Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №232
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, жашоочулардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы отурумунун №8 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен акча каражаттарын тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Н.Мизанов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин
2020-жылдын 10-мартындагы
кезектеги XXVII сессиясынын
№232 токтомуна тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы отурумунун №8 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-1 600,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадионуна жана “Алай” футболдук командасына кошумча иретинде;
-238,1 миң сом акча каражаты Ош шаарынын прокуратурасынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен иш кагаздарын алып баруучу кошумча 2 штаттык (делопроизводитель) жана кароолчу 1 штаттык бирдиктерин 2020-жылдын 1-мартынан кармоо үчүн.
Ош шаарынын мэриясы аркылуу:
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №48 “Б” үйүнүн №48 батиринин жашоочусу бокс боюнча машыктыруучу З.Тагаевге материалдык жактан колдоо иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №22 “А” үйүнүн №27 батиринин тургуну Н.Исаевага дарылануу үчүн материалдык колдоо иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Кулматов көчөсүнүн 55 «Б» дарегинин жашоочусу М.Орозбаевдин кызы Төлөнөва Самиранын жүрөк оорусунан дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №199 үйүнүн №19 батиринин тургуну С.Жолдошовага жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык колдоо иретинде;
-500,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун (ПДП) иштеп чыгуу максатында түзүлгөн Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобунун мүчөлөрүнө бир жолку өлчөмдө сый акы катары (премия);
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу:
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин аппаратын «Токтом» маалымат-укуктук системасы менен жылдык камсыздоо үчүн.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси К.Камчиев