Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №230
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 12-февралындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү №55/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- жана 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы №2 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планы 1-тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Н.Мизанов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын
(IV чакырылыш) № 230 токтомуна 1-тиркеме
2020-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планы
Кыскартуулар:
ААБ –айылдык аймактык башкармалыгы
КӨ – климаттын өзгөрүшү
ИММ – ири мүйүздүү мал
ТЧ –токой чарбасы
МММ – майда мүйүздүү мал
ЖК – жайыт комитети
ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту
КФ-коомдук фонд
ШМБ – шарттуу мал башы
ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси.
Киришүү
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы :
Республиканын борборунан Облустун борборунан Райондун борборунан Жакынкы темир жол бекетинен Аэропорттон | 700 км, 7 км, 30 км, 10 км, 15 км аралыкта жайгашкан.
|
Физико-географиялык мүнөздөмө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жайгашкан чөлкөмдүн климаты мелүүн, жумшак болуп эсептелет. Жайкы ысык аба жеңил кыш менен алмашат. Эң жогорку суук мезги январь айына, эң ысык мезгил июль айларына туш келет. Абанын жылуулугунун абсолюттук минимуму -20 до -150 С, абсолюттук максимуму от +70до+400С.
1-торчо
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр |
1 | Калктын саны | адам | 31624 |
2 | Кожолуктардын саны | кожолук | 5306 |
3 | ААБнын жалпы аянты | ч.км | 12688 |
4. | Айдоо жерлердин жалпы аянты | га | 1180 |
| Анын ичинен: улуш жерлер | га | 867 МФЖ 313 |
| кайрак жерлер | га | 1855 |
5. | /лүш жерлердин жалпы аянты | га | 2036 |
| Анын ичинен: сугат жерлер | га | 305 |
| кайрак жерлер | га | 585 |
6. | Кожолуктарга тиешелүү жер тилкелер | ч.м | 52550 |
5 | Жайыттардын жалпы аянты: | гa | 2281 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Кышкы жайыттар | гa | - |
| Жазгы-күзгү жайыттар | гa | 220 |
| Жайкы жайыттар | гa | 2061 |
6 | Айыл чарба эгин аянттары | га | 1949 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Жаздык буудай | гa | 260 |
| Күздүк буудай | га | 158 |
| Жаздык арпа | гa | 447 |
| Күздүк арпа | га | 238 |
| Жүгөрү | гa | 636 |
| Табигый чөптөр | гa | 10 |
| Жана башкалар | га | 200 |
7 | Ири мүйүздүү мал | баш | 10104 |
8 | Майда мүйүздүү мал (кой-эчкилер) | баш | 17574 |
9 | Жылкы | баш | 453 |
Пландын максаты
Жайыт башкаруу планы жайыттардын табигый комплексине келтирилип жаткан зыяндарды жана жоготууларды азайтуу, алардын баалуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. План кызыкдар тараптардын иш аракетин жөнгө салуу үчүн колдонулат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жайыт комитети 2010-жылдын 27-январында Ош облустук Юстиция башкармалыгында Юридикалык жак катары каттоодон өткөн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси коомдук башталыштагы өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
Жайыт пай–бул Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси.
2009-жылдын 15-сентябрында депутаттардын Жапалак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүү жөнүндө” токтом кабыл алынган. Бул токтом менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын жалпы жыйынынын чечиминин негизинде ЖПБнын Уставы, ЖКнын жана текшерүү комиссиясынын тутумдары бекитилген.
Жайыт комитетинин төрагасы болуп Салиев Акылбек, башкы эсепчиси болуп Ташбаева Ч. шайланган.
ЖПБ Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашып, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын бардык аймагында иш жүргүзөт.
ЖПБнын иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес.
ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер, жооп берүүчү катары чыгат.
ЖПБнын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик жана гранттык банктык эсептери бар
ЖПБнын юридикалык дареги: Ош шаары, Жапалак ААБ, Керме-Тоо айылы, Каримова көчөсү №1, моб.тел. 0777577720
Банктык реквизиттери: БИК (МФО) 129057. Р.с.: 1290573230020909, ОКПО 27319557, ИНН0 01802201110271. .Ош ш. “РСК”БАНК.
ЖПБнын жогорку башкаруу органы болуп жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйыны эсептелет.
ЖПБнын аткаруу органы-жайыт комитети.
ЖПБнын текшерүү комиссиясы ЖПБнын ревизиялык контролдоочу органы болуп эсептелет.
ЖПБнын мүчөлөрү- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулары.
Жайыт комитетинин төрагасы: Салиев А.
Жайыт комитетинин бухгалтери: Ташбаева Ч.
2-торчо
Жапалак аймактык айылдык Кеңешинин жайыт комитетинин курамы
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Кызматы |
1 | Салиев Акылбек | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы |
2 | Пазылов Жанибек | Жапалак аймактык айылдык Кеңешинин башчысы |
3 | Аттокуров Сайит | Жайыт комитетинин мүчөсү |
4 | Боронбаев Махмуд | Жайыт комитетинин мүчөсү |
5 | Акматов Шералы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
6 | Кулматов Исраил | Жайыт комитетинин мүчөсү |
7 | Ажиев Султангазы | Жайыт комитетинин мүчөсү |
8 | Назаралиев Абдрашит | Жайыт комитетинин мүчөсү |
9 | Кадырбек уулу Болот | Жайыт комитетинин мүчөсү |
10 | Исмаилов Чоюш | Жайыт комитетинин мүчөсү |
11 | Осмонов Сабыр | Жайыт комитетинин мүчөсү |
12 | Коңурбаев Турат | Жайыт комитетинин мүчөсү |
13 | Омошов Абдилашим | Жайыт комитетинин мүчөсү |
14 | Маңгиев Максатбек | Жайыт комитетинин мүчөсү |
15 | Каримов Ильяс | Жайыт комитетинин мүчөсү |
16 | Долонов Таштемир | Жайыт комитетинин мүчөсү |
17 | Абдыкадыров Абдимитал | Жайыт комитетинин мүчөсү |
3-торчо
Текшерүү комиссиясынын курамы
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Кызматы |
1 | Маматалиева Махбурат | Төрага |
2 | Осмонов Сабыр | Комиссиянын мүчөсү |
3 | Ажиев Султангазы | Комиссиянын мүчөсү |
Малдардын ден соолугун коргоо тобу. | ||
1 | Эргешов Бекболсун | Топтун лидери |
2 | Арапбаев Урайым | Топтун мучосу |
3 | Турдубаева Айсулуу | Топтун мучосу |
4 | Голбаров Абили | Топтун мучосу |
5 | Жумашев Сатанбай | Топтун мучосу |
Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын санын тактоо.
Жапалак жайыт комитети тарабынан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы малдын санын тактоо учурунда түзүлгөн жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Тилеке каршы бул тизме так эмес жана ар дайым тактап турууну талап кылат. Себеби бул тизмеге негизинен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жашаган, өзүнүн жеке менчик малы менен жайлоого чыккан, жайыттарда мурдатан короолору бар, ири сандагы мал ээлери жана фермерлер киргизилген. Мындан тышкары коммерциялык негизде мал баккан чабандар түрдүү себептер менен бул тизмеге киргизилген эмес. Мына ушундай себептердин негизинде жайытка чыгуучу малдын санын да толугу менен эсепке алуу кыйынчылыкты туудурат. Айрым учурларда чабандар кошуна жайгашкан айылдардын элинин малын багууга алып Жапалак жайыт комитетине караштуу жайлоого чыккан учурлар кездешет.
4-торчодо Жапалак жайыт комитетинде 2019-жылы жүргүзүлгөн мал каттоонун жыйынтыгы менен алынган малдын саны көрсөтүлгөн.
Жайыт пайдалануучулардын такталган тизмеси 1-тиркеме менен планга тиркелген.
4-торчо
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгындагы малдын саны
Аймактык айылдык башкармалык | Ири мүйүздүү мал | Кой-эчкилер | Жылкы |
Жапалак | 10104 | 17574 | 453 |
Малдын санын так аныктоо мүмкүн болбогондуктан ЖКнын жайыт пайдалануу боюнча жылдык планын түзүү алдында болжолдуу түрдө эсепке алынбаган мал башынын %дык ченин аныктоо зарыл. Болжолдуу түрдө алынган %дык айырмачылык малдарды жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүүдө колдонулат.
Жапалак ААБнын жайыттарына жаз, күз мезгилдеринде чыга турган малчылардын жана жеке мал ээлеринин, жайыт пайдалануучулардын тизмеси ЖКнын каттоосу боюнча 1-тиркемеде тиркелген.
Төмөндөгү торчодо такталбаган малдын санынын пайыздык айырмасы көрсөтүлгөн.
5-торчо
Малдын жалпы санын тактоо
Малдын түрү | Жайыт комитетинин эсеби боюнча малдын саны | Статистикалык эсеп боюнча малдын саны | %-дык айырмачылык |
Уйлар | 10104 | 10104 | 0% |
Жылкы | 453 | 453 | 0% |
Кой-эчкилер | 17574 | 17574 | 0% |
Жогоруда аталгандай Жапалак ААБга караштуу жайыттарга бардык мал барбагандыктан улам, ЖКнын каттоосуна алынган жана статистикалык каттоодон өткөн малдын саны боюнча кескин айырма бар. 5-торчодо көрсөтүлгөндөй негизинен ИИМ мал ЖКнын каттоосунан өткөн эмес, анын негизги себеби ири мүйүздүү мал (уйлар) айылдын четиндеги бөлүнгөн жерлерге (бада) жайылат.
Жалпы малдын санын жайыт тоютуна жана кышкы тоютка болгон муктаждыгын аныктоо үчүн, ошондой эле мал жаюуну жайыттардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүү максатында ШМБна которулганда 14091 шарттуу мал башын түзөт. Жапалак ЖКнин каттоосунун негизинде малдын жалпы саны 28131 башты түзөт. Жапалак ЖК тарабынан жумушчу жана эшек каттоого алынбайт, анын негизги себеби жумушчу аттар жана эшектерге жайыт акы алынбайт. Эл тарабынан так айтылбай, эсепке алынбай калган мал болжолдуу 3,5% түзөт.
Ар түрдүү малды шарттуу мал башына которуу
Шарттуу мал –бул түрдүү малды бир түрдүү шарттуу малга которуу коэффициенти. Түрдүү мал башын шарттуу мал башына которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылы №386 токтому менен бекитилген коэффициент колдонулат. Мындан тышкары малды шарттуу мал башына которуу үчүн малдын тирүүлөй салмагын эсепке алуу менен которууга болот. Бул учурда түрдүү малдын тирүүлөй салмагын Кыргызстандын шартындагы орточо уйдун тирүүлөй салмагына бөлүү керек. Мисалы, уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг.Ар түрдүү малдын тирүүлөй салмагын 300 кг. бөлүү менен шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктап алабыз.
6-торчо
Малдын тирүү салмагынын негизинде малдын санын шарттуу мал башына которуу коэффициентин аныктоо
Малдын түрү | Салмагы, кг | Эсептөө | Малдын санын шарттуу малдын санына которуу коэффициенти |
Уйлар, ири мүйүздүү мал | 300 | 300/300 | 1 |
Ири мүйүздүү жаш мал | 200 | 200/300 | 0,7 |
Бука | 360 | 360/300 | 1,0 (1,2) |
Кой-эчкилер | 60 | 60/300 | 0,2 |
Жылкы | 360 | 360/300 | 1,2 |
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында малдарды шарттуу мал башына которуу токтомдун негизинде бекитилген коэффициентти колдонуу менен жүргүзүлгөн. Бир гана жылкыларды шарттуу мал башына которууда 1,2 коэффициенти колдонуу менен жүргүзүлөт. Жапалак жайыт комитетинде жылкылардын санын шарттуу мал башына которуу коэффициенти быйыл да 1,2 өлчөмүндө калтырылды.
Шарттуу мал башына которуу коэффициенти (ШМБ):
Ири мүйүздүү мал, уйлар -1
Ири мүйүздүү мал, торпоктор - 0,7
Кой -эчкилер – 0,2
Жылкылар, эшектер – 1,2
Төөлөр– 1
7-торчо
Малдын санын шарттуу мал санына которуу
Малдын түрү | Малдын саны | Шарттуу мал санына которуу коэффициенти | Шарттуу мал саны |
Ири мүйүздүү мал, анын ичинен уйлар | 9100 | 1 | 9100 |
Жаш ири мүйүздүү мал | 1004 | 0,7 | 702 |
Жылкы | 502 | 1,0 | 502 |
Кой -эчкилер | 17574 | 0,2 | 3514 |
Бардыгы | 28180 |
| 13818 |
Жайыт комитети малдын санын жыл башында эсепке алат, жарандар жыл ичинде малдарын саткандыгына жана жаңыдан малды сатып алгандыгына байланыштуу малдын саны ар дайым өзгөрүп турат
№ 5 торчодо көрсөтүлгөндөй , малдын саны орто эсеп менен 7% көп болгон. Ушул %дык айырмачылыкты колдонуу менен малдын санын %дык айырмачылыкка көбөйтүп ЖКнын тизмесиндеги малдын саны такталат. Тактоолордун негизинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 13818 шарттуу мал башы бар экендиги аныкталды.
Айылдык аймактык башкармалыктын деңгээлинде тоют өндүрүү.
Кыргызстандын шартында тоют өсүмдөрүнүн төмөндөгүдөй түшүмдүүлүгүн колдонобуз.
8-торчо
Тоют өсүмдүктөрүнүнү түшүмдүүлүгү
Тоюттун түрлөрү | Түшүмдүүлүк (кургак салмак) т/га |
Табигый чөп | 0,2-0,5 |
Эспарцет, люцерна | 5-10 |
Арпа саман | 1-1,5 |
Буудай саман | 1,5-2,0 |
Жүгөрү саман | 1,5-2,5 |
Сулуу | 1,2-1,5 |
Малдын бир суткадагы тоютка болгон муктаждыгы анын тирүүлөй салмагына, жашына, физиологиялык абалына жараша болот жана ал малдын тирүүлөй салмагынын 2,5-4% түзөт.
Уйларга уйдун тирүүлөй салмагынын 2,5% түзгөн кургук массадагы тоют сарпталат. Эгерде бир уйдун тирүүлөй салмагы 300 кг.болсо, анын 2,5 % 7,5 кг. түзөт. (300 х 2,5%=7,5 кг).
Талап кылынуучу тоюттун өлчөмүн аныктагандан кийин Жапалак айылдык аймагынын деңгээлинде малга канча тоют даярдоо керектиги аныкталат .
9-торчо
Тоют даярдоо
Тоюттун түрү | Түшүмдүүлүк (кургак масса) Кг/га | Айдоо аянты, га | Түшүм,кт. | Бир күндүк тоют(кургак масса), Кг. /ШМБ | Малга тоют берилүүчү күндөрдүн жалпы саны, ШМБ күн |
Буудай, арпа саман | 2000 | 1103 | 2206 | 61333 | |
Жүгөрү саман | 2500 | 636 | 1590 | 266666 | |
Табигый чөптөр | 500 | 10 | 5 | 666 | |
Мал кол караган күндөрдүн жалпы саны | 648665 | ||||
Концентраттык тоюттар 4865 |
| ||||
№9 таблицада кесек тоютту концентраттык тоютка которгондогу эсеби көрсөтүлгөн.
9 А-торчо
Тоюттарды люцернага которуу
Концентраттык тоют | Түшүмдүүлүк, кг | Сиңим-дүүлүгү | Тоют бирди-гине которуу коэф. | А х В | Люцер-нага которуу коэфф. | Жалпы люцерна Г х Д |
| А | Б | В | Г | Д | С |
Дандык жүгөрү | 4912000 | 800 | 1,3 | 6385600 | 0,5 | 3192800 |
Буудай | 251850 | 230 | 1,0 | 251850 | 0,5 | 125925 |
Пахта жмыхы | 180000 | 200 | 1,0 | 180000 | 0,5 | 90000 |
Бардыгы |
|
|
|
|
| 3295725 |
Жапалак ААБдагы малдын башы 13818 шарттуу мал башын түзөт. Даярдалуучу жалпы тоют 5003 шарттуу малды кыш мезгилиндеги 247 күн багууга жетет. Бирок, малды короодо багуу кыш мезгилинде факт боюнча 15-20 күнгө азыраак. Ошого карабастан малга жетиштүү тоют даярдоодо бир топ көйгөйлөр бар.
Көйгөйлөрдү жоюунун жолдору:
Тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тоют талааларын сугаруу, органикалык семирткичтер менен кошумча азыктандыруу.
Жетишсиз тоютту сатып алууну ишке ашыруу:
Калктын басымдуу бөлүгү тоюттуу Өзгөн районунан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунан сатып алат.
Эгемендүүлүк алганга чейин тоют аянттары көп болгон. Союз тарагандан кийин фермерлердин көпчүлүк бөлүгү тоют аянттарын колдонууга алып, ал жерлерге бак-дарак тигип, ал тургай приватташтырып да алышкан.
Жайыттардын асылдуулугун жана сыйымдуулугун аныктоо.
Жайыттын асылдуулугун аныктоо үчүн ЖК тарабынан 1 чарчы метр аянттагы чөптү оруп чогулткан. Андан кийин чогултулган суу чөптү мал жей турган жана мал жебей турган бөлүккө бөлгөн. Андан кийин ар бир бөлүктү таразага тартып, алынган жыйынтык мониторинг жүргүзүү үчүн даярдалган маалымат баракчасына түшүргөн. Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде жайыттын асылдуулугу аныкталып, 10-торчого түшүрүлдү.
10-торчо
Жайыттын сыйымдуулугун аныктоо
Жайыттын аталышы | Аян-ты, га | Түшүм-дүүлүк, кг/га | Жалпы түшүм, кг (2 х 3) | Тоютту жедирүү коэфф., 60% (4 х 0,6) | ШМБ-нын саны | 1 ШМБнын бир күндүк керектөө-сү, 7,5кг | Жайыт-тын сыйым-дуулугу, ШМБ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Жаз | |||||||
Жапалак | 310 | 640 | 198400 | 119040 | 15872 | 55 | 288 |
Озгур | 115 | 640 | 73600 | 44160 | 5888 | 55 | 107 |
Жай | |||||||
Берки-Суу | 1521 | 930 | 1414530 | 848718 | 113162 | 120 | 943 |
Тогуз-Булак | 760 | 930 | 706800 | 424080 | 56544 | 120 | 471 |
Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоодо төмөндөгү көрсөткүчтөрдү эске алуу менен атайын формула колдонулат:
Б – жайыттагы көк чөптүн мал жеген бөлүгү (массасы):
0,6 – Кургак массага которуу коэффициенти;
Nга – жайыттын аянты;
0,7 –мал жаюу коэффициенти;
N кун – мал жаюу күндөрүнүн саны;
7,5 – 1 шарттуу малга 1 суткада керектелүүчү кургак чөптүн көлөмү, кг.
Жайыт пайдалануу планы
Жайыт комитети тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жайыттардын мониторинги жүргүзүлбөгөндүктөн 2019-жылга карата жайыт пайдалануу планын түзүүдө ОФ САМР “Алатоо” тарабынан түзүлгөн жайыт картасы колдонулду. Бул карта геоботаникалык маалыматтардын негизинде түзүлүп, жайыттардын сыйымдуулугу көрсөтүлгөн. Өз учурунда жайыттардын сыйымдуулук картасы 1980-жылы атайын түзүлгөн геоботаникалык экспедициянын маалыматынын негизинде түзүлгөн.
11-торчодо жайыт сезонунда жайыттарга коюлган жүк көрсөтүлгөн. Ал эми жайыт пайдалануучулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
11-торчо
Жайыт сезонундагы жайыттарга коюлган жүк жана алардын сыйымдуулугу
Жайыт участкалары | Жай, 55 күн | Жай, 120 күн | Күз, 60 күн | Күз, 0 күн | ||||||||
ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый.. | Жүк. | ШМБ | Сый | Жүк. | |
Жапалак | 346 | 288 | 20.1% | Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
0ЗГУР | 134 | 107 | 25.2% | Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
|
|
|
| Х | Х | X | X | X | X | Х | Х | X |
|
|
|
| Х | Х | Х | X | X | X | Х | Х | Х |
Берки-Суу | X | X | X | 1225 | 943 | 29.9% | Х | Х | Х | X | X | X |
Тогуз-Булак | X | X | X | 560 | 471 | 18.8% | Х | Х | X | X | X | X |
Жайыт пайдалануу планын климаттык өзгөрүүгө ыңгайлаштыруу
Планды даярдоодо климаттык өзгөрүүлөрдү эсепке албай коюуга болбойт. Аба ырайынын өзгөрүүсү, абанын температурасы жайыттардыгы өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө өз таасирин тийгизет. Сурамжылоолордун негизинде жайыт жерлериндеги мал жей турган өсүмдүктөрдүн азайып бараткандыгы белгиленди жа бул көрүнүш жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Ошол себептен жайыт пайдалануучулар жайыттардын начарлап бара жаткандыгын белгилешет.
Жогорудагылардын негизинде климаттын өзгөрүүсүн мал жайуу планын түзүүдө көз жаздымында калтырууга болбойт. Ушул жагдайларды эске алуу менен Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыттардын сыйымдуулугун 10-12%га азайцтуу менен жайыт пайдалануу планын түзгөн. 10-12% климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жайыттардын түшүмдүүлүгүнүн начарлашын эсепке алат. Мындан тышкары Жапалак жайыт комитети тарабынан жайыт пайдалануу боюнча келечек
пландарында климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу боюнча бир катар иш чараларды аткарууну көздөөдө.
12-торчо
Климаттык өзгөрүүлөрдүн жайыттардын сыйымдуулугуна тийгизген таасири
Жайыт участкаларынын аталышы | Жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ | Климат.өзгөр.эске алуу менен жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ |
| А | Б=А*0,9 |
Жапалак | 288 | 259 |
Озгур | 107 | 96 |
Берки-суу | 943 | 848 |
Тогуз-Булак | 471 | 424 |
Жапалак айылдык башкармалыгынын Жапалак жайыт комитети 13-торчодо жайыттардын сыйымдуулугун жайыт пайдалануучулар менен бирдикте 10%га азайтуу менен аныктаган.
13-торчо
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугу (КӨ)
Жайыт участкасы | Сыйымдуу-лук, ШМБ | Климаттын өзгөрүшүн эске алганда жайыттын сыйымдуулугу, ШМБ | ||||||
Жаз | Жай | Күз | Кыш | Жаз | Жай | Күз | Кыш | |
Жапалак | 288 | Х | х | Х | 259 | Х | X | Х |
Озгур | 107 | Х | х | Х | 96 | Х | X | Х |
Берки-суу | х | 943 | х | Х | х | 848 | X | Х |
Тогуз-Булак | х | 471 | х | Х | х | 424 | X | Х |
Климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жайыттардын сыйымдуулугун аныктоого өзгөртүү киргизүү каралган. Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу малдарды жайыттарга кайра бөлүштүрүү каралган.
14-торчо
Мал көп жайылган жайыт участкаларында малды бөлүштүрүүнү жөнгө салуу
Жайыт участкасынын аталышы | Жайытка чыгуучу мал саны, ШМБ | Сыйымдуулук | Мал жайуу күндөрүнүн саны | Жайытка болгон жүктөм | ||
Планга чейин | Пландан кийин | Планга чейин | Пландан кийин | |||
A | Б | С | Д | А/С | Б/С | |
Жай | ||||||
Жапалак | 346 | 304 | 288 | 90 | 20.1% | 5.5% |
Озгур | 134 | 124 | 107 | 90 | 25.2% | 15.8% |
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын малынын көпчүлүгү токой чарбасына тиешелүү жерлерде жайылгандыгына карабастан жайыттардагы малдын көптүгү байкалат. Ошол себептен көп малы бар мал ээлерин алыскы жайлоого чыгууга үндөө иштерин жүргүзүү зарыл. Мына ушундай жол менен гана жайыттарга болгон жүктү нормалдаштырууга, тоют базасын түзүүгө, жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Токой чарбалары менен кызматташуу.
Кара-Суу токой чарбасы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгна чектеш жайгашкан. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында Кара-суу токой чарбасынын айрым жер тилкелери жайгашкан. Азыркы учурда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянтын жана чектерин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. Кара-Суу токой чарбасына тиешелүү жер тилкелеринин аянты жана чектери толук такталгандан кийин токой чарбасы менен Жапалак жайыт комитетинин ортосунда өз кызматташуу боюнча келишимдер түзүлөт. Бүгүнкү күндө Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы бардык жайыт жерлери үчүн жер салыгы Жапалак жайыт комитети тарабынан төлөнөт.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мал чарбасын өнүктүрүү
Мал чарбасынын өнүгүүсүн жана жайыттардын сыйымдуулугун эсепке алганда негизги приоритеттер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
Малдын генетикалык потенциалын (породасын) жакшыртуу;
Туруктуу тоют базасын түзүү;
Мал чарба азыктарын жеринде кайра иштетүү;
Мал чарба азыктарын сатууну колго алуу.
15-торчо
2016-2020-жылдарда Жапалак жайыт комитетинин мал чарбасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын планы.
№ | Негизги багыттар | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жоопкер |
1 | Малдардын породаларын жакшыртуу | Жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу | 2020-ж. | ЖК, Ветеринардык кызматтар |
2 | Кыш мезгилинде малды тоюттардырууну жакшыртуу | Көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү– эспарцет – Люцерна- | 2020-ж. | ЖК |
3 | Мал чарба азыктарын кайра иштетүүнү жандандыруу | Сүттү кайра иштетүү цехин куруу | 2020-ж. | ЖК |
2020-жыл үчүн малдын ден соолугун жакшыртуунун планы Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы менен макулдашылып, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан бекитилип 2-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Жайыттарды пайдалануудагы жана башкаруудагы көйгөйлөр жана муктаждыктар.
Жапалак жайыт комитети тарабынан 2020-жылга жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана башка иш чараларды жүргүзүү, алардын аткаруу мөөнөттөрү белгиленген.
Белгиленген иш чаралардын маанилүүлөрү жана тез арада аткарууга жаткандары жалпы жыйында тандалып алынып, аларды ишке ашыруу наркы аныкталат. Иш чараларга керектелүүчү каражат АРИС тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде такталат.
Белгиленген иш чаралар жайыттардын начарлап кетишине жол бербейт жана алардын жакшыруусун камсыз кылат. Иш чараларды ишке ашыруу милдетин Жапалак жайыт комитети өз мойнуна алат.
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу иш чараларынын планы жайыт пайдалануучулардын жалпы жыйынында кабыл алынып, жергиликтүү Кеңештин сессиясында бекитилет. Бекитилген иш чаралар планына 2020-жыл үчүн жайыт комитетинин бюджети да кирет.
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү.
Жайыттарды башкаруу планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү дайыма үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Мониторинг жүргүзүү үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын буйругу менен атайын мониторинг жүргүзүү үчүн топ түзүлөт. Мониторинг жүргүзүү үчүн атайын топтун курамына жайыт комитетинин мүчөлөрү, ААбнын кызматкерлери, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, аялдардан түзүлгөн жамааттардын мүчөлөрү, жаштар, калктынг аялуу катмарынын өкүлдөрү кирет.
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынында жана шаардык Кеңештин жыйынында ар жылы пландын аткарылышы боюнча маалымат берилет. Аталган маалымат берүүдө түшкөн сунуштардын негизинде планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн «Радар» ыкмасы колдонулат. Мониторинге чабандар, жаштар, аялдар, калктын аялуу катмары катышат жана 5 баллдык система менен баа берилет. Мониторинг жүргүзүүдө төмөндөгүлөр сурамжылоонун негизинде аныкталат:
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу;
Тоют базасын жакшыртуу: Табигый, жасалма;
Малдын ден соолугун сактоо иш чараларын жакшыртуу;
Жайыттардын абалынын жакшырышы: башкаруу (менеджмент), агротехникалык иш чаралар (подсев, удобрение, и т.д.);
Жайыттарды башкарууга калктын аялуу катмарынын катышуусу;
Турмуш тиричилик деңгээлинин жакшыруусу – элдин кирешеси Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы калкка ачык айкын жеткирилип ар жылы жүргүзүлөт жана анын өзгөрүүсү боюнча планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Жайыт пайдалануу планына мониторингди жүргүзүүдө башка ыкмалар да колдонулушу мүмкүн. Мониторингди жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ар бир кызыккан мүчөсү, донорлор, өнөктөштөр, тиешелүү мамлекеттик кызматтар, АРИС ж.б да жүргүзүшү мүмкүн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыттарды башкаруу планынын ишке ашырылышынан жайыт пайдалануучулардын тапкан пайдасы.
Жайыттарды башкаруу планынын максатына ылайык Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар биримесине кирген 5285 үй чарба ээлеринин 75% төмөндөгүдөй пайда көрөт.
16-торчо
№ | Жыйынтыктар (пайда) | Көрсөткүчтөр | Маалымат булагы |
1 | Жайыттардын инфраструктурасы жакшырат | Жайыттардын инфраструктурасы 20% жакшырды | ЖПБнын Профайл Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) |
2 | Тоют базасы жакшырат | Малдын жана мал чарба азыктарынын баасы 15% жогорулады. | Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Базар баасынын аналитикалык көрсөткүчтөрү. |
3 | Малдын ден соолугун камсыздоо иш чаралары жакшырат
| Кожолуктардын 80% ында малдардын өлүмү азайды. Малдардын оорусу 5%га кыскарды.
| Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Райондук ветеринардык кызматтын, ЧВ, ПОЗЖ көрсөткүчтөрү |
4 | Калкты аялуу катмарынын жайыттарды башкарууга катышат | Жаштардын, аялдардын, кембагал үй-бүлөлөрдүн 15%ы жайыттарды башкарууга катышты | ЖПБнын Профайлы Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) ЖПБнын иш чараларынын протоколдору |
5 | Калктын жашоо деңгээлинин, кирешесинин өсүүсү | Жеке үй чарбаларынын 15%ы тамактануусун жана азык түлүк коопсуздугун жакшыртты | Мониторингдин жыйынтыгы (Радар ыкмасы) Айылдык аймактык башкармалыктын социалдык –экономикалык көрсөткүчтөрү |
Финансылык план.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт комитети аркылуу ишке ашырылуучу каржы планы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, мал чарбасынын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш чаралардык каржы булактарын аныктоого багытталган.
17-торчо
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга перспективалык-финансылык планы.
№ | Чакан долбоорлордун аталышы | Жайгашкан орду | Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү) | Сумма-сы, сом
|
1 | Ветсервис | Жапалак а. | 2020-ж. | 1600000 |
2 | Жайыттардын жолун ондоо | Берки-суу.Тогуз-б. | 2020-ж. | 50000 |
3 | Суугаруу ноолорун оңдоо | Лаглан а. Берки-Суу ж. | 2020-ж. (июнь-август) | 50000 |
18-торчо
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2020-жылга карата финансылык-инвестициялык планы.
№ | Чакан долбоор-лор | Жай-гашкан орду | Мөөнөтү (башталышы жана бүтүшү) | Сумма-сы, сом | ЖК | АРИС | ААБ | Башка демөөрчүлөр |
1 | Ветсервис | Жапалак а. | 2020-ж. | 1600000 |
| 1200000 |
| 400000 |
2 | Жайыттар-дын жолун ондоо. | Берки-суу.Тогуз-б. | 2020-ж. | 50000 | 50000 |
|
|
|
3 | Суугаруу ноолорун оңдоо | Лаглан а. Берки-Суу ж. | 2020 г. (июнь-август) | 50000 | 50000 |
|
|
|
19-торчо
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Жапалак ЖКнын 2020-жылга иш чаралар планы.
№ | Иш чаралар | Орду | Мөөнөтү | Каржы-лоо |
1 | Жапалак Ветсерис | Жапалак | 2020-ж. | 1600000 |
2 | Жайыттардын жолдорун ондоо | Берки-суу | 2020-ж. | 50000 |
3 | Суугаруу ноолорун оңдоо | Лаглан а. Берки-Суу ж. | 2020 г. (июнь-август) | 50000 |
2020-жылга карата бекитилген жайыттарды башкаруу планына ылайык ички эрежелер.
-Жайыт сезону 1-апрелден башталат.
-Жайыт сезону 30-октябрда аяктайт.
-Фермерлердин жазгы (орто) жайытка чыгышы 1-майдан 10-майга чейин.
-Фермерлердин жайкы жайытка чыгышы 25-майдан 30-майга чейин.
-Күзгү жайытка кайтуу 1-октябрга карата жүргүзүлөт.
-Күзгү жайыттарга көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте кайткан жактарга ар бир ири мүйүздүү малы үчүн 250 сом, майда жандыгы үчүн 250 сом жазана салынып, 1 сутканын ичинде кайра жайкы жайытка кайтуу жөнүндө эскертүү берилет;
-20 апрелге карата айдоо аянттарына жакын жайгашкан мал ээлери жазгы жайытка чыгып кетүүсү зарыл;
-20 апрелден баштап саан уйлар үчүн пада уюштурулат;
-Айылда 1 жумушчу атты, 2 саан уйду, 3-5 койду алып калууга уруксат берилет. Ал эми калган малды жайкы жайытка айдоо зарыл;
-Эгерде айыл ичинде экиден көп ири мүйүздүү мал жайлоого чыкпай калса төмөндөгүдөй чара колдонулат:
Жалпы жыйындын жана аксакалдар сотунун чечими менен ар бир баш мал үчүн 500 сом өлчөмүндө жазана төлөө;
-Эгин талааларыны түшкөн малдын ээсине карата төмөндөгүдөй жазаналар каралат:
Эскертүү-эгерде мал эгин талаасына 10-апрелге чейин кирсе;
Эгерде эгин талаасына мал 10-апрелден кийин жайылса: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 200 сом, майда жандык үчүн 20 сом, экинчи жолу кайталанса ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, майда жандыкка 100 сом жазана салынат. Эгерде айдоо аянтына мал жайуу дагы кайталанса чыгашалар эсептелип, иш аксакалдар соту, сот аркылуу жазана салынат;
Эгерде жайыт билети жок мал эгин талааларына жайылса төмөндөгүдөй жазана салынат: ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 500 сом, ар бир майда жандык үчүн 200 сом. Жазана төлөөдөн баш тарткандардын иши сот органдарына өткөрүлөт;
Эгерде жайыт билети бар болуп малдын санын жашырса же жайыт акын толоодон баш тартса ийри муйзду мал жана жылкыга ар бир башына 500 сомдон, койго 200 сомдон айып эсептелип Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жоопко тартылат, иши сот органдарына өткөрүлүп берилет.
Жайыт билети бар жарандар өз убагында салыктарды төлөбөсө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жоопко тартылат, иши сот органдарына өткөрүлүп берилет.
Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн башка мал ээлеринин малы жайытка чыкса, анда жайыт акысы Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген тарифтик чендин 2 эселенген суммасын төлөшөт.
№1 тиркеме. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы 2020-жылга карата жайыт пайдалануучулардын болжолдуу тизмеси (торчодо жайкы жайытка чыгуучу малдын саны көрсөтүлгөн).
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ири мүйүздүү мал | Кой-эчкилер | Жылкы | Топоз | Бардыгы, шарттуу баш |
1 | Боронов Темирлан | 8 | 120 | 4 |
| 132 |
2 | Жоомарт уулу Адилет | 21 |
| 2 |
| 23 |
3 | Аданбаев Арипжан | 14 | 112 |
|
| 126 |
4 | Аданбаев Иса | 8 |
| 27 |
| 35 |
5 | Калыев Урматбек | 11 |
|
|
| 11 |
6 | Модусманов Нурбек | 2 | 40 |
|
| 42 |
7 | Приев Байыш | 7 |
| 1 |
| 8 |
8 | Аданбаев Алымжан | 6 | 120 | 2 |
| 128 |
9 | Батыров Акжол | 22 |
| 13 |
| 35 |
10 | Эргешов Эшбай | 14 | 90 | 4 |
| 108 |
11 | Макамбаев Эстебес | 5 |
| 2 |
| 7 |
12 | Токторов Салима | 6 | 15 |
|
| 21 |
13 | Батыров Аскар |
| 200 |
|
| 200 |
14 | Абибилла уулу Нургазы |
| 150 |
|
| 150 |
15 | Эркебаев Манас | 8 |
| 15 |
| 23 |
16 | Темирбаев Абдурасул | 15 |
|
|
| 15 |
17 | Мадымарова Шаркан | 8 |
|
|
| 8 |
18 | Осоев Расул | 7 |
|
|
| 7 |
19 | Кадырбаева Уулбу | 25 | 100 | 2 |
| 127 |
20 | Манасов Хамид | 100 |
| 5 |
| 105 |
21 | Топчубаев Шермухамед | 40 |
|
|
| 40 |
22 | Бадиров Илич |
| 390 | 15 |
| 390 |
23 | Голбаров Абили | 40 | 350 | 20 |
| 410 |
24 | Апсаматов Бакыт | 50 | 500 | 13 |
| 563 |
25 | Арапбаев Урайым | 80 |
| 20 |
| 100 |
26 | Нурмаматов Топчубай | 6 |
|
|
| 6 |
27 | Пазылов Ырысбек | 15 |
|
|
| 15 |
28 | Шараев Салайдин | 10 |
|
|
| 10 |
29 | Суркеев Чекир | 17 |
| 4 |
| 21 |
30 | Шараева Малика | 11 |
| 1 |
| 12 |
31 | Салиев Замир | 24 | 400 |
|
| 424 |
32 | Шараев Тыныбек | 33 |
|
|
| 33 |
33 | Ысмаилов Тынчтык |
| 200 |
|
| 200 |
34 | Кочкоров Сарымсак |
| 514 |
|
| 514 |
35 | Досуев Алым |
| 450 |
|
| 450 |
36 | Абдрахманов Аким | 20 |
|
|
| 20 |
37 | Эргешов Таалай | 10 |
|
|
| 10 |
38 | Жээнбеков Абдимитал |
| 200 | 18 |
| 218 |
39 | Калыев Абжапар |
| 90 |
|
| 90 |
40 | Приев Эрмекбай | 18 | 58 |
|
| 76 |
41 | Садыков Аскар |
| 400 |
|
| 400 |
42 | Мамайев Нурбек | 10 |
|
|
| 10 |
43 | Калмуратов Азимжан | 48 |
|
|
| 48 |
44 | Максытов Калдар | 16 | 400 |
|
| 416 |
45 | Камилов Жанибек | 19 | 20 | 25 |
| 64 |
Бардыгы: | 754 | 4919 | 193 |
| 5866 | |
№2 тиркеме. Малдын ден соолугун жакшыртуу боюнча 2020-жылдын планы.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагы боюнча 2020-жылга карата мал ооруларын, жугуштуу ылаңдарын ветеринардык эмдөө, алдын алуу боюнча ЖК менен биргеликте аткарыла турган иш чаралары.
Белгиленген мөөнөтү | Кайра тазалоонун аты | Аткаруу тартиби | Дары-дармектин аталышы | Бир жолку дозасы | Аткаруучу |
Иттер | |||||
Квартал сайын | Эхинококкозго каршы дегельминтизациялоо (1080 ит) | Ооз аркылуу дарылоо | Прозикал | 1 таб.10кг.тирүү салмакка | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Январь-декабрь 2019-жыл | Кутурмага каршы эмдөө (1080 баш) | Теринин астына. Булчуң этке | Антрабикалык вакцина | 2 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Тооктор | |||||
Январь-декабрь 2019-жыл | Ньюкасль оорусуна каршы эмдоо (50500 баш) | Булчуң этке | Чума «Н», «Ла-Сота» | 1 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Ири мүйүздүү мал | |||||
Январь-декабрь 2019-жыл | Сибирь жарасына каршы эмдөө (9222 баш) | Теринин астына | Вакцина СИТИ (Владмир ш., Россия) | 1 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Январь-декабрь 2019-жыл | Карасанга каршы эмдөө (3185 баш) | Булчуң этке | «Алтын тамыр» | 2 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Январь-декабрь 2019-жыл | Бруцеллозго каршы изилдөө үчүн кан алуу (2770 баш) | Серологиялык изилдөөгө жөнөтүү | - | - | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Январь-декабрь 2019-жыл | Шарпка каршы эмдөө (11120 баш) | Теринин астына | 3 валенттүү | 2 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Майда жандыктар | |||||
Январь-декабрь 2019-жыл | Кара өпкөгө каршы эмдөө (300 баш) | Теринин астына |
| 1-2-3 мл. | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Январь-декабрь 2019-жыл | Бруцеллозго ИЭБке каршы изилдөө үчүн кан алуу (222 баш) | Серологиялык изилдөөгө жөнөтүү | - | - | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Май, сентябрь | Котурга каршы жуундуруу (7000 баш) | Неоцедол | Кытай | 1 литр 1000 литр сууга | Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Июль | Бруцеллозго каршы эмдөө (3500 баш) | Көзгө тамызуу | Rev-1 |
| Тороев, Курбанбаев, Раев, Мамитов |
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
10-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын
(IV чакырылыш) № 230 токтомуна 2- тиркеме
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджети.
Киреше бөлүгү |
|
|
|
Аталыштар | 1 баш мал үчүн 1 сезон үчүн жайыт акысы, сом | Саны | Жалпы сумма |
Ири мүйүздүү мал | 125 | 1200 | 150000 |
Жаш бодо мал | 87,5 | 208 | 18200 |
Майда жандык | 25 | 4919 | 122975 |
Жылкы | 150 | 193 | 28950 |
Чөп оруу аянты (га) | 500 | 20 | 10000 |
Айдоо жерлер (га) | 2000 | 5 | 10000 |
Бардыгы |
|
| 340125 |
Чыгаша бөлүгү |
|
|
|
Салык (2281га х 1,04) |
|
| 28000 |
Бухгалтердин эмгек акысы |
|
| 42000 |
Ж К эмгек акысы |
|
| 120000 |
Кароолчунун эмгек акысы |
|
| 21000 |
Соц. Фондго чегерүү (17,25%) |
|
| 31568 |
Конц,тов, |
|
| 3000 |
Транспорт чыгымдары |
|
| 25000 |
Сапар чыгымдары |
|
| 5000 |
Түрдүү чыгымдар |
|
| 14500 |
Жайыттарды жакшыртуу чыгымы |
|
| 50000 |
Бардыгы |
|
| 340068 |
Эскертүү: Жайытка мал жаюу сезону 90 күндөн 150 күнгө чейин деп табылсын. Жапалак ЖКнын бюджети жайыт акысын чогултулган каражаттардын эсебинен түзүлөт. Жайыт акысын өндүрүү үчүн малдын башын эсепке алуу элдин малын баккан жана жайытка чыккан чабандардын малынын башы боюнча жүргүзүлөт.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев