Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 226
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелери тарабынан кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы Ош шаарында муниципалдык мекемелери тарабынан кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү № 425-08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 16-январындагы №1 чечимин, ошондой эле сессияда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелери тарабынан кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүдө ушул токтом менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын жетекчиликке алуусун жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалыматтык такталарына жайгаштырылуусун камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана социалдык жактан муктаж жарандарга жолдомо кат (ходатайство) берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | Ош шаарынын мэриясынын №1 “Туран”, №2 “Сулайман-Тоо”, №3 “Керме-Тоо”, №4 “Манас-Ата”, №5 “Амир-Темур”, №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыктары, “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы | |
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ош шаарынын аймагында катталган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар | |
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 3-декабрындагы №316 токтому менен бекитилген муниципалдык аймактык башкармалыктардын Жобосу; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы | |
5. | Көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жолдомо кат (ходатайство). | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары – ДМЧА), пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратта, жайларда; келүүчүлөрдү кабыл алуу күтүү үчүн орундар, ажаткана менен жабдылган, жылытылган жайда жүргүзүлөт; жарандардын жеңилдик берилген категориялары кезексиз тейленишет. | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | кезектеги күтүү убактысы – жандуу кезек; документтерди кароо убактысы (кызматтарды көрсөтүүдө же андан баш тартууда) – 30 мүнөттөн ашык эмес; жыйынтыкты берүү убагы – 30 мүнөт | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынан жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынан; Массалык маалымат каражаттары аркылуу; -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (oshcity.kg); -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын маалымат такталарынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Ош шаарынын мэриясы - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу | |
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты (oshcity.kg); Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгындагы маалымат такталары. | |
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын иш бөлмөлөрүндө аты-жөнү жана жоопкерчиликтүү чөйрөсү көрсөтүлгөн маалымат тактачалар бар. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалар (бейджиктер) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, акниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселени маңызына чейин терең талдоого умтулуу, баарлашуучуну уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктар менен адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. | |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. | |
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: -Арыз ээсинин өздүгүн ырастоочу документ; -Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү тууралуу аныктама (МСЭК - Медициналык-социалдык эксперттик комиссия); -Материалдык жардам алуу үчүн социалдык жөлөк пулдун же пенсиясынын өлчөмү тууралуу аныктама; -Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. | |
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт. | |
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк; - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлөт (келечекте) | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - 3-пунктундагы талаптарга туура келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе | |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - муниципалдык аймактык башкармалыктардын; - Ош шаарынын мэриясынын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу. | |
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. | |
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Медаль жана орден алууга сыйлоо баракчасын берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | Ош шаарынын мэриясынын №1 “Туран”, №2 “Сулайман-Тоо”, №3 “Керме-Тоо”, №4 “Манас-Ата”, №5 “Амир-Темур”, №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыктары, “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы | |
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ош шаарынын аймагында катталган, көп балалуу энелер | |
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамы. | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Сыйлоо барагы (№2 форма) | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: -белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; -жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары – ДМЧА), пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратта, жайларда; -келүүчүлөрдү кабыл алуу күтүү үчүн орундар, ажаткана менен жабдылган, жылытылган жайда жүргүзүлөт; -жарандардын жеңилдик берилген категориялары кезексиз тейленишет. | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | кезектеги күтүү убактысы – жандуу кезек; документтерди кароо убактысы (кызматтарды көрсөтүүдө же андан баш тартууда) – 30 мүнөттөн ашык эмес; жыйынтыкты берүү убагы – 30 мүнөт. | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынан жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынан; -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (oshcity.kg); -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын маалымат такталарынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Ош шаарынын мэриясы - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу | |
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты (oshcity.kg); - Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгындагы маалымат такталары | |
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын иш бөлмөлөрүндө аты-жөнү жана жоопкерчиликтүү чөйрөсү көрсөтүлгөн маалымат тактачалар бар. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалар (бейджиктер) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселени маңызына чейин терең талдоого умтулуу, баарлашуучуну уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктар менен адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - өздүгүн ырастоочу документ (ID карта түп нускасы); - балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (нотариалдык мекемеден күбөлөндүргөн жана салыштыруу үчүн түп нускасы); - ар бир балдарынын жашаган жеринен каттоосу боюнча аныктама (түп нускасы); - никедеги кыздары үчүн нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (жолдошунун фамилиясына өткөн болсо) | |
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт
| |
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк; - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлөт (келечекте) | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - 3-пункттагы талаптарга туура келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе | |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - муниципалдык аймактык башкармалыктардын; - Ош шаарынын мэриясынын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Турак жайды менчиктештирүү учурунда үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти | |
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Менчиктештирилген турак жайдын ээлери | |
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ош шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечими (турак жай маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын турак жай кодекси | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Аныктама | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары – ДМЧА), пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратта, жайларда; келүүчүлөрдү кабыл алуу күтүү үчүн орундар, ажаткана менен жабдылган, жылытылган жайда жүргүзүлөт; жарандардын жеңилдик берилген категориялары кезексиз тейленишет | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт – үч жумушчу күндүн ичинде | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: -Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти; -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (oshcity.kg); -Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин маалымат такталарынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Ош шаарынын мэриясы - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу | |
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты (oshcity.kg); -Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин маалымат такталары | |
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин иш бөлмөлөрүндө аты-жөнү жана жоопкерчиликтүү чөйрөсү көрсөтүлгөн маалымат тактачалар бар. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалар (бейджиктер) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселени маңызына чейин терең талдоого умтулуу, баарлашуучуну уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктар менен адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - менчик ээсинин өздүгүн ырастоочу документ (ID карта түп нускасы); - турак жайды менчиктештирүү жөнүндө токтомдун же менчикке өткөрүп берүү келишиминин көчүрмөсү; - турак жайдын техникалык паспорту; - мамлекеттик каттоо кызматынан турак жайды каттоо күбөлүгү (юридикалык документ) | |
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк; - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлөт (келечекте) | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - 3-пункттагы талаптарга туура келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе | |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин; - Ош шаарынын мэриясынын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Китепкананын фондундагы сакталып турган китептерди жумуш эмес убагында убактылуу колдонууга берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы | |
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана физикалык жактар | |
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пункту, 19-беренесинин 1-бөлүгү; Кыргыз Республикасынын «Маданият жөнүндө» мыйзамынын 27-беренеси; Кыргыз Республикасынын «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамынын 4, 15, 22-беренелери | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Тапшырыкталган материалдарды алуу | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары – ДМЧА), пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратта, жайларда; келүүчүлөрдү кабыл алуу күтүү үчүн орундар, ажаткана менен жабдылган, жылытылган жайда жүргүзүлөт; жарандардын жеңилдик берилген категориялары кезексиз тейленишет | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүдө жалпы убакыт – жандуу кезек тартибинде 30 мүнөттөн ашпайт, анын ичинде: тапшырыкталган документти берүү убагы - 5 мүнөттөн ашпайт; тапшырыкталган документти издөө: 25 мүнөттөн ашык эмес | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: -Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы; -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (oshcity.kg); -Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын маалымат такталарынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Ош шаарынын мэриясы - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу | |
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты (oshcity.kg); -Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын маалымат такталары | |
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын иш бөлмөлөрүндө аты-жөнү жана жоопкерчиликтүү чөйрөсү көрсөтүлгөн маалымат тактачалар бар. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалар (бейджиктер) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселени маңызына чейин терең талдоого умтулуу, баарлашуучуну уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктар менен адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - өздүгүн ырастоочу документ (ID карта) | |
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк; - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлөт (келечекте) | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - 3-пункттагы талаптарга туура келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе; китепкана фондунда тапшырыкталган материал жок болсо | |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын; - Ош шаарынын мэриясынын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Искусство чөйрөсүндө (ийримдер) мектепке чейинки кошумча билим берүү | |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору | |
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ош шаарынын аймагында катталган, 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар | |
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы | |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Гүл өстүрүү, сүрөт, лепка, комуз, гитара, куурчак театры, драм ийрими, авиамодельдер ийрими, кол өнөрчүлүк, бий ийримдери, англис тили, орус тили, информатика, мектепке чейинки даярдоо, каратэ, шахмат сыяктуу ийримдерине катышып, билим комплекстерин алат | |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары – ДМЧА), пандустар, жайларда; келүүчүлөрдү кабыл алуу күтүү үчүн орундар, ажаткана менен жабдылган, жылытылган жайда жүргүзүлөт; жарандардын жеңилдик берилген категориялары кезексиз тейленишет | |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кабыл алуу процесси борбордук жетекчиси тарабынан дайындалат. Ийримдердин узактыгы өзүнчө программа менен аныкталат | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: -“Келечек” балдардын чыгармачылык борбору; -Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (oshcity.kg); -“Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун маалымат такталарынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Ош шаарынын мэриясы - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу | |
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты (oshcity.kg); “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун маалымат такталары | |
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун иш бөлмөлөрүндө аты-жөнү жана жоопкерчиликтүү чөйрөсү көрсөтүлгөн маалымат тактачалар бар. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалар (бейджиктер) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселени маңызына чейин терең талдоого умтулуу, баарлашуучуну уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктар менен адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: Борборго балдарды кабыл алууда керектөөчүлөрдү ийримдердин программасы жана башка окуу процессин жөнгө салуучу тийиштүү документтер менен таныштырууга милдеттүү. Керектөөчү төмөндөгүдөй учурда төмөнкү документтерди берет: - баланы ийримге кабыл алуу үчүн ата-энесинин арызы (баланын мыйзамдуу өкүлү); - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана атасынын же/ энесинин өздүгүн ырастоочу документи (баланын мыйзамдуу өкүлүнүн); - баланын ден соолугунун абалы жөнүндө аныктама; - атайын анкета толтурулат (борбор тарабынан берилет) | |
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт
| |
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк; - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлөт (келечекте) | |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - 3-пункттагы талаптарга туура келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе | |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун; - Ош шаарынын мэриясынын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиев