Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-октябры № 16-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген маалымат жактырылсын(тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы эгин талаасына жайылган жылкыларды жана башка мал жандыктарын камоону колго алуу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн бузуулар боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Жолго чыгып кеткен курулуштарды, тосмолорду алуу,ички жана чарбалар аралык арыктардын, каналдардын боюндагы дарактарды тазалоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй- бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы К. Назарбаев
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2019-жылдын 26-октябрындагы № 16-1
токтомуна тиркеме
Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары !
2019-жыл Республикабызда “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп, көптөгөн иштер аткарылып жатат.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон иш-пландарыбызды толугу менен аткардык.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2019-жылдын 9 айында бекитилгени 16123, 3 миё сом болуп, 9 айында аткарылганы 16553,3 миё сомду түзүп 430,0 миё сомго ашыкча аткарылып, 102,6 % түздү. Анын ичинен 2019-жылдын 9 айында салык жыйноо 4 961 900 сом болуп, 2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 550 100 сомго көп жыйналды, же болбосо 112,5 % га аткарылды.
Салык жыйноо боюнча мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүш темпи айыл аймагына келген жаёы ачылган ишканалардын жана долбоорлордун эсебинен болууда. Атап айтканда “Шаркыратма” кичи ГЭС инен 2019-жылга айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы (несельхоз) 107 000 сом, “Ала Тоо булагы” долбоорунан киреше салыгы 284251 сом, Ак-Булак айылында жаёы кондитердик цех ачылып 4 жумушчу орун пайда болуп, ыктыярдуу патент салыгы 5 ай ичинде 20 000 сом бюджетке кошумча түштү. Кара-Кой айылына келген эс алуучу туристтерден бюджетке 2019-жылдын 8 айында 30 000 сом киреше түштү. Келечекте мындан да көп киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Атап айтканда Кара-Кой айылына “Лыжная база” ачуу. Бул иш аракетке долбоор да даяр, бирок ушул кезге чейин Улуттук Парктын жетекчилиги тарабынан жер маселеси боюнча тоскоолдуктар болуп, долбоор ишке ашпай келүүдө. Салыктын 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу таблица түрүндө сиздерге берилди.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 9 айында социалдык тармактагы аткарылган иштери
Билим берүү тармагында 2018-2019-окуу жылында 2936 окуучуга 302 мугалим билим-тарбия беришти. Мектепке тартылбай калган балдар жок. Бул окуу жылында 24 аялуу топтогу (инклюзив) балдар билим алышты. 2018-2019-окуу жылында билим берүү тармагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Атап айтканда К.Каримов атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими Сыдыкова Астра “Жыл мугалими-2019” кароо-сынагында аймактык, райондук турларда 1-орунду багындырып, областта Гран-прини жеёип алып, “Жылдын мыкты мугалими” наамына татыды.
С.Токторов атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Анарбеков Алперен райондук предметтик олимпиадада 1-орунду камсыз кылды. Менталдык арифметика боюнча Ташкент шаарында өткөрүлгөн олимпиадада 3-класстын окуучусу Икрамов Нурболсун “Супер чемпион” наамына татыктуу болуп, диплом, кубок менен сыйланды.
А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Нарматов Эрланбек “XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу конкурста райондо 1-орунду алып, областтык турга “Таймерлүү зарядник” долбоору менен катышып, 2-орунду камсыз кылды. Предметтик сабактар боюнча окуучулардын областтык олимпиадасына 4 окуучу катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. 11-класстын бүтүрүүчүсү Момунова Айзирек ЖРТде 214 балл алууга жетишип, КР нын Президенти С.Жээнбековдун колунан сертификат алды.
Т.Темиралиев атындагы орто мектебинде 2019-жылдын март айында китепканачы Маматкулова Кимсан эжеке облустук деёгээлде мыкты семинар өткөрүүгө жетишти.
Тажибай атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдык боюнча сабагынын мугалими Осмонов Абдыбасы жетектеген айыл аймагындагы мектептердин окуучулары спорттун аскердик түрү боюнча Республикалык спартакиадада 1-орунду камсыз кылышты.
Курак-Тектир орто мектебинде ушул убакка чейин “Жыл мугалими” ж.б. кароо-сынактарга катышуу болгон эмес. Бул жылы башталгыч класс мугалими Карбекова Гүлназ “Жыл мугалими” кароо-сынагынын аймактык туруна катышып, “Мыкты сабак” номинациясына ээ болду.
Борко лицейинде 2019-жылдын февраль айында райондук лицей-гимназиялардын директорлорунун жана информатика сабагы боюнча мугалимдеринин “Билим булагы” программасы боюнча жогорку деёгээлдеги семинары өткөрүлдү.
Чоё-Кыштоо башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Рахманова Бүзияда башталгыч класстарынын окуучулар арасында өткөрүлгөн райондук олимпиадада кыргыз тили сабагы боюнча 1-орунду ээледи (мугалими Сейдалиева Гүлзат).
Мындан сырткары Алиппе майрамы, Акыркы коёгуроо сыяктуу иш-чаралар мыйзам чегинде өткөрүлдү. Ар бир мектепте материалдык-техникалык базаны чыёдоо багытында алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.
Айыл аймагынын 7 балдар бакчасында 506 бала тарбияланып жатат. Жайлоо балдар бакчасы жай айларында иштеп, 20 дан ашуун балдар тарбияланды. Айыл аймагындагы балдар бакчаларында ар кандай даталуу күндөр мыкты деёгээлде өтүп турду. Балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыёдоого айыл өкмөтүнөн, демөөрчүлөрдөн, ата-энелерден 900 000 сомдук көмөк көрсөтүлдү.
Саламаттыкты сактоо тармагында айылдык оорукана, төрөт үйү, № 10, 23, 26- /ДТ лар, Кара-Кой жана Борко ФАП тарынын медициналык кызматкерлери талыкпай эмгектенип келүүдө. Айыл өкмөтү тарабынан № 10, 23, 26- /ДТ лар жаёы “Тез жардам” автомобилдери менен камсыз кылынды.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият, спорт жана туризм тармагында аткарылган иштери боюнча:
2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата спорт тармагында 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында айыл аймагынын борбордук стадионунда “Дени сак улут-өнүккөн өлкө” аттуу спорттун футбол, волейбол, шахмат жана ордо түрүнөн чон мелдеш болуп өттү. Бул иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты, айыл жаштарынын ден-соолугун чындоо, ынтымагын, биримдигин жана достугун күчөтүү болуп саналат. Мелдеш өтө жогорку денгээлде жана өтө кызыктуу өттү. Мелдешке аймагыбыздагы жалпы айылдардын жаш спортчулары катышып, жеёүүчүлөр айыл өкмөтү тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Маданият тармагында “Бүткүл дүйнөлүк китеп” күнүнө карата ушул жылдын 25-апрель күнү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө маданият үйүндө “Тилсиз устат” аттуу китеп жарманкеси болуп өттү.
Рамазан айынын урматына жалпы айыл аймактын жашоочуларына кыргыз элинин атактуу дин аалымдарынын катышуусунда аймактын жалпы ата-энелер жана уул-кыздары менен биргеликте өтө таасирдүү баян болду. Өткөрүлгөн иш-чарага жалпы 600 дөн ашуун эл катышты. Коомдо болуп жаткан ысырапкорчулукту жана ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында “Ажы-2019” ажылык сапарына бара турган жарандар менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, ажы сапарына бара турган 54 жаранга Ош эл аралык аэропортуна алып барууга 2 даана спринтер айыл өкмөтү тарабынан 2 жылдан бери уюштурулуп жатат.
2019-жыл Ноокат районунда “Мамлекеттик Тил жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу биздин айыл аймагыбызда “Тил мыйзамынын 30 жылдыгына” карата чон иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облустук жана Ноокат райондук борбордук китепкана кызматкерлери жана Америка бурчу тарабынан уюшулган “Китеп жана илимий техникалык кербен” аттуу атайын түзүлгөн топ катышты. Ошондой эле айыл аймагында “Ыр кесе”, “Сармерден” кароо-сынактары, “Комуз күнү” маданий иш-чарасы жогорку деёгээлде өткөрүлдү. Аймагыбыздагы жалпы билим берүү мекемелеринде иш планыбыздын негизинде “ Кылмыштуулукту алдын алуу жана диний экстремизм, терроризмге, үй-бүлөлүк зордук зомбулукка, эрте никеге турууга, суицидке, жугуштуу оорууларды алдын алуу жана коррупцияга каршы ” жана укук бузууларды алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлүп, райондон келген атайын адистер аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу максатында мисалы: (рекетчилик, алкоголизм, бангизат, уурулук жана башка майда хулиганчылыкты) алдын алуу жана болтурбоо максатында жогорку денгээлде жыйындар ар бир мектептерде өткөрүлдү. Ошондой эле келечек муундарга туура кесип тандоо максатында Ош шаарындагы 5 чоё окуу жайдын мугалимдерин чакырып, айыл аймагындагы жалпы бүтүрүүчүлөр ата-энелери менен биргеликте чакырылып жыйындар ар жылы өткөрүлүп турат.
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме ишканаларын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча маалымат
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 4-июлунда № 2 11-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 719,2 миң квт жана 163т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 138 тонна, БР 25 тонна тендерге жарыя берилип И.П. Калыев Ибрагим 712 912 сомго утуп бүгүнкү күндө ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. Мисалы: А.Парпиев атындагы мектеп гимназиясына 26 тонна, Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 т, Борко лицейи 15 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасы 15 т, Курак-Тектир орто мектебине 15 т, С.Токторов атындагы орто мектебине 15т, Мэраж-Нуру балдар бакчасына 10 т, К.Коконбаева балдар бакчасына 12 т, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасына 15 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 10т, Бөпөмай балдар бакчасына 10 т, Акылай-Куту балдар бакчасына 10 т. Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр 430,000 сомго эсептелип сатып алуу порталына жарыяланды. Жеке ишкер И.Калыев 388 700 сомго утуп,запастык бөлүктөр алынып соцобьектилерге орнотулду. Айылдарда калкты көмүр менен камсыз кылууда 2825 тонна керектелет. Бүгүнкү күнгө 30% көмүр алышты Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата , Борко айылдарында жеке ишкерлер менчик КамАЗ дары менен элге көмүрдү үйлөрүнө керегине жараша жеткирет. Көмүрдүн баасы бүгүнкү күндө 6 сом. Айыл өкмөттүн 2019-жылдын 2-октябрындагы № 281-буйругу иштелип электр линияларына тийген бак- дарактарды кыркып тазалоо иштери айыл башчыларга жана мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилди. Кышка даярдык боюнча айыл өкмөттө штабдын 6 жолу отуруму өткөрүлүп протоколдор түзүлдү.
Аксакалдар сотунун аткарган иштери тууралуу
Бардыгы 28 иш каралды:
/й-бүлөлүк жаёжалдар 6, анын ичинен 3 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу маселелери-5, жер маселеси боюнча 11 арыз өз убагында чечилди. Жолдорду кеёейтүү маселелери-4, акча маселелери боюнча – 3, салык маселелери боюнча-1. Бардык кароого келген маселелер 28 арыз-даттануу каралды.
Кылмыштуулук
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды жана башка иш кагаздарын аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыёдоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.
2019-жылдын 8 айында айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан:
- уурулук – 2 факт;
- үй-бүлөлүк жаёжалдар – 13 факт;
- майда бейбаштык – 3 факт;
- документтерди жасалмалоо – 1 факт;
- мыйзамсыз дарактарды кыюу- 1 факт ачылды.
Ал эми коомдук жайда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 34 атуулга бузуулар боюнча протокол түзүлгөн.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн 530 кожолук текшерилген, ЖӨИ инспектору тарабынан мектептерде 684 ирет лекция-семинарлар өткөрүлгөн.
Айыл аймагында жайгашкан эгин талааларында жүргөн мал жандыктары, айрыкча жылкылар тууралуу айтып өтсөм, 2019-жылдан тартып бузуулар боюнча мыйзам иштей баштады, эгин талааларындагы жерлерди жана эгиндерин тепсеген жарандар арыз менен кайрылса жаёы мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартабыз, мал ээсине айып пул салынат.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Кызыр-Ата» СПАсынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча
«Кызыр-Ата» СПАсынын карамагында 1546 га сугарылуучу жер аянты бар. 17,5 км узундуктагы ички каналдар карайт. СПАнын жылдык бюджети 1 236 000 сомду түзөт. Сугат сууну пайдалангандыгы үчүн дыйкан, фермерлер 1га аянтка 800 сом төлөшөт.
Жайкы сугат суу сезону мезгилине чейин техниканын жардамы менен баары 3300 метр канал-арыктар чабылып тазаланды. Ошонумененбирге эле каналдарга 40 даанасуубөлүштүрүүчү курулма (щить с затвором) орнотулду. Кыргыз-Ата-Кара-Кой жолундагы «Сөгөт» каналынан 18 лоток айылөкмөтүнүнэсебиненалмаштырылды.
Бүткүл дүйнөлүк банктанКыргызРеспубликасынынӨкмөтүнүн «Тамак-ашжанаайылчарбаөндүрүшүн жакшыртуу» долбооруаркылууМТЗ-82,1 маркасындагы «Беларусь» тракторунунбазасындаэксковатор-бульдозер июль айында 2 500 000 сомго 50%-50% менен, 1250 000 сому 7 жылдыкмөөнөттөлөнүп берүү шартымененалыныпкелинипазыркы күндөэлгекызматкылууда.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС тарабынан тартылган гранттар боюнча:
Пресс подборщик 1 даана- 820 000 сом
Стригальный пункт 1 комплект - 243325 сом
Сеялька 1 даана- 445000 сом
Экскватор-бульдозер 1 даана - 2296000 сом
Автосамосвал 1 даана - 1775000 сом
Боз үй 4 даана - 356000 сом
Купка курууга 829420 сом
Яма Беккера 636975 сом
Оргтехника 205588 сом
Бардыгы 7 401 720 сом а.и. айыл өкмөтүнүн салымы 1 887 205 сом.
АРИС тин ПСИ-3 долбоорунун жайытка деген акча каражатынан калган 250 000 сомго айыл аймагындагы Жаз-Токой участкасына жаёы көпүрө салынды.
Ала-Тоо булагы долбоорунун негизинде Кыргыз-Ата айыл аймагына таза суу түтүктөрү 65320 метр орнотулуш керек болсо иш жүзүндө 68682 метр суу түтүктөр орнотулуп, пландан ашыкча 3362 метр орнотулду. Жалпы баасы 234 568 000 сомдук иш аткарылды.
2-компонент боюнча 5 мектепке 6 000 000 сомго мектеп ичине умывальниктер жана заманбап ажатканалар бүткөрүлүп, мектеп сыртына септиктер курулду.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 5 мектеп жана 7 балдар бакчаларына таза суу туташтырылды.
3-компонент боюнча Кыргыз-Ата булагы муниципалдык ишканасы 2890 кожолукка суу түтүктөрүн киргизип беришти. Анын суу эсептегичтеринин 70 % АРИС долбоор менен алып берип, калган 30 % айыл өкмөт бюджетинен берилди.
АРИС тин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун 2- компонентинин алкагында үй чарбалардын санитардык шарттарын жакшыртуу үчүн Кыргыз-Ата айыл өкмөтү пилоттук болуп кирди. Натыйжада 2019-жылдын акырына чейин 150 даана жакшыртылган тышкы-ички ажааткана тундургучу менен курулса, 100 доллардан 300 доллларга чейин берилет. 2020-жылга 500 даана жакшыртылган ажаткананы куруу пландаштырылууда.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов