Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 –жылдын 16-марты № 23/2
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тапшырмаларды жана иш милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруу тартибин аныктоо менен башка маселелерди регламенттештирүү максатында Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул Типтүү регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Кара-Кочкор айылдык
округунун Кеңешинин төрөгасы: Э.Жакеев
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти
I Бөлүм. Жалпы жоболор IIБөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары III Бөлүм. Пландоо IVБөлүм. Айыл Өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары , кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө VII Бөлүм. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу VIIIБөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери IXБөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава . Жалпы жоболор
1.1. Кара-Кочкор айылдын аймагында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Регламенти(мындан ары-Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт .
1.2. Регламент “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муницпалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” , “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин тектешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага , Кара-Кочкор айылдык аймагынын Кара-Кочкор айылдык кенешинин 16-март 2020-жылдын №23/1 токтому менен бекитилген жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган .
1.3. Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди , айыл өкмөтүнүн докменттер менен иштөө тартибин карайт , жарандардын кайрылууларын кароону , айыл өкмөтүнүн , айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт .
1.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттери чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын , анын түзүмдөрүн, аймактык бөлүмдөрүрүнүн иштери , айыл окмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен , ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга туздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.
2-глава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери
Айыл өкмөтүнүн иши төмөмөнкү принциптерге негизденет: 1) мыйзамдуулук жана социалдуулук адлетүүлүк; 2)жергиликтүү жамааттардын укутарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо; 3)муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү ; 4)өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчилиги; 5) ачык- айкындык жана коомдук пикирди эске алуу; 6) тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик ; 7) жетекчи алмашканда компетенттүү кадырларды тандоодо жана сактоодо ыраттуу улануучулук.
3-глава . Айыл өкмөтүнүн штаттык саны 3.1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны 15 киши Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 07.09.2013-жыл № 5/4 токтомуна ылайык төмөнкүдөй :
Кызматтардын аталышы | Калктын санына жараша штаттык сан (миң адам) | |||||||
| 2ге чейин | 2ден 5ке чейин | 5тен 7ге чейин | 7ден 10го чейин | 10дон 15ге чейин | 15тен 20га чейин | 20дан 25ке чейин | 25тен жогору |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Башчынын орун басары | 0 | 0 | 0 | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жооптуу катчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Башкы адис | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 5 | 5 | 6 |
Жетектөөчү адис | 5 | 5 | 5 | 5 | 4 | 5 | 6 | 6 |
Адис | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 4 | 4 |
Жыйынтыгы | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 | 17 | 19 | 20 |
Техникалык жана тейлөөчү кызматкер |
|
|
|
|
|
|
|
|
ТТК | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 |
МТК | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жыйынтыгы | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 | 18 | 23 | 24 |
3.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн , жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулуктарына жараша ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин эске алуу менен , айыл өкмөтүнүн кызмат орундарынын арасында кызмат орундук милдеттерди бөлүштүрөт. 3.3. Конкретүү кызмат орду боюнча кызмат орундук милдеттер жергиликтүү маанидеги бир жана андан көп маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттерин чечүү боюнча кызмат орундук милдеттерди камтышы мүмкүн , же болбосо жергиликтүү маанидеги бир маселе боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттерин чечүү эки же андан көп кызмат орундарынын кызмат орундук милдетине кошулушу мүмкүн . 3.4. Айыл өкмөтү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна карата Типтүү квалификациялык талаптардын негизинде , мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин , алардын штаттык ырааттамасында каралган ар бир администравдик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана бекитет . 3.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын Типтүү нускамасында каралган муниципалдык кызматкердин квалификациялык талаптарын, кызматкердин жекече сапаттарын, кызмат орундук милдеттерин камтыган муниципалдык кызматкерлердин кызмат орундарынын нускамасын бекитет .
II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары 4-глава . Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга тикелей катышууларынын формалары 4.1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тикелей катышуулары төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат: 1) коомдук жана мамлекеттик жашоо-турмуштун жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерин жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо ; 2) ченем чыгаруу демилгелерин көрсөтүү аркылуу жергиликтүү курултайга катышуу; 3) коомдук (бюджеттик) угууларга жана мыйзамга тыюу салынбаган жана башка формаларда катышуу; 4.2. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик)угууларды . жергиликтүү курултайларды уюштуруунунжана өткөрүүнүн тартиби, мониторингдик топтордун ишинин тартиби, ченем чыгаруу демилгелерин жүзөгө ашыруунун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамааттын катышуусунун тартиби Кара-Кочкор айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-март №23/1 токтому менен бекитилген Кара-Кочкор жергиликтүү жамааттын Уставы менен аныкталат . 5-глава . Айыл өкмөтүнүн отчеттуулугу
5.1. Айыл өкмөтү өз иштеринде айылдык кеңешке отчет берет. 5.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык аймактагы иштердин абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу жарым жылда бир жолудан кем эмес, айылдык кеңештин алдында отчет берет. 5.3. Айыл өкмөтү ар жыл сайын аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын аткарылышы тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет берет. 5.4. Айыл өкмөтү өзүнө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет. 5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын, же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
III Бөлүм. Пландоо 6-глава Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алуу менен иштеп чыгылган жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун айылдык кеңештин бекитүүсүнө берет , ал кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнуна кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет . Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорлорун бекиткенге чейин аны талкулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт . 6.2.Зарыл болгондо, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына , мыйзамда белгиленген тартипте, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн . 6.3. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы-бул айыл өкмөтү тарабынан белгилүү мезгилге пландалган аймакты жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларын.ю ошондой эле ресурстук камсыз кылуунун булактарын жана көлөмдөрүн, жана конкреттүү өлчөнүүчү индикаторлордон көрүнгөн күтүлгөн натыйжаларды көрсөтүү менен, көрсөтүлгөн чараларды аткаруу каражаттарынын комплекстүү тутуму . 6.4. Программа жергиликтүү бюджеттин акчалай каражаттарын башкаруу үчүн негиз катары кызмат кылат, алдыда турган мезгилге фискалдык саясаттын негиздерин аныктайт жана айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке жергиликтүу бюджеттин болочоктогу чыгымдарынын багыттарын калыптандырууга мүмкүнчүлук берет . 6.5. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы төмөнкүлөрдү түзөт. 1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолун эсепке алуу менен социалдык-экономикалык божомолдоону :
2) жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен максаттарга жетүүнүн индикаторлорун көрсөтүү менен, айылдык аймактын жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарын : 3) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү , анын ичинде жергиликтүү жамаатты кабарландыруу максаттарына жетишүү үчүн иш-аракеттердин жылдык планын:
4) бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы ресурстарды кошуп алганда , ресурстук курамды :
5) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарынын жетишүүнүн мониторингинин жана баалоонун планын: 6) калктын катышуусу менен жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн аныктоолордун натыйжаларын . 6.6. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолу өзгөрүлгөн учурда , өнүктүрүү программасы жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы , жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү , кароо, бекитүү жана аларга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгымдардын божомолдору такталууга жатат.
7-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо 7.1. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча уюштуруучулук камсыз кылуунун каражаттарынын бири болуп саналат. 7.2. Айыл өкмөтү өзүнун ишин 4 жылга иштеп чыгылган жумуштардын планына ылайык уюштурат . 7.3. Айыл өкмөтүнүн иш планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткаруу үчүн , төмөнкү бекитилген документтердин негизинде түзүлөт. 1) Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүүжана калкты социалдык коргоо программаларынын ; 2) мамлекттик жана муниципалдык тармактык программалардын , өнүктүрүү стратегияларынын жана пландарынын; 3) жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин пландарынын; 4) жергиликтүү кеңештин алдыда турган жылга иш планынын . 7.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу максатында , айыл өкмөтүнүн иш планы алдыда турган жылга бюджетин долбоору жана кийинки жылдарга болжолу менен өз ара байланышта, ошондой жле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын эсепке алуу менен иштелип чыгат. 7.5. Айыл өкмөтүнүн иш планы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан алдыда турган жыл башталганга чейин 20 жумушчу күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет . 7.6. Иш планын алдыда турган жыл башталганга чейин бекитилиши жыл ичинде ага иш планына кошулбай калган кошумча маселелерди киргизүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарбайт . 7.7. Бекитилген иш планы 10 календарлык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланууга жатат. Айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайты болбогон учурда, иш планы айылдыык кеңеш тарабынан аныкталган атайыын көрүнө жерлерде (доскаларда, маалымат такталарында ) , же белгиленген тартипте каттоодон өткөн , айылдык аймактын , шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларда жарыяланат .
8-глва. Муниципалдык кызматкердин ишин пландоо жана анын ишмердигин баалоо
8.1. Айыл өкмөтүнүн иш планына ылайык айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык кызматкерлердин ( мындан ары – кызматкер) кварталдык иш пландары түзүлөт . 8.2. Кызматкерлердин иш планы ар бир квартал сайын түздөн-түз жетекчиси (бөлүм башчысы , АӨ башчысынын орун басары , АӨ башчысынын орун басарынын кызмат орду болбогон учурда АӨ башчысы менен ) биргеликте түзүлөт жана алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүшүнө ылайык жооптуу катчы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет. 8.3. Кызматкердин кварталдык иш планын түзүүнүн, бекитүүнүн, отчет берүүсүнүн, баалоонун тартиби, жылдык баалоонун жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле кызматкер кварталдык же жылдык баалоо менен макул болбогондо апелляциялык коммиссияга даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкердеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин иштерин баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат. 8.4. Кызматкердин кварталдык иш пландары аткарууларын жалпы көзөмөлдөө алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык, түздөн-түз жетекчилерине, жооптуу катчыга айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт, алар кызматкерлердин кварталдык иш пландардыатк арууларынын жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысын мезгил- мезгили менен кабарландырып турушат .
IV Бөлүм. Айыл Өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү
9-глава. Айыл өкмөтүнүн чечими
9.1. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери токтомдор жана тескемелер формасында кабыл алынат, алар эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса , аларга айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. 9.2. Айыл өкмөтүнүн токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу укуктук акт. 9.3. Айыл өкмөтүнүн тескемеси –ыкчам , уюштуруу жана кадр маселелери боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу, уюштуруучулук-тескемелик мүнөздөгү укуктук акт. 9.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан күчүн жоготту деп таанылышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмүкүн . 9.5. Анын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актлары айылдык аймагынын аймактарында аткаруу үчүн милдеттүү.
10-глава. Иш кагаздарында мамлекеттик (расмий) тилде колдонуу
10.1. Айыл өкмөтүндө иш кагаздары мамлекеттик тилде , ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүзөгө ашырылат . Эсептик-статистикалык , финансылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде камсыз кылынат . Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн кызматчыларына мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүлөрүү үчүн шарттарды түзөт . 10.2. айылдык аймактагы расмий иш чаралар: жергиликтүү курултайлар, жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар, айыл өкмөтүнүн отурумдары жана кеңешмелери, сүйлөшүүлөржана башка иш чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт, зарыл болгондо жарыш котормо менен камсыз кылынат . 10.3. Жарандар айыл өкмөтүнө мамлекеттик,расмий тилдерде же Кыргыз Республикасынын элдеринин кандай болбосун башка тилде кайрылууга укуктуу.Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуулардын тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат. 10.4. Анын компентациясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери (токтом, тескеме) мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда – расмий тилде кабыл алынат . Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелинет. 10.5. Мекемелер, уюмдар жана жарандар менен кат жазышуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт .
11- глава. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана айыл өкмөтүнүн документтери менен иштөөнүн тартиби
11. 1. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы жана ушул Регламенттин негизинде уюштурат жана жүргүзөт . 11.2. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздары, штаттык ырааттмага ылайык, айыл өкмөтүнүн катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүсү (мындан ары – иш кагаздарын жүргүзүүчүсү ) тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишкагаздарын жүргүзүүчүнүн кызмат орду каралбаган айыл өкмөтүндө иш кагаздарын жүргүзүү милдети жоопту катчыга жүктөлөт . 11.3. Муниципалдык кызматкер алмашканда, айыл өкмөтүнүн документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер кызматты укуктуу улантуучуга акты боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин жетпей калуусу табылган учурда, аларды издеп табуу чаралары көрүнөт. 11.4. Кирген документтерди иштеп чыгуу : 11.4.1. Келип түшкөн бардык документтер аларга индекс (документтин датасын жана номерин ) коюу жолу менен каттоого алынат. Каттоого алуу документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган тутуму аркылуу (мындан ары – ДАКАТ ), автоматташтырылган тутум болбогон учурда каттоо журналына киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат . 11.4.2.Кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылган документтер, ыкчам каттоого алынат жана компетенсияларына жараша айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин төрагасына, алар болбогон учурда, алардын орун басарларына же жоопту катчыга баяндалат. Шашылыш учурларда, жетекчилик болбогондо, токтоосуз каралууга тийиш болгон документтер, аткаруучуларга берилиши мүмкүн, андан кийин алар жөнүндө жетекчиликке билдирилет. 11.4.3. Токтоосуз кароону талап кылбаган документтер, алдын ала каралгандан жана каттоого алынгандан кийин, катталган эле күнү резолюсия коюу үчүн жетекчиликке жиберилет. 11.4.4. Жетекчилик аткарууну (маселе боюнча аткаруучуларды ) дайындайт, иш чараларды белгилейт жана аларды аткаруунун көзөмөлдүк мөөнөттөрүн көрсөтөт. 11.4.5. Тапшырма кызмат орундары боюнча тең, эки же бир нече кызматчыларга берилген учурларда тапшырмада биринчи көрсөтүлгөн адам негизги аткаруучу болуп саналат. Ага чогуу аткаруучуларды чакыруу жана алардын иштерин кординациялоо укугу берилет . 11.5. Чыккан документтерди иштеп чыгуу : 11.5.1. Чыккандар-айыл өкмөтүнүн чектеринде түзүлгөн жана андан кайрылууларды жиберишкен башка мекмелерге же жеке адамдарга жиберилген документтер. 11.5.2. Аткаруучунун документти кароосунун натыйжалары боюнча жооптун же корутундунун долбоору даярдалат, ал айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басарлары менен макулдашылат. Айыл өкмөтүнүн документтерге жоопторуна айыл өкмөтүнүн башчысы, ал жок болгон учурда орун басары кол коёт. Айылдык кеңештин документтерге жоопторуна айылдык кеңештин төрагасы , ал жок болгон учурда анын орун басары кол коёт . 11.5.3. Аткарылган документтер иш кагаздарын жүргүзүүчүгө өткөрүлүп берилет. Документтер жетекчилик кол койгон жооптун негизинде аткарылган болуп эсептелет жана көктөмгө тигилет. 11.5.4.Чыккан документтерди иштеп чыгууда иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат : - иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык, документтин долборуунун жол-жоболонушунун тууралыгын текшерүү ; - ырастоочу маалым-даректердин болгонун текшерүү ; - чыгуучу каттоо индекстерин коюу ; - жөнөтүү үчүн документти иштеп чыгуу . 11.5.5. Чыгуучу корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүүчү толук жол-жоболоштурулган жана кол коюлган документтер, көктөмгө милдеттүү нусканы тигүүнү жана аткаруучу көрсөткөн даректерге жөнөтүүнү камсыз кылуучу нускалардын санында гана кабыл алынат. 11.5.6. Айыл өкмөтүнүн чыгуучу бардык документтер, аткаруучудан даяр документ келип түшкөн күнү же кийинки жумушчу күнүнүн биринчи жарымынан кечиктирилбестен, иштелип чыгылышы жана жөнөтүлүшү керек. Айрым учурларда докмент даректелгенге ( документти алган адамдын тийешелүү белгиси жана кол тамгасы менен) колмо-кол жеткирилиши мүмкүн . 11.5.7. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсүндө калган документтердин бардык нускалары кызмат адамдарынын анык кол тамгаларын, зарыл болгондо макулдашуу визаларын камтышы керек. 11.6. Документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу: 11.6.1. Белгилүү чечимдердин кабыл алынышын , аткарылышын жана аларга жооптордун жазылышы талап кылган кыйла маанилүү документтердин аткарылышы көзөмөлгө алынууга жатат. 11.6.2. Эгерде жетекчиликтин резолюциясында “шашылыш” деп көрсөтүлсө, документ үч жумушчу күндүн ичинде аткарылууга жатат. “Абдан шашылыш” деген көрсөтмөнү камтыган тапшырма эки жумушчу күндүн ичинде аткарылуусу тийиш. 11.6.3. Документтер документтин текстинде же жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аткарылат . Жарандардын кайрылууларын кошпогондо, чечимди же жоопту талап кылган, мөөнөттөрдү талап кылган, мөөнөттөрү белгиленбеген документтер отуз күндүн ичинде аткарылат. Жарандардын кайрылууларына жооптор 14 жумушчу күндүн ичинде , зарыл болгондо кошумча мөөнөткө узартуу менен берилет. 11.6.4. Эгерде ал боюнча чечим кабыл алынса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректелгенге жооп берилсе же аткарылганы тууралуу маалымдама даярдалса, документ аткарылган болуп саналат жана айыл өкмөтүнүн башчысынын көзөмөлдөн алуу жөнүндө резолюциясы менен көзөмөлдөн алынат . 11.6.5. Аткарылган документ бардык тиркелген материалдар менен, көзөмөлдөн алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы же “көктөмөгө” деген визасы менен иш кагаздардын учурдагы архивдештирүүгө өткөрүлүп берилет. 11.6.6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, иш кагаздарын жүргүзүүчү айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык кызматкерлердин документтер, каттар жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө аткаруучулук тартипти бузуу фактылары боюнча баяндамалык кызматтык билдирүүлөрдү киргизүүгө укуктуу . 11.6.7. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүү, көктөмөлөрдү калыптандыруу жана аларды сактоо, архивге өткөрүп берүү КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517токтому менен бекитилген КР Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
12-глава. Айылдык кеңештин документтери менен иштөөнүн тартиби
12.1. Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы ( же иш кагаздарын жүргүзүүчү )төмөнкүдөй кттоого алууну жүргүзөт : - айылдык кеңештин токтомдордун, тескемелерин каттоо журналында – айылдык кеңештин токтомдорун , тескемелерин; - айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын кортундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо журналында –айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын; -жарандардын, юридикалык жактардан кайрылууларын каттоо журналында - жарандардын, юридикалык жактардан айылдык кеңешке, айылдык кеңештин депутаттарына жиберилген жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларын. Айылдык кеңештин мекемелерге, уюмдарга суроо талаптарды, ошондой эле айылдык кеңешке же анын депутаттарына даректелген жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары жөнөтүлгөн же алынган күнү каттоо журналында каттоого алынат. 12.2. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кирген (жарыяланган жана ченемдик укуктук актылардын Реестрине киргизилген ) күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде ошондой эле айылдык кеңештин тескемеси каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу катчыга, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу ) комиссияларына, айыл өкмөтүнө, же актыда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жөнөтүлөт . 12.3. Таандыктуулугу боюнча айылдык кеңештин токтомдору, тескемелери аткаруу үчүн жиберилген аткаруучулар, алардын актынын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылышат. 12.4. Айылдык кеңештин актылары көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу, тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат . 12.5. Тийиштүү тапшырмаларды же суроо-талаптарды караган айлдык кеңештин туруктуу (убактылуу ) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн айыл өкмөтүнө же таандыктуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жиберилет. 12.6.Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана кайрылуулары таандыктуулугу боюнча аткаруу үчүн жөнөтүлгөн аткаруучулар 14 жумушчу күндүн кечиктирилбестен же кортундуда, чечимде же кайрылууда белгиленген мөөнөттөрдө алардын аткарылышын камсыз кылышат. 12.7. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундусунда , чечиминде же кайрылуусунда көрсөтүлгөн тапшырмалар же суроо - талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат . 12.8. .Айылдык кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары каттоого алынгандан кийин токтоосуз айылдык кенештин төрагасына жөнөтүлөт, андан кийин айылдык кенештин төрагасынын резолюциясына ылайык, 2 жумушчу күндүн ичинде жооптуу катчы тарабынан тийиштүү уюмдарга, мекемелерге же кызмат адамдарына жөнөтүлөт . 12.9.Суроо-талаптар жиберилген уюмдар, мекемелер же кызмат адамы, эгерде суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо- талапка жооп айылдык кеңештин сессиясында каралат .
13-глава. Айылдык кеештин токтомдорун каттоо жана жарыялоо (күчүнө кирүү ) тартиби
13.1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин токтому кабыл алынган маселе боюнча баяндамачы менен бирдикте, ал кабыл алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аны жол – жоболоштурат . 13.2.Грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, документти жол-жоболоштурууда ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбей. .Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоолорду киргизген адамдар, документти бурмалашкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат . 13.3. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укуксуз жана ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ага кол коёт. 13.4. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоого алууну айылдык кеңештин токтомдорун каттоочу журналга төмөнкү дайын-даректерди көрсөтүү менен жазууларды киргизүү аркылуу айыл өкмөтүнү жооптуу катчысы жүзөгө ашырат: 1) актынын түрүнө көрсөтмөнү ; 2) ушул токтомду жөнгө салуучу предметин белгилөөчү аталышын; 3) кабыл алынган жерин жана датасын; 4) каттоо номурун. 13.5. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн төмөнкүлөрдө расмий жарыяланышы тийиш: 1) айылдык аймактын, шаардын, райондун облустун аймактарында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңештин өзү тарабынан аныкталуучу тийиштүү басылмаларда ; 2)тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайттарында; 3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимиаттын) расмий веб-сайттарында; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий веб-сайттарында; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайттарында; 13.6. Айылдык кеңештин токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, токтомдорду толук эмес баяндамада жарыялоого жол берилбейт. 13.7. Акт жайгаштырылган басылманын жарыкка чыккан күнү, же токтом расмий веб-сайтка жайгаштырылган күн айылдык кеңештин токтомунун расмий жарыяланган датасы болуп эсептелет. 13.8.Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса , токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жеке ишкердикти жөнгө салуучу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмес күчүнө кирет. 13.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. 13.10.Мамлекеттик тилде гана кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, кагаз алып жүрүүчүдө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуунун жол берилгендиги жөнүндө айылдык кеңештин тийиштүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт. 13.11. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү күчүнө киргенден кийин элге жарыялоо жана кабыл алынган чечимдер жөнундө коомчулукту кеңири кабарландырууну камсыз кылуу үчүн маалыматтык керге такталарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында милдетүү түрдө жарыялануусу тийиш.
V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары , кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
14-глава. Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу) комиссиялар жана башка комиссиялар 14.1.Айыл өкөтү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат . 14.2. Айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иш-милдеттери жана милдеттери, айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңеш, же болбосо тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген бул комиссиялар тууралуу жоболордо аныкталат . 14.3. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишин уюштуруу жана кординациялоо, алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары, жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырылат . 14.4. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, коюлган маселелерди кароонун натыйжалары боюнча чечимдер же корутундулар кабыл алынат . 14.5. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдары, эгерде (убактылуу) комиссиялардын жоболорунун өзүндө же башка ченемдик укуктук актыларды башкача каралбаса, комиссиялардын курамынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгондо өткөрүлөт. 14.6. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын протоколдорунан, чечимдеринен, корутундуларынан жана көчүрмөлөр кызыкдар адамдарга берилет. 14.7. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын жумуштарына катышуу үчүн жиберет.
15-глав. Айыл өкмөтүнүн кеңешмеси
15.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же болбосо анын орун басарынын демилгеси боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн . Кеңешмени өткөрүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле кеңешменин күн тартиби, кеңешменин демилгечиси болгон адам тарабынан аныкталат. 15.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы пландуу жана пландан тышкары кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу. 15.3. Пландуу кеңешмелер белгиленген мезгилдүүлүк менен, ошол эле бир убакта, кызматкерлердин белгилүү курамы менен, төмөнкүдөй туруктуу күн тартиби менен өткөрүлөт: мезгилдин жыйынтыктары, жасалган жумуштардын натыйжалары жөнүндө угуу, учурдагы иштер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, алдыда турган мезгилге милдеттерди аныктоо, ресурстарды жана тапшырмаларды бөлүштүрүү, өз ара аракеттенүүлөрдү макулдашуу жана башкалар. 15.4. Пландан тышкаркы кеңешмелер алдын ала болжоо мүмкүн эмес, өзгөчө жана башка кийинкиге калтырууга болбогон кырдаалдар пайда болгон учурда өткөрүлөт. 15.5. Кеңешмеде айыл өкмөтүнүн башчысы, ал эми ал болбогондо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду болбогон учурда жоопту катчы төрагалык кылат. 15.6. Кеңешмеге айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери, зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн башка кызматчылары дагы катышышат . Айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуулары зарыл болбогондо, кеңешмеге айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери гана чакырылат, алардын тизмеги кеңешменин демилгечиси катары чыккан адам тарабынан аныкталат. Зарыл болгон учурда кеңешмеге каралып жаткан маселелерге карата түздөн-түз тийиштиги бар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, иш каналардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү ) жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн. 15.7.Кеңешмелерди өткөрүү аркылуу төмөнкү милдеттер чечилет: 1) айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин, башка мамлекеттик органдардын жогору турган кызмат адамдарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле пландуу иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө; 2) жыйынтыктарды чыгаруу, кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышынын деңээлин жана сапатын баалоо, аткаруучулук тартибин сактоо; 3) маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, конкреттүү көйгөй боюнча маалыматтарды жалпылоо, аларга карата катышуучулардын жана аткаруучулардын көз караштарын билүү; 4) иштердин абалы жөнүндө, кызматкерлердин тапшырмаларды жана кварталдык иш пландарды аткаруу процесси жөнүндө учурдагы маалыматтарды ыкчам алуу; 5) ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана аткаруучуларга жаңы милдеттерди коюу ; 6) алардын маалыматтуулугун жана квалификациясынын жогорулатуу максатында, алардын алдына коюлган милдеттер боюнча аткаруучулар үчүн түшүндүрүү( нускамалык, тааныштыруу) жумуштарын жүргүзүү; 7) бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенишүүлөрүн координациялоо, камсыз кылуу; 8) талкуулоо, жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө; 9) айыл өкмөтүнүн учурдагы иштерине түзөтүүлөрдү киргизүү, жумуш процессин өркүндөтү. 15.8. Айыл өкмөтүнүн кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер жана тапшырмалар протоколго киргизилет, зарыл болгондо тийиштүү укуктуу актылар менен жол-жоболоштурулат. Актылар жана протоколдор жооптуу катчы же аппараттын ыйгарым укук берилген кызматчысы тарабынан даярдалат, жана кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен айыл өкмөтүнүн башчысына же төрагалык кылуучуга кол коюуга киргизилет. Актынын жана протоколдун көчүрмөсү же андан жазма көчүрмө конкретүү тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү менен, төрагалык кылуучу бекиткенден кийин аткаруучуларга 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жөнөтүлөт .
16-глава. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарынын протоколдору
16.1. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколу жазып алуулардын, чыгып сүйлөөлөрдүн берилген тезисттеринин, маалымдамаларынын, кеңешмелердин, отурумдардын убагында чыгарылган корутундулардын жана чечимдердин (токтомдордун, тескемелердин) долбоорлорунун негизинде түзүлөт. 16.2. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгондо, таратып жөнөтүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына таратылып жөнөтүлөт. Көрсөтмөнү бөлүмдүн маселени кароого даярдаган жооптуу аткаруучусу түзөт жана кол коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү мөөр күбөлөндүрүлөт. 16.3. кабыл алынган чечимдер, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, протоколдордон жазма көчүрмөлөртүрүндө аткаруучуларга жеткирилет. 16.4. Кеңешмелерде, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардынаткарылышын көзөмөлдөө жооптуу аткаруучулар тарабынан камсыз кылынат жана баяндалат. 16.5. Протокол мамлекеттик же расмий тилде жол-жоболонот. 16.6. Протоколдорду жол-жоболоонун түрлөрү, формалары жана тартиби КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлунда №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы 31-36-пунктарында келтирилген.
17-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби
17.1. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 17.2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби жана анда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы №398 токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте жүргүзүлөт . 17.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы айыл өкмөтүнүн ишин текшерүү жүзөгө ашырылганга чейин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында же ыйгарым укук берилген кызматчыда (иш кагаздарын жүргүзүүчүдө) туруучу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоону жүргүзүүгө милдетүү. 17.4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт: 1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын; 2) текшерүүлөрдү жүргүзүү башталган жана аякталган датаны; 3) текшерүүнүн негизин жана предметин; 4) текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилясын, атын жана атасынын атын; 5) ) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн убагында алынган документердин көчүрмөлөрдүн, жазма көчүрмөлөрүнүн аталыштарынын тизмеги. 17.5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоосуз айыл өкмөтүнүнишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Айыл өкмөтүнүн текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгондо, айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинен күбөлөндүрүлгөн жаза көчүрмөлөрдү берүүсү мүмкүн. 17.6. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык пландуу, пландан тышкаркы, көзөмөлдүк текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга тизмеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин жактыруу жөнундө” КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укугу бар.
VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө
18-глава Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
18.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын айыл өкмөтүнүн (айылдык кеңештин ) дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштар, арыздар, даттануулар ) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш. 18.2. Жарандардын кайрылуулары каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол-жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат. 18.3. Каттоого алынган кат резалюциянын формасы менен, айыл өкмөтүнүн башчысына кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет . 18.4. Жарандардын айылдык кеңешке даректелген кайрылуулары, каттоого алынгандан кийин резалюциянын формасы менен айылдык кеңештин төрагасына берилет, ал 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруучуларга- айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу ) комиссияларына же жооптуу катчыга берилет . 18.5. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резалюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле ктты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат. 18.6. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде каралат . 18.7. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы (айылдык кеңештин төрагасы )тарабынан арыз берүүчүгө жазуу зүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. 18.8. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат. 18.9.Эгер алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жузүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет. 18.10. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде текстте башкача эскертмеленбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт. 18.11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн. 18.12. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегенде кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет. 18.13. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзундөгү же электрондук ) , эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды короонун материалдары кошулуп тиркелет. 18.14. Эгерде кайрылуунун тексттин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну Эгерде кайрылуунун (эгерде арыз берүүчүнүн фамилясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылуунункароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет. 18.15. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт. 18.16.Соттук чечимге даттанылган кайрылуу, ошол соттук чечимге даттануунун тартибин түшүндүрүү менен, даттанууну жөнөткөн жаранга кайтарылып берилет. 18.17. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык материалдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл боюу сакталат. 18.18. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивдин иш кагаздарын жүргүүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет . 18.19. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды кугунтуктоолор күнөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.
19-глава. Жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү
19.1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин расмий электрондук даректерине ( расмий сайт, почта) келип түшкөн, электрондук кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан каттоого алынууга жатат. Жарандардын келип түшкөн кайрылуулар алар каттоого алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. 19.2. Ушул Регламенттин 18.7.-пунктунда каралган учурларда , электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн көпкө эмес. Бул тууралуу чечим айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кабыл алынат жана арыз берүүчүгө жазуу (электрондук) формада билдирилет. 19.3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуу жиберилип жаткан айыл өкмөтүнүн же айылдык кеңештин аталышын, же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын же депутатынын фамилясын, атын, атасынын атын, ошондой эле өзүнүн фамилясын, атын, атасынын атын (болгондо ), байланыш телефонун (үйүнүн, уюлдук же жумушчу), жашап турган жеринин адресин көрсөтөт, кайрылуунун маңызын баяндайт. 19.4. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин сканирлеген көчүрмөлөрун, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана көчурмө материалдар) жайгаштырылган интернет желесиндеги даректерди тиркөөгө жол берилет. 19.5. Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу кундүн ичинде аткаруучу жаранга келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кирме номурун жана тийиштүү маалымдама телефондорду көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынган жөнүндө же баш тартуунун негиздемеси менен кароодон баш тартылганы тууралуу электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басылып алынат, жана аны менен андан ары иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт . 19.6. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө, электрондук кайрылууну алган аткаруучу, электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу. 19.7. Элетрондук жооптон тышкары аткаруучу ошондой эле жаранга жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт. (Эскертүү : Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңеш Интернет желесинде өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттоодон өткөрөт. Айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин электрондук дареги алардын расмий сайтына, ал эми ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылат ).
20-глава. Жарандарды жекече кабыл алуу
20.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана кайрылуулардын манызы боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктары бар айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүүшөт. 20.2. Жарандардын кабыл алуунун графиги айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат жана айыл өкмөтүнүн маалыматтык керге такталарында жайгаштырылат, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына илинет. 20.3. Жарандарды жекече кабыл алууда, эгерде оозеки кайрылууда баяндалган маселе жекече кабыл алуу убагында чечилиши мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу (же электрондук) формада баяндалышы мүмкүн жана каттоого алынууга жана мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга жатат. 20.4. Эгерде кайрылууда чечилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысынын же айыл өкмөтүнүн кызматчысынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда, жаранга анын кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керек экени түшүндүрүлүп берилет. 20.5. Эгерде ага кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жооп берилген болсо, жекече кабыл алуунун жүрүшүндө жаранга кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн . 20.6. Алыскы айылдардан келген, I жана II топтордогу майыптуулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ болушат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
VII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
21-глава. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
21.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин иши ачык, тунук, айкын жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат . 21.2. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга берүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат . 21.3. Айыл өкмөтүнүн маалыматтарды берүүсүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат : 1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу; 2) алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү; 3) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо; 4) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин документтерине жана материалдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; 5) айылдык кеңештин ачык сессияларына, айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
22-глава. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарды элге жарыялоо ыкмалары
22.1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтар элге жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтына жайгаштырылат. Бул үчүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү бирдиктүү веб-сайтка ээ болушат: Расмий веб-сайт жок болгон учурда, маалыматтар төмөнкүлөргө жарыяланышы мүмкүн: 1) айыл өкмөтү тарабынан аныкталган атайын көрүнөө жерлерге (доскаларга, кереге такталарга; 2) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн, басылмалардын ичинен айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларга; 3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий веб-сайтына; 4)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн веб-сайтына; 5) жергиликтүу өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин сайтына). 22.2. Айыл өкмөтүнүн өзүнүн иштери жөнүндө айылдык кеңештин иштери жөнүндө калкты кабарландыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка кандай болбосун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу. Маалыматка карата жеткиликтүүлүктүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуу маалыматта кандай болбосун башка мыйзамдуу ыкма аркылуу берүүдөн баш тартууга негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес.
23-глава. Алрдын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү
23.1. Жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптары айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй формада жөнөтүлүшү мүмкүн : 1) оозеки түздөн-түз же телефон боюнча кайрылуу; 2) түздөн-түз жеткирип берүү жолу менен жазуу жүзүндөгү, почта менен, чабарман аркылуу же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилүүччү суроо-талаптар. 23.2. Суроо-талапка жооп суроо-талап жөнөтүлгөн формада канаатандырылат. Айыл өкмөтүндө турган документ бирден көп тилде болгон учурда, документ маалыматты сураган жак артыкчылык берген тилде берилет. 23.3. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо 2 аптанын ичинде жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап алынган жана катталган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоопту алар почта байланыш бөлүмүнө, автордун өзүнө, же болбосо анын чабарманына же өкүлүнө берген, же жөнөтүү электрондук байланыш каналдарында белгиленген күнү аяктайт. 23.4. Эгерде 2 аптанын ичинде суроо-талапка жооп даярдалышы мүмкүн болбосо, кийинкиге калтыруунун себептери көрсөтүлүү менен, бул тууралуу суроо-талапты жөнөткөн адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу мезгили 2 аптадан ашуусу мүмкүн эмес. Белгиленген мөөнөттөрдө жооптун берилбегени же мөөнөттүн узартылганы жөнүндө кабарландыруунун болбогону суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат. ( Эскертүү: жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароонун жана канаааттандыруунун тартиби, маалыматтарды берүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган ).
24-глава. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин элге жарыяланууга жаткан маалыматтарынын тизмеги
Айыл өкмөтүндө жыл сайын жеткиликтүү формада, көрүнөө жерлерде (маалыматтык доскаларда), өзүнүн веб-сайтында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды элге жарыялоого милдеттүү: 1) алардын иш милдеттерин жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын , милдеттенмелерин жана бекитилген жергиликтүү бюджетти ; 2) айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана сыпаттамасын; 3) суроо-талаптарды же даттанууларды кароону жана канаттандыруунун тартибин, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, даттанууларын жана башка иш-аракеттерин жол-жоболоштуруунун болжолдуу үлгүсүн; 4)айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорунун сыпаттамаасын ; 5) айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамаасын, айылдык кеңештин түзүмүн, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрунүн укуктарын жана милдеттерин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жол- жоболорунун; 6) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин өз иш-милдеттерин аткаруулары тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыган уставын, жобосун, регламенттерин, нускамаларын ; 7) жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышууларынын механизмдерин же жол-жоболорун ; 8) айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке келип түшкөн жарандардын, уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтарды ; 9) айыл өкмөтүнүн карамагында турган жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдардын маалымат банктарынын, реестрелердин тизмектерин, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин ; 10) айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана айылдык кеңештин сессияларын, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарын, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарын, чогулуштарды (жыйындарды ), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды кошуп алганда, анын туруктуу комиссиялары тарабынан уюштурулган расмий иш чаралар тууралуу маалыматтарды; 11) айылдык кеңеш, айыл өкмөтү уюштурган расмий иш чараларды кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды; 12) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тийиштүү жылга иш пландарын; 13) жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун социалдык-экономикалык программаларын, жана тапшырыкчылары же аткаруучулары айыл өкмөтү же айылдык кеңеш болуп саналган башка программаларда: аталышын, максаттарын жана негизги милдеттерин, программалардын жана негизги аткаруучулары, мөөнөттөрүн, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын,каржылоонун көлөмүн, аларды ишке ашыруунун жүрүшүн; 14) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтарды; 15) айыл өкмөтүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлору жана иш чаралары боюнча техникалык жардам (көмөктөшүү) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды; 16) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү кырдаалын жана динамикасын мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр жөнүндө негизги маалыматтарды; 17) айылдык аймакка тиешелүү расмий статистикалык маалыматтарды ; 18) айыл өкмөтү же айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган тийиштүү комиссиялар тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстар, ауксиондор тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалыматтарды, төмөнкүлөрдү кошуп алганда: - аларды өткөрүүнүн шарттарын ; - аларга жеке жана юридикалык жактарын катышуу тартибин; -конкурстук комиссиялардын курамдарын ; - конкурстук комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун ; - кабыл алынган чечимдерге даттануунун тартибин; 19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана айыл өкмөтү, ошондой эле тийиштүү комиссиялар тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын, бланктардын, кайрылуулардын формаларын ; 20) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин текшерүүлөрүн натыйжалары жөнүндө, ошондой эле табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды ; 21) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдолгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар,калкты алардан коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтү тарабынан элге жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды ; 22) жарандардын ушул айыл өкмөтүнө муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтарды: - жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартибин; -муниципалдык кызматтын болгон бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмегин ; -бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар; - бош кызмат орундарын ээлөөнүн шарттарын жана натыйжаларын ; 23) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтарды; 24) айыл өкмөтүнүн башчысы жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары жөнундө маалыматтарды ( фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын –көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча ) ; 25) айыл өкмөтүнүн аппаратынын бекитилген түзүмү жана жалпы штаттык саны тууралуу,алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана электрондук почта дарегин кошуп алганда, даректик кошуп алганда, даректик маалым-даректери жөнүндө маалыматтарды; 26) айыл өкмөтүнө ведомстволук таандыктуулуктуктагы уюмдар тууралуу маалыматтарды: уюмдардын тизмегин, почта жана юридикалык даректерин, телефондорун, алардын аткарган милдеттерин жана иш милдеттерин, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын кызматчыларынын саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды ; 27) айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары иштерине катышкан эл аралык уюмдарын тизмегин; 28) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын эл аралык инвестицияларды жана эл аралык кызматташуу программаларын ишке ашырууга катышууларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ; 29) алдыда турган жер участокторун бөлүп берүү жана жеке турак-жай курулушуна жер алууга жарандардын тизмелери жөнүндө маалыматты; 30) кабыл алынган сациалдык маанилүү чечимдер боюнча, анын ичинде айылдык кеңештин жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн, жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн токтомдору жөнүндө маалыматтарды .
25-глава. Жарандардын документтерге, материалдарга, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
25.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын документтерге жана материалдарына туздөн-түз жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат: 1) расмий маалыматтардын фонддору; 2) маалыматтар базалары. 25.2. Айыл өкмөтүнүн, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары (кеңешмелери) , ошондой эле айылдык кеңештин сессиялары жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары, жабык отурумдары кошпогондо, коомчулук үчүн ачык болуп саналат. 25.3. Отурумдардын (кеңешмелердин) ачыктыгы тийиштүү кеңешмелерге, отурумдарга катышууну каалагандыктарын билдирген жарандардын аларга катышуу мүмүкүнчүлүгү менен кепилденет. 25.4. Жабык кеңешмелер, отурумдар аларда жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар жөнүндө маселелер болуп саналган маалыматтар талкууланган үчурда өткөрүлөт.
26-глава. Маалыматтка карата жеткиликтүүлүктү чектөө
26.1. Чектелүү жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар катары таанылган, мамлекеттик сырлары киргизилген, ошондой эле купуялуу маалыматтардан тышкары, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктөгү кандай болбосун чектөөгө тыюу салынган . 26.2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат: 26.3. Купуялуу маалымат катары төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар таанылат: 1) кесиптик сырды ( кызматтык пайдалануудага документтер- КПД) ; 2) башка адамдардын мыйзам менен корголгон сырларын камтыган маалыматарды.
VIIIБөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери
27-глава. Регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
27.1. Регламент баардык муниципалдык кызматкерлер жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын башка кызматчылары тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жатат. Ушул Регламент талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана жоопту катчы тарабынан тарабынан жүзөгө ашырылат. 27.2.Регламенттин талаптарын аткарууну камсыз кылуу, документтерди жана материалдарды сапаттуу жана өз убагында даярдоо, ошондой эле айыл өкмөтүндө документтерди эсепке алуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик аткаруучуларга жүктөлөт. 27.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жоопту катчысы ушул Регламенттин талаптарынын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөйт. 27.4. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандыгы жана бузгандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары – аткаруучулар мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат, бул жөнүндө тийиштүү сунуштамаларды айыл өкмөтүнүн башчысына киргизүүгө анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы укуктуу .
28-глава. Дисциплинардык жаза-чара, кызматтык териштирүү
28.1. Кызматкер дисциплинардык жорук жасаган учурда, кызматкер дисциплинардык жоопкерчилик таратат . 28.2. Кызматкерге дисциплинардык жаза-чара айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан, дисциплинардык жорук жасаган фактысы аныкталган же бышыкталган учурларда гана салынат. 28.3.Дисциплинардык жорук жасоо фактысын аныктоо же бышыктоо үчүн өзүнүн демилгеси боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн . 28.4. Кызматтык териштирүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде,кызматкердин дисциплинардык жорук жасаганы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн. 28.5. Кызматтык териштирүү айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн, айыл өкмөтүнүн алдындагы дисциплинардык комиссия тарабынан жүргүзүлөт, 28.6. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт: 1) кызматкер жасаган жоруктагы өзүнүн күнөөсүн ак ниетинен мойнуна алганда – фактылардын чындыкка ылайык келген учурда ; 2) дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде; 3) эгерде жасалган жорукта жазык кылмышынын же админстративдик жоруктун курамдарынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен. 28.7. Кызматкер жүктөлгөн милдеттерин аткарбаганды же талаптагыдай эмес аткарганы,этикалык ченемдери сактабаганы, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн ага дисциплинардык жаза-чаралардын төмөнүдөй түрлөрү салынат: 1) сындоо; 2) сөгүш; 3)катуу сөгүш; 4) толук эмес кызматтык ылайыктуулук жөнундө эскертүү; 5) класстык ченин төмөндөтүү: 6) класстык ордунан төмөндөтүү: 7) ээлеген кызмат ордунан бошотуу; 28.8. Дисциплинардык жаза-чара түздөн-түз жорук табылгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кем эмес колдонулат. Кызматкердин ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана дисциплинардык жаза-чара салынышы мүмкүн . 28.9. Кызматкер ага салынган дисциплинардык жаза-чаранын колдонулуу мегилинде кызмат ордунан жогорулатышы мүмкүн эмес. 28.10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө тескемеси, кызматкерге аны чыгарган кундөн тартып 3 жумушчу кундүн ичинде кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн тескемеге кол коюудан баш тарткан учурда, тийиштүү акт түзүлөт. 28.12. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин бирок жаза-чара салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча дисциплинардык жаза-чараны алып салууга укуктуу. 28.13. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө чечимге кызматкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда – чечим менен таанышкан күндөн тартып 2 айдын ичинде сотко даттанышы мүмкүн. 28.14. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн тескемесинин күбөлөндүрүгөн көчүрмөсү ал кабыл алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде берилет. 28.15. Кызматтык териштирүүнүн жүргүзүүнүн тартиби. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген Жобо менен аныкталат.
IX Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
29-глава. Эмгек өргүүсү
29.1 Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана кызматчыларына ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүү берилет. 29.2.Кызматкерде иштеген биринчи жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу, кызматчы айыл өкмөтүндө үзгүлтүксүз иштеп жатканына 11 ай өткөндөн кийин пайда болот. Тараптардын макулдашуусу боюнча акысы төлөнүүчү өргүү кызматчыга 11 ай өткөнгө чейин акысы төлөнүүчү өргүү кызматчынын арызы боюнча төмөнкүлөргө берилиши керек: 1) аялдарга-кош бойлуулугу жана төрөөсү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин; 2) 18 жашка чейинки кызматчыларга; 3) айкалыштыруучуларга, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштөө боюнча 11 айга чейинки мезгилге туура келип калса; 4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды ) асырап алган кызматчыларга ; 5) мыйзамда каралган башка учурларда . 29.4. Экинчи жана андан кийин иштеген жылдары үчүн өргүү жумушу жылынын кандай болбосун убагында , ушул уюмда белгиленген ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүүнү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык берилет. 29.5. Ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары менен макулдашуу боюнча, иштин талаптагыдай жүрүшүн жана кызматчылардын эс алуулары үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуунун зарылдыгын эсепке алуу менен, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет. 29.6. Өргүүлөрдүн графиги ар бир календардык жылга кийинки календардык жыл жаңырганга чейин 2 апта калгандан кечиктрилбестен түзүлөт жана кызматкерлерге жана кызматчыларга маалымдалып жеткирилет. 29.7. Эмгек мамилелерин жана алар менен байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.
30-глава. Жумуш убактысынын узактыгы
30.1. Айыл өкмөтүндө жумуш убактысынын узактыгы аптасына 2 дем алыш күнү, белгиленген 5 жумушчу күнү бар аптасы менен, жумасына 40 саатты түзөт. 30.2. Жумуш убактысынын белгиленген узактыгынын чегинен тышкары иштөө кызматчынын демилгеси боюнча (айкалыштыруучулук ) да, жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дагы ( мөөнөттөн ашыкча иштөө), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 30.3. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү жумушка тартуу, тараптардын макулдашуулары боюнча кызматкерге, кызматчыга башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен, же 2 эселенгенден кем эмес өлчөмдөгү акчалай формада компенсатцияланат. 30.4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары үчүн жумуштун башталуу жана аяктоо, эс алуу үчүн тыныгуу убактысы төмөдөгүдөй берилет; 1) жумуштун башталышы- 8 30 ; 2) эс алуу үчүн тыныгуу – 12 00 – 13 00 гө чейин ; 3) жумуштун аякташы – 17 30 ; 4) майрамдын алдынкы күндөрү жумуштун аякташы – 17 30 чейин . 30.5. Жумушка келүүнү жана кетүүнү, ошондой эле кызматчылардын өздөрүнүн иш –милдеттеринин аткарууларын көзөмөлдөөнү уюштурууну айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы (же иш кагаздарын жүргүзүүчүсү ) жүзөгө ашырат. 30.6.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлү себептер боюнча бөлүм башчылардын, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жоопту катчысынын же айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат . 30.7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же жоопту катчысы жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлү себептер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы : К.Асанов