ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 8-июнундагы № 223 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 8-июну ПЖ № 223

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

                         АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

 

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин

              кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү

                                жөнүндө

 

                           (КР Президентинин

            2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгынын

                         редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын судьяларынын жоопкерчилигин күчөтүү  макса-

тында токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 26-февралында-

гы N 63 "Кыргыз Республикасынын судьяларына дем берүү жана жоопкерчили-

гин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген Кыр-

гыз Республикасынын  судьяларынын  тартип  жоопкерчилиги жөнүндө Жобого

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

     - 4-пункт  төмөнкү  мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен

толукталсын.

     "- төрага, анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи-

касынын Президенти же ал ыйгарым укук берген орган;

     - төрага,  анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи-

касынын Президентине  караштуу  сот  адилеттик  иштери  боюнча  Улуттук

кењештин төрагасы."

     - 15-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү  абзац  менен  толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун,  Кыргыз Республикасынын

Жогорку Сотунун төрагаларын кызматтан бошотуу жөнүндө  маселени  козгоо

тууралуу  судьялардын тийиштүү квалификациялык коллегиясынын чечими ме-

нен кабыл алынган сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине судьялардын

квалификациялык коллегиясынын корутундусун тиркөө менен киргизилет.";

     - төртүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин.

     2. (КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту)

     3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрында-

гы N 414 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегия-

сы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу"  Жарлыгы  менен  бекитилген  Кыргыз

Республикасынын  судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобого

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

     10-пункттун экинчи  абзацындагы  "Сотунун"  деген  сөздөрдөн кийин

"төрагасынын, анын орунбасарынын жана" деген сөздөр кошулсун;

     11-пункттун экинчи  абзацындагы  "Сотунун"  деген  сөздөрдөн кийин

"төрагасынын, анын орунбасарларынын жана" деген сөздөр кошулсун.

     4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрында-

гы  N  440  "Кыргыз  Рөспубликасынын  Президентинин  Администрациясынын

түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен беки-

тилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридика-

лык бөлүмү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

     - 9-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы он  үчүнчү  абзац

менен толукталсын:

     "- текшерүүнүн натыйжасы боюнча төрага, анын орунбасары жана судь-

яларга карата тартип өндүрүшүн козгоого;";

     он үчүнчү - он жетинчи абзацтар тийиштүү түрдө он  төртүнчү  -  он

сегизинчи абзацтар деп эсептелсин.

     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин

     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев