Загрузка документа…
КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты 36-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2019-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 22-главасынын; 117-беренесине негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нүн башчысы Тургунбай уулу Айтибектин 2019-жыл ичинде аткарган иштери 1-тиркемеге негиз «канааттандырарлык» деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: Н.Туманов.
Көк-Жар айылдык кеңешинин
36-1 токтомуна №1 тиркеме
Киреше бөлүгү боюнча
2019-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына карата Көк-Жар айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү Республикалык бюджеттен келген жана атайын каражаттарды кошкондо 27787,1 миң (жыйырма жети млн жети жүз сексен жети мин бир жүз) сомго аткарылды. Ал эми 2019-жылдын 12 айына карата бекитилген планыбыз 25983,1 миң (жыйырма беш млн тогуз жүз сексен үч миң бир жүз) сом болуп, 1804,0 миң (бир млн сегиз жүз төрт миң) сомго ашыкча аткарылды. Тактап айтканда 106,9 %га аткарылды.
2019-жылга карата жергиликтүү бюджет, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилип берилген айыл өкм өтүнүн стратегиялык жана социалдык экономикалык өнүгүү программасынын негизинде, жергиликтүү кеңештин сессиясында сунушталып, толугу менен айылдардын социалдык-экономикасын, инфраструктурасын жакшыртуу багытында бекитилген.
Чыгаша бөлүгө боюнча
Чыгаша бөлүгү боюнча 1-январдан 31-декабрга карата Көк-Жар айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөнкү таблица боюнча ар бир бөлүмдөргө жана статьяларга ажыратылды.
Статьялар боюнча
№ | Чыгашалар | Такталган план | Аткарылышы | Аткарылышы % |
2111 | Эмгек акы | 5660,8 | 5362,1 | 94,7 |
2121 | Соц.фонд | 860,6 | 801,9 | 93,2 |
2211 | Командир. | 190,9 | 175 | 91,7 |
2212 | Байланыш | 138,7 | 92,2 | 66,5 |
2214 | Транспорт | 160 | 105,3 | 65,8 |
2215 | Башка чыгымдар | 3983,2 | 3697,6 | 92,8 |
2218 | Тамак аш | 1050 | 933,4 | 88,9 |
2221 | Ремонт | 1482,5 | 1401,8 | 94,6 |
2222 | Чарба буюмдар | 819,9 | 769,2 | 93,8 |
2224 | Отун | 880,1 | 874,1 | 99,3 |
2231 | Таза сууга | 153,7 | 148 | 96,3 |
2231 | Электр энергиясына | 2255,2 | 2260,9 | 100,3 |
2721 | Льгота | 224 | 224 | 100,0 |
2824 | Резервдик фонд | 257,5 | 257,1 | 99,8 |
3111 | Курулмалар | 8198,5 | 8013,2 | 97,7 |
3112 | Эмеректер | 1603,9 | 1477,7 | 92,1 |
| Атайын каражат | 2143,6 | 2014,3 | 94,0 |
3111 | Атайын каражат | 2143,6 | 2014,3 | 94,0 |
| Бардыгы: | 30063,1 | 28607,8 | 95,2 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Н.Боронова.