Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25 марты № 12
Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин 2019-жылга карата бюджетин,иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы N 30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-10-беренелерине ылайык жана Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевдин билдируусун угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркемеге жана бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы 2-3- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
-ийри мүйүздүү малга –мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
-кой-эчкилер - мал башына 12 ( он эки ) сом.
-жылкылар - мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
-жаш малдарга (тай-торпок)- мал башына 40 (кырк ) сом.
3.Сырттан келген кара мал,жылкынын шарттуу мал башына-100 (жүз) сом, кой-эчкилерге шарттуу мал башына 20 (жыйырма) сомдон белгиленсин.
4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
5.Айыл конуштарга жакын жайгашкан ички жайыттарды чөп ормо катарында пайдаланган жарандарга,жердин шартына жараша гектарына 400 сомдон 1000 сомго чейин келишимдин негизинде жайыт акы белгиленип,жайыт комитетинин өздүк эсебине төгүлсүн.
6. Жайыт акыдан түшкөн каражаттары биринчи кезекте жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана соц. камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыттарды жакшыртууга жумшалсын.
7.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевге жүктөлсүн.
8. Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: Ш.Арынов
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2019-жылдын 25-мартындагы
№12 токтомуна 1-тиркеме
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жайыт комитетинин бюджетин бекиттирүү | 1-2 квартал | Жайт комитетинин төрагасы |
2 | Мал жандыктардын эсебин тактоо | 1-квартал | Жайыт комитети Айыл башчылар |
3 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү | 1-квартал | Жайыт комитети |
4 | Жайытка баруучуу жолдорду ондоо | Дайыма | Жайыт комитети |
5 | ЖП жакынкы жайыттарга жайгаштыруу жана эмдөө иштерин жүргүзүү | Дайыма | Жайыт комитети,вет сервистер |
6 | Алыскы жайыттарга көчүрүү графигин жана маршурут түзүү | 1-2-квартал | Жайыт комитети |
7 | АРИС программасы менен иштөө | Дайыма | Жайыт комитети |
8 | Түз-Бел,Ак-Терек айылдарына мал суугаручу акыр куруу | 2-3-квартал | Жайыт комитети |
9 | Жайыт пайдалануучулардан жайыт акысын жыйноо | дайыма | Жайыт комитети |
11 | Жайыттардын абалын жакшыртуу | дайыма | Жайыт комитети |
12 | 2019-жыл жыйынтыгын чыгаруу | Жыл аягында | Жайт комитетинин төрагасы |
Жайыт комитетинин төрагасы: Т.Калыкбердиев
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын
25-мартындагы №12
токтомуна 2-тиркеме
Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2019-жылга карата чыгаша бөлүгү
№ | Чыгымдар | Саны | Иштеген айы | Баасы | Рай. Коэфицент % | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 7500 |
| 90 000 |
2 | Бухгалтер | 1 | 6 | 4500 |
| 27 000 |
| Жалпысы |
| 117000 | |||
3 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр соц.фонд | 17,25 | 20182,5 | |||
4 | Жалпысы | 2 | 12000 |
| 137182,5 | |
5 | Транспорт чыгымы |
| 5000 | |||
6 | Жайыт комитетинен ассоциацияга кармалуучу вызноско |
| 6000 | |||
7 | Ар кандай чыгымдар |
| 15000 | |||
8 | Жайыт комитетинин административдик чыгымы |
| 163182,5 | |||
7 9 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
| 42770,07 | |||
10 | Жер салыгына | 4781 | 15,99 | 1,034 | 79047,43 | |
| Жалпысы |
| 285000,0 |
Жайыт комитетинин төрагасы Т. Калыкбердиев
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын
25-мартындагы №12
токтомуна 3-тиркеме
Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2019-жылга карата киреше бөлүгү
№ | Малдын туру | Саны | Төлөмдөрдүн толук сом | Котору коэфиценти | Шарттуу мал башы | Жайыт билет акысы | Жалпы 2019- жылга сом |
1 | Саан уй | 1455 | 60 | 1 | 1455 | 60 | 87300,0 |
2 | Кой-эчки | 10255 | 12 | 02 | 2051 | 12 | 123060,0 |
3 | Жылкы | 1244 | 60 | 1 | 1244 | 60 | 74640,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпысы: |
|
|
|
| 285000,0 | |
Жайыт комитетинин төрагасы: Т.Калыкбердиев