Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 10-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү Жобого ылайык муниципалдык менчикте же ижара укугун берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтнүн жер адиси А. Арзимбековдун жер комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы З. Мазаевге жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: К. Турдиев
Катчысы: Х. Сулайманов
Төлөйкөн айылдык кеңешинин 30-декабры
2019-жылдагы кезектеги 10 сессиясынын №4 токтомуна тиркеме
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жана турак-жай маселелери боюнча комиссиянын курамы
А. Арзимбеков-Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын төрагасы,
Х. Сулайманов- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
З. Мазаев- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы,
Ш. Исраил уулу- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча адиси,
Г. Бердиева- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы,
Ж. Омаров- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспектору,
Жээналиев Уларбек- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Сансызбаев Алтынбек- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Бозарбаев Отабек- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Капаров Кубатбек- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Халмаматов Алишер- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Ожорбаев Жамшит- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Рысбай уулу Талас- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Тургунбаев Бакыт- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Ражабалиев Чынтемир- Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты,
Торук өтүп жаткан айылдын бир коомдук уюмунун өкүлү,
Торук өтүп жаткан айылдын айыл башчысы,
Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү.
Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү.
Жооптуу катчы | Х. Сулайманов |