Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 17/ 2
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2020-жылга түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (6-шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2020-жылга түзүлгөн иш пландары бекитилсин (Иш план тиркелет).
2. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш пландарында белгиленген иш чараларынын өз убагында айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жыйналыштарында каралышын жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Ой-Тал айылдык
Кеңешинин төрагасы : Ж.Абдикеримов
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин
кезектеги 17–сессиясынын (6- шайланган ) жыйналышынын
23.12.2020-жылдагы № 17/2-токтомуна тиркеме
Ой-Тал айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн
ИШ – ПЛАНЫ
к/№ | Жыйналыштарда каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнотү | Кимдер тарабынан аткарылат |
1.
2.
| Он жетинчи жыйналыш
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020--жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык иштердин абалы
|
февраль айы
|
Ж.Капаров ЖПБнын төрагасы
Ветеринардык инспектор М.Ысаков |
1.
2.
| Он сегизинчи жыйналыш
Айыл өкмөтүндө салык топтоонун жарым жыл ичинде аткарылышынын абалы жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Куланчы Орунбеков атындагы жана Нурмамат уулу Сабыркул атындагы Көңдук орто мектептерининин 2019-2020-окуу жылындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө |
Июль айы |
Э.Койчуев, а/өкмөтүнүн салыкчысы
Мектеп директорлору
|
1.
2.
|
Он тогузунчу ЖЫЙНАЛЫШ
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын кышка даярдык абалы
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин агрардык азык-түлүк,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу, жер жана жер рессурстары,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын отчету |
сентябрь |
Айыл башчылар
Туруктуу комиссия
|
1.
2.
| Жыйырманчы жыйналыш
Ой-Тал айылдык Кенешинин 2020-жылдардагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2021,2022,2023-жылдарга карата бюджети жөнүндө
Ой-Тал айылдык Кенешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2020-жылга карата перспективдуу иш-пландары жөнүндө. |
декабр айы
|
М.Акматов, ФЭБдин башчысы
Ш.Жунусов, а/өкмөтүнүн жооптуу катчысы
|
Ой-Тал айылдык Кенешинин катчысы:- Ш.Жунусов