Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 17-7
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы К. Коконбаев атындагы балдар бакчасынын 3- тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы К. Коконбаев атындагы балдар бакчасынын 3-тайпасын ачуу жөнүндөгү Борко айылынын тургундарынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 1 протоколун туруктуу комиссияда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы К. Коконбаев атындагы балдар бакчасынын 3-тайпасын ачуу жөнүндөгү Борко айылынын тургундарынын 2019-жылдын 17- декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин жана балдар бакчасынын 3-тайпасын ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчасынын кошумча 3-тайпасында эмгектенген кызматкерлер республикалык бюджетке киргизүү, тамак-ашына, жылытуу системасына, электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы К.Назарбаев
Кыргыз- Атаайылды ккенешинин
(алтынчы шайланган) кезектеги он жетинчи
сессиясынын 2019-жылдын 21-декабрындагы
№ 17-7токтомуна тиркеме
К. Коконбаева МЧББМ нын ата-энелер менен өткөрүлгөн чогулуштун протоколу
Борко айылы 2019-жыл декабры
К. Коконбаева МЧББМ катышкан ата-энелердин саны- 21
Каралуучу маселе:
1. К. Коконбаева бакчасына кошумча 3- тайпаны ачуу жөнүндө
Сүйлөдү: Мекеме жетекчиси Жолдошова К
- Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер. Сиздердин эмне максат менен чогулуп отурганыныздарды мен түшүнүп турам. Борконун элдерине эки тайпалуу бала бакча жетишзсиз, ошентсе да айла жок болуп жатат.Эми сиздер жардам берип, көптөп аракет жасап көрөлү. Кандай дейсиздер? Кимде кадай ой пикир, сунуш бар?
Жарыш сөзгө ата энелерден Жороева Арзы сүйлөдү.
- Саламатсыздарбы урматтуу ата энелер. Биз көптөн бери эле өзүбүзчө сүйлөшүп, ар бир ата эне ой пикирибизди айтып кеңешип жүрдүк эле. Бугун эми баарыбыз чогулуп оурабыз. Бир тайпанын кроватын 2 кабатттуу кылып жасатып берсек, ошондо бир комната бошоп калса, бир тайпаны ошол жака көчүрүп, кийинки эки комнатаны дагы бир тайпага даярдаса болот бекен дедик эле. Антпесе бакчага берем деген ата энелер аябай көп болуп жатат.
Сүйлөдү Эркебаева Даанакан.
- Бакчага барган менен бакчага барбаган баланын айырмасы чон болот экенин билип, ата энелер баары баласын бакчага бергенге аракет кылып жатат. Көпчүлүгү Айбек айылына, Ноокат шаарына берип жатат ансыз деле. Бизге бир эле тайпа эмес дагы бир чон бакча керек болуп жатат.
Суйлоду Пратова Айтигул.
- Кошумча тайпага шейшеп, төшөнчүлөрүн тигип жардамдашып жиберем. Өзүбүз кемчиликтерин толуктап, зарыл нерселерине жардамдашабыз. Туурабы ата энелер.
Жогорудагы сөздөрдү угуп баары бир добуштан колдоп, төмөнкүдой чечим кылат.
Чечим:
1. К Коконбаева бала бакчасына үч тайпа ачууга уруксат беруу жагы Ноокат билим берүү бөлүмүнөн жана Кыргыз- Ата айылдык кеңешинен суралсын.
2. Тайпанын шартын түзүүгө жардам берүү ата-энелерге милдеттендирилсин.
3. Кагаз иштерин толуктап, уюштуруу жагы мекеме жетексиси Жолдошова Канышайга жүктөлсүн.
Чогулуштун төрайымы К. Жолдошова
Катчысы Ж. Рысматова
Кыргыз-Ата айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов