Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 8-июну ПЖ № 223
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү
жөнүндө
(КР Президентинин
2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын судьяларынын жоопкерчилигин күчөтүү макса-
тында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 26-февралында-
гы N 63 "Кыргыз Республикасынын судьяларына дем берүү жана жоопкерчили-
гин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген Кыр-
гыз Республикасынын судьяларынын тартип жоопкерчилиги жөнүндө Жобого
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен
толукталсын.
"- төрага, анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи-
касынын Президенти же ал ыйгарым укук берген орган;
- төрага, анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи-
касынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук
кењештин төрагасы."
- 15-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Сотунун төрагаларын кызматтан бошотуу жөнүндө маселени козгоо
тууралуу судьялардын тийиштүү квалификациялык коллегиясынын чечими ме-
нен кабыл алынган сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине судьялардын
квалификациялык коллегиясынын корутундусун тиркөө менен киргизилет.";
- төртүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин.
2. (КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрында-
гы N 414 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегия-
сы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобого
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
10-пункттун экинчи абзацындагы "Сотунун" деген сөздөрдөн кийин
"төрагасынын, анын орунбасарынын жана" деген сөздөр кошулсун;
11-пункттун экинчи абзацындагы "Сотунун" деген сөздөрдөн кийин
"төрагасынын, анын орунбасарларынын жана" деген сөздөр кошулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрында-
гы N 440 "Кыргыз Рөспубликасынын Президентинин Администрациясынын
түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен беки-
тилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридика-
лык бөлүмү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 9-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац
менен толукталсын:
"- текшерүүнүн натыйжасы боюнча төрага, анын орунбасары жана судь-
яларга карата тартип өндүрүшүн козгоого;";
он үчүнчү - он жетинчи абзацтар тийиштүү түрдө он төртүнчү - он
сегизинчи абзацтар деп эсептелсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев