Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он алтынчы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры № 16-8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Надирова Алтынайдын жеке менчик үйүнө балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10-июнундагы № 1 протоколун туруктуу комиссиядакарап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргы-Ата айылындагы Надирова Алтынайдын жеке менчик үйүнө балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10- июнундагы № 1 протоколу бекитилсин жана балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчасын ачууга имараттын ээси менен келишим түзүү, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы К.Назарбаев
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2019-жылдын 26-октябрындагы № 16-8
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын чогулушунун протоколу
10-июнь 2019-жыл № 1 Кыргыз-Ата айылы
Чогулушка Кызыр - Ата айылынын 78 тургуну жана Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Таирова Шарипа катышты.
Чогулуштун президиуму :
1 . Жусубалиева Марина - чогулуштун төрайымы, айыл тургуну.
2 . Маманова Роза - чогулуштун катчысы , айыл тургуну
Күн тартибинде : Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө.
Угулду : Кызыр-Ата айылынын тургуну Жусубалиева Марина күн тартибине коюлган маселе боюнча кыскача баяндама жасап, төмөндөгүлөргө токтолду :
Биздин айылда бала бакча жоктуга байланыштуу айылдагы убактылуу пайдаланылбай бош турган Надирова Алтынайдын менчигине тиешелүү эки кабаттуу турак-жайдын имаратын ижарага алуу менен балдар бакчасын ачууну сунуш кыламын.
Биз, айылдагы демилгелүү топтун мүчөлөрү үйдүн ээси менен алдан-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүзүп, макулдашуунун шарттары боюнча маалыматтарды алдык.Үй ээси балдар бакчасын ачуу демилгесин колдой тургандыгын билдирип, убактылуу пайдаланууга каршы эместигин айтып, эгерде ижара акысын мыйзам чегинде белгилеп, төлөөгө макул болушса 10 жылдык мөөнөткө берерин кошумчалады.
Өзүңөргө белгилүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтү биздин айылга балдар бакчасынын имаратын куруу боюнча 0,20 га жер тилкесин ажыраткан эле. Бирок, пайда болгон муктаждыкка байланыштуу ал бөлүнгөн жер аянты суу чарбасына берилип кетти. Жакынкы убакыт аралыгы ичинде балдар бакчасын салууга айрым себептерден улам мүмкүнчүлүк болбой тургандыгына көзүм жетип турат.Ошондуктан ушул үйдүн имаратын пайдалануу менен балдар бакчасын ачып алуу боюнча демилгелүү сунушту колдоого чакырамын.
Жарыш сөзгө чыккандар :
1. Таирова Шарипа- Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. айыл тургуну
Жарыш сөзгө чыккан Таирова Шарипа төмөндөгүлөргө токтолду : Бул өтө чоң саамалык, өзүңөр чогулуп чоң ишти баштапсыңар . Балдар бакчасын ачсаңар өтө жакшы болот. Чындыгында биздин айылда балдар бакчасы бар, бирок алар айылдан 2,3 чакырым ыраак аралыкта жайгашып , балдардын барып-келүүсүнө кыйынчылыктарды жаратат. Ал ал балдар бакчаларына биринчи кезекте өз айылынын тургундарынын балдары кабыл алынып, биздин балдарга орун жетишпей да калууда .
Ошондуктан убактылуу болсо да , башка айыл өкмөттөрдө жана өзүбүздө иштеп жаткан балдар бакчаларынын тажрыйбасын үйрөнүү менен жаңы балдар бакчасын ачууга карата демилгелүү саамалыкты айыл тургундары колдойт деп ишенемин. Мен айылдык кеңештин депутаты катары ал үйдүн жери 0,8га болгондуктан , жанындагы 0,10 га чекти айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Асамидинович менен сүйлөшүп жана айылдык кеңештин депутаттары менен мыйзам чегинде талкуулап , коштуруп берүүгө абада берем.
2 . Осмонова Бүмария –Айыл тургуну.
Биз дагы айыл тургундары демилгени колдойбуз жардам беребиз , мүмкүн болушунча аракет кылыңыздар сиздер тараптан коюлган жана макулдашуулардагы бизге тиешелүү шарттарды аткарууга даярбыз ,балдарыбыздын келечеги үчүн эч аянбайбыз. . Бала бакча мектеп сыяктуу эле да Балдарыбазды бергенде кровать , стол , стулдарды алып беребиз, нукка түшкүчө түшкү тамактарын кезек менен алып барып , берип турабыз.Мен айыл тургундарын колдоо көрсөтүүгө чакырамын.
3 . Маманова Роза-айыл тургуну.
Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду. Менин оюмдагы иштер болуп жатат . Айылдагы бир канча адамдар иш менен камсыз болот , экинчиден балдарыбыз жакшы тарбия, таалим алат Көп түкүрсө көл болот. Барыбыз жардамдашып , балдар үчүн шарттарды түзүүгө демөөрчүлүк кылсак болот . Болбогон эмне бар эле, Москва да бир күндө курулган эмес. Бардык айылдарда да, садиктерди ачып алышып жатат. Биздин колубуздан келбейби , Айыл өкмөт өзүбүздүн кулунубуз , өзүбүздүн уулубуз, жардам берет деп ойлойм Бардык айылдарда үйдү арендага берип бала бакча ачып жатат. Биз да аренда акысын берип , ушул үйдү арендага алып, бакча ачабыз ,эмне дейсиңер эл журт. Бакча ачканда дагы тарбия иштери орус тилинде жүргүзүлгөн бакча ачалы Балдарыбызга кичинекейинен тил үйрөткөнүбүз дурус болот эле ,Азыр заман талабына ылайык тил үйрөтүү менен тарбия- таалим беришибиз керек Азыркы замандын балдары чет мамлекетке барып билим алып жатышат, ошого ыктап билим тарбия бериш керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн колдон келген иштерди жасап, материалдык –моралдык колдоо көсөтүү биздин милдетибиз.
4. Пратова Шакар – айыл тургуну.
Эгерде бул демилгени колдосок биз балдарыбыз үчүн улуу иш жасап жатканыбызды эл билет.Демөөрчүлөр чыгат, бул айкын максаттарга каржылык жардам көрсөтүүчүлөр да табылат. Мен да жардам берем. Ошондой эле бул саамалыкты колдоочулар катары , демилгени кубануу менен кабыл алып, ишти акырына чыгарууга жардам беребиз. Бала бакчага керектүү докменттерди, уюштуруу иштерин жургүзүүгө энергиялуу , жаш Алтынбек кызы Айжамалды сунуштайм себеби ал эжекенин уюштуруу жөндөмдүүлүгүн билем Ошондой эле башка жарыш сөзгө чыккан айыл тургундары Самиева Орозгүл,Дүйшөева Тойдукан,Бакирова Жанаралар да айыл өкмөт колдосо жер тилкесин берсе , ачабыз жардам беребиз , уюштурабыз деген сөздөрдү айтышып,бир добуштан колдой тургандыктарын билдиришти.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айл тургундарынын жалпы чогулушу төмөндөгүдөй
токтом кылат:
1. Кызыр-Ата айылында жайгашкан Надирова Алтынайдын менчигине катталган үйдүн имаратын пайдалануу менен балдар бакчасын ачууга руксат берүүчү укуктук-ченемдик документтердин негизинде Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин чечимин жана айыл өкмөттүн токтомун чыгарып берүү Кыргыз –Ата айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөттөн суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптардын негизинде жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына 0,10 га жер тилкесин кошумча берүүгө жана ижара акысын белгилеген айылдык Кеңештин чечимин чыгаруу айылдык Кеңештен суралсын.
3. Балдар бакчасынын имаратына коюлган санитардык-гигиеналык, өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышына карата иштерди уюштуруп, райондук өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидиомологиялык жана экологиялык- техникалык кызматтардан балдар бакчасынын иштөөсүнө руксат берүүчү документерди алууга көмөк көрсөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Балдар бакчасын ачууга байланышкан уюштуруу-практикалык иштерди, тиешелүү документерди даярдоо айыл тургуну Алтынбек кызы Айжамалга тапшырылсын.
Чогулуштун төрайымы: М.Жусубалиева
Катчысы: Р.Маманова
Кыргыз-Ата айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов