген адамдар коп. Эгер ар бир жайытпайдалануучу туура маалымат берип туура жайыт билет алып кетсе бизге дагы жеңил болчу. Биз ар жылы алар менен түшүндүрүү иштерин алып барабыз, натыйжа жок.
Жаңы-Ноокат жайыт комитети 2020 жылы жайытка чыгуу графиги
ГРАФИК.
Жазда 10 -апрель айынан баштап 9 -май айына чейин Адыр учаскасында мал багууга уруксат берилет.
10-май айынан 1-сентябрь айына чейин Ойулма. Чечме жана Мачетмиян бөлүмдөрүнө уруксат берилет.
01 сентябрь айынан 01 ноябрь айына чейин Адыр учаскасында мал багууга уруксат берилет.
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Аулгаз жана Адыр болумдорундогу кароочуларга сезон мезгилинде
2 баш кара мал торпогу менен. 1 баш жумушчу ат. 10 баш кой багууга уруксат берилет.
Акы 2020 жылга айылдык кенеш белгиленген төлөм боюнча төлөйт.
КР жайыттар жөнүндө мыйзамдардын бузгандыгы үчүн штрафтар.
1). Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2013 жылдын № 224 токтомунун «3» негизинде
Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар учун жоопкерчилик мыйзам чегинде колдонулат:
2)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7 -сентябрдагы № 668 токтомуна ылайык Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин кармагындагы бузулган ар бир метр квадрат жайыт жер кыртышына миң ималдык эмгек акыны кобойтуу жолу менен жазана салынат
Ноокат району боюнча 1м кв = 80 сомдон жазана (штраф) салынат
ЖК торагасы: Юсупов М