Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №229
Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №52/08-6 Ош шаарынын 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы отурумунун №9 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет бекитилсин:
-Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 2-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Н.Мизанов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
10-мартындагы кезектеги XХVII cессиясынын
№229 токтомунун 1-тиркемеси
Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын отчету
№ | Салыктар жана топтомдор | 2019-жылга бекитилген план | 2019-жылга такталган план | Аткарылганы | Айырма (+,-) | % аткаруу |
1 | Киреше салыгы | 445 796,0 | 445 795,7 | 458 627,9 | 12 832,2 | 102,9 |
2 | Бирдиктүү декларация боюнча киреше салыгы |
|
| -221,4 | -221,4 |
|
3 | Чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык | 3 200,0 | 3 700,0 | 8 379,7 | 4 679,7 | 226,5 |
4 | Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык | 21 200,0 | 22 400,0 | 24 135,7 | 1 735,7 | 107,7 |
5 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 163 480,0 | 170 480,0 | 180 215,3 | 9 735,3 | 105,7 |
6 | Кыймылсыз мүлккө салык | 85 095,0 | 92 095,0 | 96 883,8 | 4 788,8 | 105,2 |
7 | Кыймылдуу мүлккө салык (транспорт) | 38 390,0 | 38 390,0 | 40 738,9 | 2 348,9 | 106,1 |
8 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 13 500,0 | 13 500,0 | 18 112,9 | 4 612,9 | 134,2 |
9 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 730,0 | 730,0 | 1 041,6 | 311,6 | 142,7 |
10 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 35 000,0 | 36 000,0 | 36 366,8 | 366,8 | 101,0 |
11 | Сатуудан салык | 174 800,0 | 184 800,0 | 197 044,0 | 12 244,0 | 106,6 |
12 | Башка салыктар жана топтомдор |
|
| 43,6 | 43,6 |
|
13 | Жер казынасын пайдалануу үчүн салык | 900,0 | 900,0 | 602,6 | -297,4 | 67,0 |
| Салыктык кирешелердин баары: | 982 091,0 | 1 008 790,7 | 1 061 971,4 | 53 180,7 | 105,3 |
| Салыктык эмес кирешелер | 65 300,0 | 65 300,0 | 67 168,9 | 1 868,9 | 102,9 |
| Ижара акысы | 61 500,0 | 61 500,0 | 64 921,2 | 3 421,2 | 105,6 |
14 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдалануу үчүн акы |
|
| 61,3 | 61,3 |
|
15 | Жерлердин ижарасы үчүн акы | 33 500,0 | 33 500,0 | 34 208,4 | 708,4 | 102,1 |
16 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 1 500,0 | 1 500,0 | 1 956,9 | 456,9 | 130,5 |
17 | Муниципалдык менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 26 500,0 | 26 500,0 | 28 694,6 | 2 194,6 | 108,3 |
| Башка салыктык эмес кирешелер | 3 800,0 | 3 800,0 | 2 247,7 | -1 552,3 | 59,2 |
18 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 1 300,0 | 1 300,0 | 1 219,1 | -80,9 | 93,8 |
19 | Автотоктомолордон алынуучу жыйым | 2 500,0 | 2 500,0 | 1 028,6 | -1 471,4 | 41,1 |
| МСК кирешелери | 1 047 391,0 | 1 074 090,7 | 1 129 140,3 | 55 049,6 | 105,1 |
20 | Жерлерди сатуудан түшкөн кирешелер |
|
| 676,4 | 676,4 |
|
21 | Башка салыктык эмес кирешелер |
|
| 4 892,4 | 4 892,4 |
|
22 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү кызматтары үчүн акы |
|
| 88,3 | 88,3 |
|
| Баары (атайын каражаттарсыз): | 1 047 391,0 | 1 074 090,7 | 1 134 797,4 | 60 706,7 | 105,7 |
23 | Атайын каражаттар | 80 243,0 | 80 243,0 | 77 346,9 | -2 896,1 | 96,4 |
| Баары (атайын каражаттар менен): | 1 127 634,0 | 1 154 333,7 | 1 212 144,3 | 57 810,6 | 105,0 |
| Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (баары) |
| 178 443,2 | 178 412,4 | -30,8 | 100,0 |
| Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар ("Жылуулуккамсыздоо" мун.ишканасына субсидия) |
| 178 000,0 | 178 000,0 | 0,0 | 100,0 |
| Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (ыйгарым укутарды өткөрүп берүү) |
| 443,2 | 412,4 | -30,8 | 93,0 |
| Жылдын башына калган калдыктар (атайын каражаттар менен) | 0,0 | 61 064,2 | 60 774,2 | -290,0 | 99,5 |
| Жалпы | 1 127 634,0 | 1 393 841,1 | 1 451 330,9 | 57 489,8 | 104,1 |
Ош шаардык Кенешинин |
| |||||
аппарат жеткчиси |
| Камчиев К. | ||||
| ||||||