Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 10-3
Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы К. Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык кошума алымчалары менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: К. Турдиев
Катчысы: Х. Сулайманов
Төлөйкөн айылдык кеңешинин
2019-жылдын 30-декабрындагы Х сессиясынын
№ 10-3 токтомуна тиркеме
Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн ИШ ПЛАНЫ
XI-сессия
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы жөнүндө маалымат.
Докладчы –статист-экономист февраль 2020-ж
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүбоюнча түзүлгөн «Айыл активдерин» бекитүү жөнүндө
Докладчы- жооптуу катчы февраль 2020-ж
3. Төлөйкөн айыл аймагындагы арык каналдарды тазалоо, эгин талааларын суу менен камсыз кылуу жана суу акыларынын өндүрүлүшү жөнүндө
Докладчы – Жаны-Арык СПАсынын жетекчиси февраль 2020-ж
4. Ар түрдүүмаселелер
XII-сессия
1. КР 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүжана өткөрүүжөнүндө маалымат.
Докладчы – жооптуукатчы май 2020-ж.
2. Айыл аймагындагы жарандардын малдарын каттоо жана жайытка даярдоо боюнча ветеринардык кызматкерлердин маалыматы
Докладчы- вет адис М. Джолчиев май 2020-ж.
3. Төлөйкөн айыл аймагында жаздык эгиндерди эгүүбоюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө.
Докладчы - айыл өкмөт башчынын орун басары май 2020-ж.
4. Төлөйкөн айыл өкмөтүбоюнча салык инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат
Докладчы салык инспектор– Ж. Омаров май 2020-ж.
5. Төлөйкөн айыл өкмөтүбоюнча участкалык инспекторунун жарандардан түшкөн арыз даттануулар жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.
Аймактык тескөөчүлөр. май 2020-ж.
6. Төлөйкөн айыл аймагын тейлеген Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармасы жана райондук архитектура башкармасынын адистеринин маалыматтары.
Башкармалыктын адистери. май 2020-ж.
7. 5 мандаттуу Төлөйкөн шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүүбоюнча отчеттору
Докладчы: Депутаттар. май 2020-ж.
8. 2 мандаттуу Озгур шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүүбоюнча отчеттору.
Докладчы: Депутаттар.
9. Ар түрдүүмаселелер.
XIII-сессия
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышын жарым жылдык отчету жана бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы:
Докладчы- айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Бердиева
июль – 2020-жыл.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында иштеп жаткан инвестициялар, аларды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча билдирүү жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерди 2019-2020-жылдарына даярдыгы жөнүндө билдирүү.
Докладчы- айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлери
Мектеп директорлор июль – 2020-жыл.
3. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарын жарандык паспорт менен камсыз кылуу жана аскер кызматына чакыруу боюнча ВУС инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.
Докладчы - ВУС инспектор А.Жороев. июль – 2020-жыл.
4. К.Р. Жогорку кенешинин депутаттарына шайлоолорго даярдык көрүүжөнүндө. Докладчы -жооптуу катчы. июль – 2020-жыл.
Айыл өкмөтүнүн соц обьекттерин жана калкын кышка даярдыгы жөнүндө.
Докладчы- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. июль – 2020-жыл.
5. 5 мандаттуу Учар шайлоо округунан шайланган депутаттардын депутаттык ишти жүргүзүүбоюнча отчеттору.
Докладчы- депутаттар июль – 2020-жыл.
6. 3 мандаттуу Жапалак шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүүбоюнча отчеттору.
Докладчы- депутаттар. июль – 2020-жыл.
7. Ар түрдүү маселелер.
XIV-сессия
1. Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө маалымат.
ноябрь –декабрь 2020-ж.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери боюнча отчеттору.
Айыл башчылар. ноябрь –декабрь 2020-ж.
3. 4 мандаттуу Кыргызстан шайлоо округунан шайланган депутаттардын депутаттык иштери боюнча жүргүзүп жаткан отчеттору.
Докладчы- айылдык кеңештин депутаттары ноябрь –декабрь 2019-ж.
4. 10 мандаттуу Дыйкан-Кыштак шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүү боюнча отчеттору.
Докладчы -Айылдык кеңештин депутаттары. ноябрь –декабрь 2019-ж.
5. Төлөйкөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрү.
Айылдык кеңешининин туруктуу комиссияларынын
төрагалары. ноябрь –декабрь 2020-ж.
6. Ар түрдүү маселелер
Жооптуу катчы: Х. Сулайманов