Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 17/3
Айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга бюджети тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жайыт салыгы ичинде 331 810 сомго бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
3. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, 2020-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештинагрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы : Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
13.02.2020-жылдагы кезектеги ХVII сессиясынын
№ 17/3 токтомуна тиркеме
СМЕТАСЫ
№ | Малдын түрү | Малдын саны | ШМБ | Жайыт пайдалануу үчүн 1 башына чегерилген төлөм (сом) | Жайыт пайдалануу үчүн төлөөнүчү суммасы |
| ||||||
Киреше | Анын ичинен квартал | |||||||||||
1 | Ийри мүйүздүү мал | 2356 | 2356 | 50.00 | 117800 | I | II | III | IV | |||
2 | Жылкы | 2210 | 2210 | 50.00 | 110500 |
|
|
|
| |||
3 | Кой- эчки | 10351 | 5175 | 10.00 | 103510 |
|
|
|
| |||
| Бардыгы |
| 9741 |
| 331810 | 34601 | 171086 | 119623 | 6500 | |||
Чыгаша |
|
|
| |||||||||
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Статья | Бардыгы | Анын ичинен квартал | ||||||||
I | II | III | IV | |||||||||
1 | Инфраструктураны оңдоо |
| 30000 | 0 | 15000 | 15000 | 0 | |||||
2 | Эмгек акы |
| 81000 | 13500 | 40500 | 27000 | 0 | |||||
3 | Соц. Фонд |
| 13972 | 2329 | 6986 | 4657 | 0 | |||||
4 | Сапар чыгым |
| 6000 | 1500 | 2000 | 2000 | 500 | |||||
5 | Транспорт чыгым |
| 18000 | 3000 | 7000 | 5000 | 3000 | |||||
6 | Инвентарь |
| 4000 | 0 | 2000 | 2000 |
| |||||
7 | Жайыт мониторинги |
| 3000 | 0 | 3000 | 0 | 0 | |||||
8 | Канц товар |
| 4000 | 1500 | 1000 | 1500 |
| |||||
9 | Мүчөлүк акы |
| 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
10 | Ар түрдүү чыгым |
| 16772 | 2772 | 5000 | 6000 | 3000 | |||||
11 | Жайыт салыгы |
| 66694 | 10000 | 38600 | 18094 | 0 | |||||
12 | Доходдун 1/3 бөлүгүн айыл өкмөткө чегерүү |
| 88372 | 0 | 50000 | 38372 | 0 | |||||
| Бардыгы: |
| 331810 | 34601 | 171080 | 119623 | 6500 | |||||
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: С. Осмоналиев