Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 6-сентябры № 34/1
Дөбөлү айыл аймагына карашттуу жер аяннтарынан, кен иштеткен башка «ишканалардан, айыл аймагынын тургундарынан келип тушкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдында «Дөбөлү айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» түзүү максатында Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдында «Дөбөлү айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемеси түзүлсүн.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдында «Дөбөлү айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемесин түзүү жагы Дѳбѳлү айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы( "Дөбөлү айыл ймагынын өнүктүрүү фонду" мекемесинин аталышын, уставын, юридикалык аталышын, фондун башчысын жана бухгалтерин буйрук чыгарып бекитүү жагы милдеттендирилсин.
4. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Өнүктүрүү фондунун башчысы ишмердүүлүгү боюнча Айылдык Кеңешке отчётун бир жылда бир жолу берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын Дѳбѳлү айылдык кенештин тѳрагасына калтырамын.
Төрага | Уланбек уулу Жолдошбек |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 34- сессиясынын
2019-жылдын 6-сентябрь 34/1 токтомуна тиркеме
Дөбөлү айылы 2019-жыл
1. Жалпы жоболор
1.1. Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду мекемеси мындан ары «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси деп атала турган Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагын өнүктүрүүнүн пландаштыруу жагында Дөбөлү айыл аймагына караштуу жер аянттарынан кен иштеткен жана башка ишканалардан жардам катары түшкөн социалдык пакетин натыйжалуу пайдаланууда, инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоого, айылдын активдүү, таланттуу жаштарын, мүмкүнчүүгү чектелген балдарды жана айыл тургундарын колдоо бо.туп саналат.
1.2. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси укуктук жактан коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ. Фонд юридикалык жактын статусун. ошондой эле өзү мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап өз ишин жүзөгө ашыруу боюнча укуктар менен милдеттенмелерге ээ болот жана сотто доочу жана жоопкер катары чыга алат.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесин уюштуруучусу болуп Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп саналат. Юридикалык дареги: Нарын району Дөбөлү айылы, М.Боромбаев көчөсү № 36
Өз ишинде «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюумдар жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын, ушул Уставдын жоболорун. ошондой эле. уюштуруучулар менен юридикалык макулдашууларды жетекчиликке алат.
Өнүктүрүү Фондунун иш кагаздары кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Жумушчу тил болуп: кыргыз жана орус тилдери саналат.
Өнүктүрүү Фондунун уюштуруучулук формасы боюнча-мекеме.
Өнүктүрүү Фондунун толук аталышы:
кыргыз тилинде: «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси орус тилинде: Учреждение Фонд Развития Доболунского айылного аймака; Өнүктүрүү Фондунун кыскартылган аталышы: кыргыз тилинде: Дөбөлү айыл аймагын ӨФМ орус тилинде: УФР Доболунского айылного аймака
1.8. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин жайгашкан орду:
Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы, М.Боромбаев көчөсү №36
1.9 « Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси Кыргыз Республикасынын чегинде өзүнүн обочолонгон мүлкү, мөөрү, штампы, кызматтык кат алмашуу үчүн атайын эмбилемасы (символикасы) жана Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда өзүнүн валюталык, эсептик жана башка счеттору болот.
1.10. Өз милдеттерин аткарууда «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси төмөнкү принциптерди бекем сактайт: калыстык, обьективдүүлүк, чынчылдык, ачыктык, камкордук жана өнөктөштүк, натыйжалуулук, өз алдынчалуулук, экологиялык коопсуздук.
II. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин максаттары жана милдеттери
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин негизги максаты айыл аймагындагы жергиликтүү жарандардын жашоо денгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин милдеттерине жергиликтүү жамааттарга, жамааттык уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жергиликтүү денгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө жардам төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүү болуп саналат:
социалдык жактан муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү;
жергиликтүү жаштарды анын ичинен активдүү жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү;
айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, тургундарга материалдык колдоо көрсөтүү;
айыл чарба иштерин жакшыртуу максатында айыл чарба техникаларын алууга;
айыл элинин социалдык керектөөлөрүнө;
айылдын инфраструктурами жакшыртуу жана оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө;
айылдагы дене тарбия жана маданият иштерин жакшыртууга, өстүрүүгө;
асыл тукум малдарды өстүрүүгө;
приоритеттүү долбоорлордун өздүк салымдарына;
социалдык обьектилерди курууга.
2.3. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди уюштуруу боюнча иш-чараларга, белгиленген ченемден жогору сыйакыларды телөөгө жана фондунун максаттарына, милдеттерине ылайык келбеген башка иш чараларга жол берилбейт.
III. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин мүлкү жана
Каражаттары
3.1. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
Фондго Дөбөлү айыл аймагына караштуу жер аянттарынан кен иштеткен ишканалардан жардам катары түшкөн социалдык пакеттин каражаттарынан;
Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары, ошондой эле айрым жарандар ыктыярдуу которгон каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардан.
3.2. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесин уюштуруучу тарабынан берилген мүлкүнө оперативдүү башкаруу укугуна ээ. Өнүктүрүү Фонду мүлккө ээ жана аны Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык пайдаланат жана тескейт. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси өзүнүн милдеттерин жабуу үчүн ресурстары жетишсиз болгон учурда милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Каражаттар бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат.
Жылына бир жолу финансылык операциялык жыл аяктагандан кийин «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси өзүнүн финансылык ресурстарын жана ишине ички аудит жүргүзөт.
IV. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесин башкаруу органдары
4.1. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
уюштуруучу;
Байкоочу Кеңеш;
директор:
V. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесин
Уюштуруучусу
5.1. Уюштуруучунун ыйгарым укуктары:
- «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директорун дайындоо;
- Байкоочу Кеңештин сунушунун негизинде «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директорун кызматтан алуу;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин приоритеттик багытарын аныктоо;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин Байкоочу Кеңешин жана төрагасын дайындоо:
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
Активдерди (мүлктү) берүү жөнүндө маселени чечүү;
- «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин ишин токтотууга (өзгөртүп уюштурууга, жоюуга) байланышкан маселелерди кароо.
VI. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин Байкоочу Кеңеши
6.1. Байкоочу Кенеш 7 мүчөдөн турат, анын ичинен бирөө төрага болуп дайындалат; Байкоочу Кеңештин курамына кызматы боюнча Дөбөлү айыл аймагына караштуу Дөбөлү, Кеңеш жана Алыш айылдарынын тургундары кирет:
6.2. Байкоочу Кеңештин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Өнүктүрүү Фондунун ишине багыт берүү жана контролдоо;
- «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесине Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директорун, кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин жылдык бюджетин бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү;
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин жылдык отчетун угуу жана бекитүү;
- «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин негизги каражаттарын тескөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
- «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү;
6.3. Байкоочу Кеңеш «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин учурдагы ишине кийлигише албайт. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү Өнүктүрүү Фондунун атынан аракеттенүүгө укуксуз.
Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесине карата лоялдуулукту сактоого тийиш. Алар ушул Уставга каршы келген максаттарда өздөрүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышпайт же Өнүктүрүү Фондунун мүлктүк же мүлктүк эмес кызыкчылыктарына зыян келтиришпейт
.
VII. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин Байкоочу Кеңешинин жыйналышын өткөрүү тартиби
7.1. Байкоочу Кеңештин биринчи жыйналышына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин эки жуманын ичинде «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору тарабынан уюштурулат.
Төрага Байкоочу Кеңештин 7 мүчөсүнүн ичинен Уюштуруучу тарабынан бекитилет.
Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта аткарат. Байкоочу Кенештин мүчөсү катары өз ишин аткаргандыгы үчүн өнүктүрүү фондунан же башка булактардан эмгек акы, калем акы же башка компенсация алышпайт.
7.4. Байкоочу Кенештин мүчөлөрү Байкоочу Кеңештин жыйналышына катышуунун натыйжасында тарткан жол кире чыгымдары үчүн «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен компенсация алышы мүмкүн.
7.5. Байкоочу Кеңеш өз ишин ушул Уставдын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин ишине тиешелүү юридикалык макулдашууларга ылайык жүргүзөт.
7.6. Байкоочу Кеңештин жыйналышы кеминде үч айда бир жолудан өткөрүлөт. Атайын жыйналыштар Байкоочу Кеңештин төрагасынын, «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директорунун же ар кандай эле Байкоочу Кеңештин эки мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн. Бардык мүчөлөрдүн 50% дан ашыгы катышса, Байкоочу Кеңештин кворуму бар деп эсептелинет. Байкоочу Кеңештин чечими катышып отурган мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Байкоочу Кеңештин бардык мүчөлөрү Байкоочу кеңештин жыйналышы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде он жумушчу күндөн кечиктирбестен талаптагыдай кабардар кылынууга тийиш. Атайын же өзгөчө жыйналыштар болгон учурда билдирме Байкоочу Кенештин мүчөлөрүнө кеминде үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлүшү мүмкүн. Билдирмеде күн тартибине байланышкан бардык зарыл документтерди тиркөө менен алдыда боло турган жыйналыштын күн тартиби камтылууга тийиш.
Байкоочу Кеңештин жыйналышында протокол жазылат. Протоколго төрага кол коет жана Байкоочу, Кенештин бардык мүчөлөрүнө жана «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директоруна берилет.
Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси Байкоочу Кеңешинин мүчөсү өзүнүн материалдык таламына тике же кыйыр тиешеси бар маселе боюнча добуш берүүгө катыша албайт.
Байкоочу Кеңештин мүчөсү анын жыйналышына жүйөөлүү себепсиз көп учурда катышпай калганда же ал «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин таламдарына ар кандай формада кыйла зыян келтирген учурда ал «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси Байкоочу Кеңешинен чыгарылышы мүмкүн. Байкоочу Кенештин мүчөсүн чыгаруу жок эле дегенде анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси добушун талап кылат.
Байкоочу Кенештин мүчөсү кенештин курамынан өз демилгеси боюнча чыгышы мүмкүн.
VIII. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору Дөбөлү айыл өкмөтүнүн буйругу менен кызматка дайындалат.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору бир же бир нече жолу жаңы мөөнөткө кайра дайындалуу мүмкүнчүлүгү менен төрт жылдык мөөнөткө дайындалат.
8.3. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору Байкоочу Кенешке отчет берет.
8.4. Байкоочу Кеңеш «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору өз милдеттерин тиешелүү аткарбаган, «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесине материалдык зыян келтирген учурда аны кызматтан бошотуу жөнүндө Уюштуруучуга сунуш киргизе алат.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин учурдагы ишине жооп берет. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору өзүнүн ишин эч кимге коз карандысыз жана башкалардын кийлигишүүсүз ушул Уставдын жоболоруна ылайык жүргүзөт.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директорунун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактардын алдында «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин атынан чыгууну, «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин атынан келишимдерди, протоколдорду,
макулдашууларды, учурдагы операциялык ишине тиешелүү башка документтерди түзүүнү, анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды камтыйт.
IX. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
9.1. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин директору же Байкоочу Кенештин ар кандай мүчөсүнүн сунушу боюнча Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнүн добуш бериши жана көпчүлүк добушу менен Уюштуруучуга сунуш киргизилет. Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат.
X. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин ишин токтотуу тартиби
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин ишин Уюштуруучунун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде сот тарабынан токтотулат.
«Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинин жоюлгандан жана юридикалык макулдашууларга ылайык кредиторлор менен эсептешкенден жана кайта кайтарылгандан кийин калган мүлк жана акча каражаттары «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси Уюштуруучусунун салымына жараша кайра кайтарылат.
10.3. «Дөбөлү айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси иштөө процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланылат жанасакталат.
Ѳнүктүрүү фондунун башчысы Р. Жумабаев