Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 8/4
Жаңы-Арык айыл аймагында түзүлгөн «Береке» тобунун жобосун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө түзүлгөн «Береке» тобунун жобосун карап Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө түзүлгөн «Береке» тобунун жобосу бекитилди.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айылдык кеңешинин Социалдык,маданий агартуу,спорт жана жаштар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Осумбеков |
« БЕРЕКЕ » тобунун жобосу (Устав)
1.ТОПТУН ДАРЕГИ:__________Жаны-Арык айыл өкмөтү, Жаны-Арык айылы
2.ТОПТУН АТАЛЫШЫ____________ «БЕРЕКЕ» тобу.
3.ТОПТУН МАКСАТЫ:биргелешип иштөө аркылуу топтун мүчөлүрүнүн жашоо шартын жакшыртуу.
-Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташууну өнүктүрүү
- Топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу
- Топко зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүү
4. ТОПТУН МүЧӨЛӨРүНүН УКУГУ
· Топтун ар мүчөсү өз оюн эркин айтууга, сунушун киргизүүгөукукутуу;
· Топтун жетекчилигине, казыначылыгына, катчысына шайланууга жана шайлоого укуктуу;
· Топтун ортолук фондтун акчасын пайдаланууга укуктуу;
· Топтун өнүгүү багытын аныктоого укуктуу;
Ортолук фонддогу акчанын туура пайдаоланышын көзөмөлдөө үчүн ревизиялык комиссияны шайлоого жана комиссияга мүчө болуп шайланууга укуктуу.
5. ТОПТУН МүЧӨЛӨРүНүН МИЛДЕТТЕРИ:
· Топтун жобосунда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоого;
· Ай айын өткөрүлүүчү топтун чогулуштарына катышууга;
· Долбоордун алкагында өткөрүлгөн окутууларга катышууга;
· Топтун экономикалык ишмердүүлүгүнө ак ниеттүү катышууга;
· Топтун ортолук фондун пайдаланууга алган акчаларын иштеткенден кийин өз убагында кайтарууга ;
· Топтук ортолук фондун көбөйтүүнүн жолдорун издөөгө;
· Топтун социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө;
· Сырттан алып келинген жардамды максаттуу пайдаланууга жана 30% пайызын өз убагында кайтарууга милдеттүү.
6. ТОПТУН ЧОГУЛУШТАРЫН ӨТКӨРүү ТАРТИБИ:
· Топтун чогулуштарын ар айдын 30-числосунда өткөрүү;
· Чогулуштарды топтун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө кезек менен өткөрүү;
· Чогулушту топтун жетекчиси алдын ала даярдалган күн тартиби боюнча
· өткөрөт;
· Чогулуштун токтому жазылат;
· Топтун ар бир мүчөсү токтомго кол коет.
7.ОРТОЛУК (САКТЫК) ФОНДДУ ТОПТОО ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:
· Ортолук фондуна ар ай сайын ар бир мүчөсүнөн 50 сомдон топтолот
· Акча ар бир айдын 2-числосунда топтун казыначысына берилет.
· Казыначы топтун Ортолук фондунун отчетун ар айдын 30-числосунда тапшырат.
· ар бир кечиктирилген күнгө алынган суммадан 0,054% пеня кошулат.
8. ТОПТУН БАШКАРУУ ОРГАНЫ
· Топтун жетекчисинин милдеттери:
· Ар ай сайын кезектүү чогулуштарды, керектүү учурда кезексиз чогулуштарды өткөрүү;
· Топтун чогулуштарынын күн тартибин даярдоо;
· Ортолук фонддун топтолушун көзөмөлдөө;
· Топтун ишмердүүлүгүн жана коюлган максаттарга жетүүсүн көзөмөлдөө;
· Топтун Жобосунун аткарылышын камсыздоо;
· Топтун ар бир мүчөсүнүн талкууларга, чечим кабыл алууга жана чогуу иштөөгө катышуусуна шарт түзүү;
· Топко жаны ойлорду сунуштоо жана топтун башка мүчөлөрүн да жаны ойлорду сунуштоого үндөө;
· Жалпы топтун жана жеке мүчөлөрдүн жумушу тууралуу отчет берүү;
· Коомдук иш чараларда, шериктештердин жана донорлордун алдында топтун артынан жоооптуу болуу;
Топтун казыначысынын милдеттери:
Топтун акча каражаттарынын эсебин жүргүзүү - ортолук фонддун, мүчөлүк акынын, ички насыялардын, кайтарымдуу каражаттарынын
Топтун мүчөлөрүнө жалпы каражаттар тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз берип туру;
Топтун ар бир чогулушунда бардык чыгашалар жөнүндөжана учурдагы баланс тууралуу маалымат берип туруу;
Ички насыялардын эсебин жүргүзүү - канча насыя берилди, кимге берилди, канча мөөнөткө берилди.
Топтун катчысынын милдеттери:
Топтун чогулуштарынын топтомдорун жазуу;
Токтомдорду тиркелөө;
Топтун иш кагаздарын жүргүзүү
9. АЙЫПТАР
Топтун чогулушуна катышпагандыгы үчүн 10сом айып пул төлөө, чогулушка кечиксе ар бир мүнөтүнө 5 сом төлөө.
10. ТОПКО МүЧӨ БОЛУУ ЖАНА МүЧӨЛүКТӨН ЧЫГУУ:
Жаны мүчө топтун чогулушунда өз арызынын негизинде кабыл алынат;
Топко кирип жаткан мүчө 50 сом мүчөлүк акы төлөйт.
Топтун мүчөлүгүнөн чыгуу мүчөнүн өз арызынын негизинде жалпы чогулушта чыгарылат;
Топтун мүчөлөрүнүн жалпы саны 10 адамдан аз болбош керек.
11. ТОПТУ ЖОЮУ.
Топтун жалпы чогулуштун чечими менен жоюлат;
Кызматташтардын, донорлордун, спонсорлордун талаптарын аткаргандан кийин гана топту жоюуга болот;
Ортолук фонд кошкон салымдарына жараша дивиденд менен бөлүнүп берилет.
ЖОБО «БЕРЕКЕ» тобунун МүЧӨЛӨРү
ТАРАБЫНАН ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ.
АТЫ-ЖӨНү КОЛУ
1.Мойдун кызы Мээрим
2.Айсабекова Замира
3.Худайбердиева Батма
4.Абжалова Самара
5.Сагынбаева Дамира
6.Жабирова Мехринсо
7.Эргешова Мамура
8.Джумахмедова Хосион
9.Мамашова Матлюба
10.Сопубекова Рахима
11.Жумабай кызы Рита
12.Маматова Гулбахор