Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-октябры № 16-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлери тууралуу маалыматы жана КБФ жерлерин аукцион менен ижарага берүүжөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлери тууралуу маалымат жана КБФ жерлерин аукцион менен ижарага берүү жөнүндөгү маселени угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкару ужөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, Кыргыз Республикасынын « Жер кодексинин» 11-беренесинин 2-пунктунун, 13-беренесинин 6-пункттарына ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлерин ижарага берүү тууралуу аткарган иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын(тиркелет).
2. КБФ жерлерин ижарага берүүмөөнөтүаяктагандыгына байланыштуу кайрадан аукцион менен ижарага берүүКыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер адисине жана жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы К. Назарбаев
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2019-жылдын 26-октябрындагы № 16-4
токтомуна тиркеме № 1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлери:
Суулуу айдоо- 109,5 га
Кайрак айдоо- 340 га
Бак - 11 га
Бардыгы: 460,5 га
Суулуу айдоодогу 109,5 га Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлерин конкурстук,аукциондук негизде ижарага берүүбоюнча комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 1 протоколунун чечиминин негизинде 2015-2019-жылдарга аукциондук негизде 5 жылдык мөөнөткө келишимдик шартта ижарага берилген.
Айылдар боюнча :
№ | Айылдардын аталышы | Берилген аянт га | Ижарачылардын саны | Ижара акы (сом) |
1 | Кыргыз-Ата | 24,2 | 20 | 166 064 |
2 | Ак-Булак | 40,0 | 32 | 226 709 |
3 | Көтөрмө | 24,25 | 18 | 207 989 |
4 | Борко | 21.05 | 15 | 131 590 |
5 | Айыл өкмөт б-ча | 109,5 | 85 | 732 352 |
|
|
|
|
|
Кайрак айдоодогу 340 га айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлери айылдан 70-80 км алыс болгондуктан экономикалык жактан пайда алып келүүсүкүмөн жараткандыктан ижарачылар 5 жылга чейин ижарага алуудан баш тартып келишүүдө.Ошол себептен 1 жылдык мөөнөткө гана өздөрүнө ыңгайлуу болгон участоктордон ижарага алып пайдаланышып келишүүдө.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов