Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы №30-4
А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондун жерлеринин пайдалануу мөөнөтү бүткөн жерлерин 2020-жылга карата ижарага берүүнүн уюштуруу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2020-жылдын 1-январына карата айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу жерлер бардыгы болуп 414 га. анын ичинен сугат жер -113 га., кайрак жер- 217 га,чөп чабынды -79 га., бак-5 га.-нын тузөт.
Жогорудагы жерлердин 2020-жылы, мыйзам негизинде ижарага берилген жерлер бардыгы болуп 347,98 га. ,анын ичинен сугат айдоодон 113,0 га., кайрак айдоодон 217,0 га. , көп жылдык бак дарактардан 5 га. , чөп чабынды жерлерден 12,98 га. аянты ижарага берилген.
2020-жылы АЧЖМФ-нун 66,02га. чөп чабынды жери каттуу кайрак жерлер зонасында жайгашкандыктан талап жок болуп, калып калган.
2020-жылы пайдаланбай калып калган жана 2020-жылга карата ижара мөөнөтү бүткөн жана ижарачылар тарабынан кайтарылган, бардыгы болуп 106,96га. АЧЖМФ-нун жерлерин, анын ичинен- 40,94га. сугат айдоо -5,45га. кайрак айдоо, 66,02га. чөп чабынды жерлердин кайрадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун талаптарынын негизинде ижарага берүүнү уюштуруу максатында аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында депутаттардын ылайык Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы№243 токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун талаптарынын негизинде аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берилсин.
АЧЖМФ-нын жерлеринин аукцион аркалуу ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
АЧЖМФ-нын жерлеринин ижарага берүү мөнөөтү беш жыл деп белгиленсин.
АЧЖМФ-нын жерлеринин ижарага берүүнүн 1га.үчүн баштапкы баасы №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
АЧЖМФ-нын жерлеринин аукцион аркалуу ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен ижара келишимдерин түзүү № 1 тиркеме боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы И.Исмоилов
«Бекитемин»
____________ И. Исмоилов
Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын
11- февраль 2020-ж. кезектеги XXX-4 сессиясынын токтомуна № 2 тиркеме
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 2020-жылга карата ижара акынын өлчөмүн аныктоо боюнча бардык жер салыгын жана суу акын кошкондогу 1га. аянтка карата белгиленген (комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде, мыйзамда каралган тартипте өзгөртүү киргизүүсү белгиленсин.) талаптары боюнча
расчету
Капчыгай айылы:
2020-жылга сугат айдоо жер -5200 сом
Буудайлык айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2020-жылга сунушталганы- 2200-4200 сом,
Чапаев айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2020-жылга сунушталганы- 7200 сом,
Киров айылы Үч-жыгач бөлүмүнө жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2020-жылга сунушталганы- 4700 сом,
7. Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан жерлер;
2020-жылга сунушталганы- 3700 сом.
Арал айылынын Кара-Кокту бөлүмүндө жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2020-жылга сунушталганы- 1700- 4200сом,
9.Кайрак жерлер
«Ит-өлдү» бөлүмү ;
2020-жылга сунушталганы- 350 сом,
«Кыр-кол» бөлүмү ;
2020-жылга сунушталганы- 500 сом,
10 . Бак дарактар;
2020-жылга сунушталганы-1400 сом,
Чөп чабынды:
2020-жылга-180 сом
11. Мирмахмудов үрөөнчүлүк чарбасы боюнча;
2020-жылга жер салыгы, социалдык төлөмдөр, суу акын кошулганда,бардык ижара акы;
1га. сугат айдоо жерге-2354 сом.
1га. кайрак айдоо жерге-207 сом.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы И.Исмоилов
«Бекитемин»
____________ И. Исмоилов
Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын
11- февраль 2020-ж. кезектеги XXX-4 сессиясынын токтомуна № 1 тиркеме
Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын
курамы
1. Кадиров Акбар - депутат, комиссиянын төрөгасы
2. Гафаров.Ш - айыл өкмөт башчысы, комиссиянын мүчөсү
3. Артиков.М- депутат, комиссиянын мүчөсү
4. Мирзажанов.М депутат ,комиссия мүчөсү
5. Сайтбаев.Ю жер адиси, комиссия мүчөсү
6. Эсенкулов.А- Арал айылыны айыл башчысы ,комиссия мүчөсү
7. Турсуналиев.Р- Барын айылынын айыл башчысы ,комиссия мүчөсү
8. Мирзакаримов. А- Киров айылынын -айыл башчысы , комиссия мүчөсү
9. Е.Исмоилов- Чапаев айылынын айыл башчысы, комиссия мүчөсү
11. З.Пакридинов -эсепчи, комиссия мүчөсү
12. Т.Исманов НРАӨБ-нин адиси, комиссия мүчөсү (макулдугу менен)
13. Ч.Инакова- жооптуу катчы, комиссиянын катчысы