Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № XXV-6
Гулистан айыл өкмөтүндө биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын жана иш-планын бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл Кеңеши Гулистан айыл өкмөтү сунуш кылган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын жана иш-планын карап чыкты. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасир тийгизет, ЖӨБ органдарынын иши ачык болушуна жана алардын жергиликтүү жамаат алдында отчеттуу болушуна көмөктөшөт. Гулистан айыл Кеңеши биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобуну колдоо, ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүндө курамы 7 кишиден турган биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобунун курамы бекитилсин (курамы тиркелет).
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобу өз ишин бектилген жобонун негизинде жүргүзсүн.
3. Айылдык Кеңеш тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобуна ар тараптуу материалдык моралдык жардам көрсөтүлсүн.
4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобу айылдык Кеңештин кезектеги сессияларында аткарган иштери жөнүндө маалымаат берип турсун.
Гулистан айылдык Кеңешинин
төрагасы: У. Мирзакулов
Тиркеме.
Гулистан айыл өкмөтүндө түзүлгөн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо (БМжБ) тобунун курамы
1. Тойчиев Толкун – Гулистан АК депутаты – топтун лидери.
2. Эргашов Курванали – Беш-Коргон айылынын айыл башчысы.
3. Абдураимов Абдурахман – Гулистан а\ө инвестиция боюнча адиси.
4. Иминжанова Дилбар – Аялдар кеңешинин мүчөсү.
5. Атабалаева Кумушхон – Балдар бакчасынын жетекчиси.
6. Юсупжанов Турсунали – Курулуш инженери.
7. Жороев Хакимжан – Жамаат өкүлү.
Төрага | У.Мирзакулов |