Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 23-7
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: Абдибает уулу М
2019-жылдын 30-декабрындагы кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын
№ 23-7-токтомуна тиркеме.
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну. | мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарууга жооптуулар. |
1.
2 | Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2019-жылдагы аткарылышы жана 2020 -жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету Айылдык кеңештин иш-планын бекитүү. |
I чейрек. 2020-жыл. | Ташполот уулу Б
Абдибает уулу М |
1.
| 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата мектептердеги, балдар бакчаларындагы балдарга көрүлгөн камкордуктардын абалы тууралуу | II чейрек.
| Матисаков А Молдобаев М |
1.
| Алты айлык бюджеттин аткарылышы, мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы 2021-жылга бюджетин долбоору жана 2022-2023 -жылдарга карата бюджеттин божомолунун долбоору боюнча коомдук угууну кароо. | III чейрек.
| Мадраимов А Кудайназаров Н Айтматов К. |
1. | Тогуз айлык бюджеттин аткарылышынын абалы. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы аткарылышы, 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023 -жылдарга карата бюджеттин божомолун бекитүү. ФЭБнүн башчысы Мадраимовдун доклады жана бюджет боюнча туруктуу комисиянын билдирүүсү. | IV чейрек. |
Мадраимов А Кудайназаров Н
|
1.
2.
3. 4.
5.
6 | Уюштуруу иштери боюнча: Даталуу күндөрдү белгилөө жана айыл айылдарга иш-чараларды түзүү. Шайлоочулар менен депутаттардын жолугушууларын жана отчетторду айылдар боюнча уюштуруу. Депутаттардын окууларын уюштуруу. Депутаттардын кабыл алуусун уюштуруу, графигин түзүү. Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте айылдардагы көйгөйлүү маселелерди иликтөө, чечүү жолдорун издөө. Арыз-даттануулар, келген каттар менен иштөө. |
убагында
убагында
Чейрек сайын
дайыма
дайыма | Айыл башчылар, аппарат кызматкерлери Айылдык кеңештин депутаттары.
Абдибает уулу М Жооптуу катчы.
Депутаттар
Депутаттар. |
Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Шадыбекова А.