Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 17-8
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, 2020-жылга иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2020-жылга иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жактырылсын (тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш планы жана бюджети бекитилсин (тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин аграрды маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.
Кыргыз-Ата айылдык
кенешинин төрагасы К.Назарбаев
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезектеги он жетинчи
сессиясынын 2019-жылдын 21-декабрындагы
№ 17-8токтомуна № 1 тиркеме
Кыргыз- Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019жыл ичинде аткарылган иштери боюнча отчету
Кыргыз- Ата жайт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) курамынын состовында 21 адам турат, комитеттин төрагасы болуп 2017-жылдын апрель айынан бери Хожомуратов Маматысак, ал эми 2019-жылдын башынан бери жайыт комитетинин бухгалтери болуп Алымова Н. иштеп келүүдөбүз.
Ал эми Кыргыз-Ата жайыт комитетинин ревзиялык комиссиясынын курамы 3 кишиден турат Төрагасы Асанов М. мүчөлүрү Жунусов Н. Акботоев К.
Малдардын ден соолугун коргоо тобунун жетекчиси Абидинов Исамидин болуп, курамында 7 мүчөсү бар.
Кыргыз-Ата жайыт комитетинин эсебинде бардыгы болуп 4436 гектар жакынкы жана алыскы жайыттарыбыз бар, 2019-жылга бюджет планыбыз 430000 сом болгон, негизинен бюджетке
- Мал жайлоодон 90000
- Чөп чабынды бактардан жана башка багытта пайдалануудан 96000
- Кайрак чөп чабындыдан 70000
- Уюлдук байланыш компанияларынан 174000 сом акчалар тушот.ж
Негизинен жайыт пайдалануучулар менен жеринен жолугушуп, аларга жайытты мыйзам чегинде туура пайдаланууну, жайытка карата түзүлгөн графикти буз боону, ошону менен бирге жайыт салыгын өз убагында төлөө керектигин айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары жана комитеттин курамынын мүчөлөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду . Бул жерде айта кетиш керек, бул иштерди уюштурууда айыл өкмөтүнүн жетекчисине, айылдык кеңешинин төрагасына жана бардык айыл башчыларына, биздин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин көйгөйлуу маселелерине активдүү катышып бергендиктерине чоң ыракмат айтабыз.
Ошондой болсо да кээ бир жайыт пайдалануучулар өздөрүнүн кызыкчылыктарын алдыга койуп, жайытка кош көнүлдүүлүк менен мамиле кылышып, жайыт графиктерин бузушуп, жайыт салыгын өз убагында төлөбөй келишүүдө.
Урматтуу курамдын мүчөлүрү жайыт пайдалануучулар менен жайытты туура пайдалануу, алардын көйгөйлөрү менен иштөө, аларга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бул баарыбыздын негизги милдетибиз болуп саналат.
Ошондуктан урматтуу жайыт комитетинин курамынын 21 мүчөсү баарыбыз ийри олтуруп түз кеңешип 2020-жылы жайытты жакшыртуу, жайытты пайдалануучулардын укуктарын колдоо максатында жайыт комитетинин реалдуу бюджетин жана иш планын сиздер менен биргеликте иштеп чыгуубуз керек.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары өзүнүздөр жакшы билесиздер, көп жылдан бери Кыргыз жайытын жакшыртууда аны андан ары өнүктүрүүдө Кыргыз Өкмөтү АРИС программасын киргизип, чон жардам берип келүүдө.
Кыргыз- Ата айыл өкмөтү менен биргеликте, 2015-жылы жайытка деп болүнгөн 6 миллионго жакын акчаны жайытты жакшыртууга керектүү болгон техникаларды алдык, жана курулуштарды курдук.
2019-жылы франсуздук инвесторлор менен САМР Ала-Тоо программаснын негизинде иштеп жаз токойго жайыт пайдалануучулар учун деп узундугу 14, туурасы1,5 метр болгон көпүрө курдук. Ал эми өзүбүздүн бюджеттен Токмок булактагы жайытка өтүүчү сел кананы битондор менен тосуп эки жолу оңдодук, ошондой эле илгерки чөп жайга чыгуучу жакынкы жайлоонун жолун 4 даана кольцо коюп көпүрө куруп бердик. Мандан ары чоп жайдын жолун оңдосок, илгеркидей тоют маселеси боюнча иштейбиз деген оюбуз бар. Ошондой эле Бедел-булак тоосунун күнгөй жагына экспермент катарында саксоулдун уругун алып келип тосулган жерлерге септирдик.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары озүнүздөр жакшы билесиздер Кыргыз- Ата айыл өкмөтү менен биргеликте өкмоттүн токтомунун негизинде жайыт пайдалануучуларга тоют маселеси боюнча жардам көрсөтүү максатында быйыл «Кыргыз-Ата» үрөн чарбасын ачканбыз, анын жетекчиси болуп Эргешов Исман иштеп келүүдө. Быйылкы жылы 17 га жерге «Гетман» деген жаны арпа уругун Караташ адырына себип 18-20 ц болжолдуу гектарынан түшүм алдык, ал эми 8га жерге көп жылдын экспарцет чүп уругун сепкенбиз, мунун баарын эл жакшы урук менен камсыз болуп, тоют маселесин жеңилдетүү, бул өкмөттүн алдыга койгон негизги максаты. Быйылкы жылы жер маселеси өтө оор болду, болгону 8гектар жер фонддун жери болсо, калган 9 гектар жери элдердин үлүштөрүнө арпа септик, ал эми быйылкы жылы суулудан жер берип жатасынар анынар үчүн чоң ырахмат, бирок кээ бир айылдагы суулу деп берген жеринерге эгин болбойт, ошондуктан ошол жерлерди караштырып көрсөнүздөр, жердин саны бар сапаты жок болсо, бекер эле ал жерлерге чыгыш болуп калат. Эми 2020 –жылы жайытты жакшыртуу максатында, алыскы жайыттан 2 булаеты ( Муздак булак менен Ак-булактын төрүндөгү бир булакты) жакынкы жайыттан Токмок булактын ичиндеги коктудагы чон булактарды сөзсүз оңдошубуз керек. Токмок булактагы чөп жайдын Кеңеш айыл өкмөт тарап менен чектешкен чөп жайды сөзсүз тосушубуз керек, ал жайды тоссок фондко селда түшбөй калат эле, ошондой эле чоп жайдын жолун оңдошубуз керек, келечекте көп жылдык чөп уругун себүү максатында.
Төрага: Хожомуратов М.
Эсепчи: Алымова Н.
Кыргыз-Ата айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезектеги он жетинчи сессиясынын
2019-жылдын 21-декабрындагы № 17-8токтомуна №2 тиркеме
Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга түзүлгөн болжолдуу бюджети | ||||||
№ | Киреше бөлүмү | Жалпысы 1 жылга | I | II | III | IV |
1 | Мал жаюунундан | 90 |
| 35 | 35 | 20 |
2 | Мал жаюудан башка багытта пайдалануудан | 80 | 10 | 20 | 30 | 20 |
3 | Кайрак чөп чабындыдан | 50 |
| 20 | 20 | 10 |
4 | Уюлдук байланыш компаниясына берилген жайыт жерлеринен | 174 | 43,5 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
| Техникадан тушуучу аренда | 126 | 30 | 36 | 30 | 30 |
| Жалпы киреше | 520,0 | 83,5 | 154,5 | 158,5 | 123,5 |
| Чыгаша бөлүмү |
|
|
|
|
|
1 | Эмгек акы | 137,0 | 32,0 | 32,0 | 32,0 | 41,0 |
2 | Соц төлөмгө 17,25% | 19,6 | 4,8 | 4,8 | 4,8 | 5,2 |
3 | Транспорт чыгымга | 20,0 | 4,0 | 6,0 | 5,0 | 5,0 |
4 | Командировкалык чыгымдарга | 15,0 | 4,0 | 4,0 | 4,0 | 3,0 |
5 | Жайыттын инфраструктурасын ондоо жана инвестиция тартууга өздүк салым үчүн: | 114,2 | 45,0 | 39,2 | 30,0 | 0,0 |
6 | Налог с продаж 3% | 12,9 | 3,2 | 3,2 | 3,2 | 3,3 |
7 | Прочие расходы | 20,0 | 5,0 | 5,0 | 5,0 | 5,0 |
| Зем.налог | 72,0 |
|
|
|
|
| доходы в а-ө 3-1 | 109,3 |
|
|
|
|
| Жалпы чыгаша | 520,0 | 128 | 134 | 127,5 | 130,5 |
Төрага: Хожамуратов М. | ||||||
Эсепчи: Алиева Н
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов | ||||||