Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12- февралы № 3
“Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жɵнүндɵ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамынын III главасынын 31-беренесинин,“Жайыттар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 10,11-беренелеринин жана Кыргыз Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылга карата Отуз-Адыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүктɵрү 150,0 миң.сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.(тиркеме тиркелет.)
2. Жайыт тɵлɵмү бир шарттуу малдын башына сезон ичинде күнүнɵ 0,83 сомдон белгиленсин.
3. Жайыт тɵлɵмү бир шарттуу кой-эчкинин башына сезон ичинде күнүнɵ 0,17 сомдон белгиленсин.
4. Чɵп чабыкка пайдаланылган жайыт жерлер үчүн жайыт тɵлɵмү гектарына 500 сомдон,ал эми башка максаттарда пайдаланылган жайыт жерлер үчүн жайыт тɵлɵмү гектарына 1000 сомго чейинки ɵлчɵмдɵ белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн.(А.Мамасалиев)
6. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)
Отуз-Адыр айылдык
Кеңешинин тɵрагасы Н.А.Калматов
Айылдык Кеңештин 2020-жылдын
«12 » -февралында өткөрүлгөн кезексиз
VI сессиясынын (6-чакырылыштагы)
№ 3-токтомуна № 1 тиркеме
Отуз-Адыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүктɵрүнүн сметасы
№ | Киреше | Сумма (сом менен) |
1 | Чɵп чабындыдан | 66000 |
2 | Кызыл-Абад айылындагы жайытынан | 24000 |
3 | Альфа телеком ишкансынан | 60000 |
| Жыйынтыгы | 150000 |
Чыгаша | ||
1 | Жолду оңдоого | 10000 |
2 | Эмгек акына | 60000 |
3 | Соц.фонд 17.25 | 10350 |
4 | Жол чыгымдары (транспорт) | 6000 |
5 | Жайытка мониторинг жүргүзүүгɵ | 2000 |
6 | Конц. товарга | 3000 |
7 | Ройондук жайыт пайдалануучулар ассоциацияна мүчɵлүк акы үчүн | 3000 |
8 | Кызыл-Абад мал суу ичүүчү жайларды оңдоого | 5650 |
9 | Айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин эсебине | 50000 |
| Жыйынтгы | 150000 |
|
|
|
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.З.Зикиров