КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-июну ПЖ № 259 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына жана жакын чөйрөсүнө таандык мүлктөр менен байланышкан маселелер жөнүндө" Жарлыгы менен белгиленген чектөөлөрдү алып салуу тууралу Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үйбүлөмүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык кыймылдуу жана кыймылсызмүлктөрдү аныктоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча мамлекет-тик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) ишин аяктагандыгы жанабардык материалдарды укук коргоо жана фискалдык органдарга өткөрүп бер-гендигине байланыштуу токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 18-апрелиндеги № 108 "Кыргыз Республикасынын биринчи Прези-денти А.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына жана жа-кын чөйрөсүнө таандык мүлктөр менен байланышкан маселелер жөнүндө"
Жар-лыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын биринчи ПрезидентиА.А.Акаевге, анын үйбүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандыкКыргыз Республикасындагы жана андан тышкары жерлердеги текшерүүгө жат-кан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн болжолдуу тизмесине киргизилгенюридикалык жактардын ишине байланышкан жана жазык өндүрүшүндө тургаништерге тиешеси барлардан тышкары Мамлекеттик комиссиянын чечимдери ме-нен толукталган: - баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүргүзүү боюнча; - юридикалык жактарды каттоо жана кайра катоо боюнча; - кыймылсыз мүлк менен бүтүм жасоо менен байланышкан укук бел-гилөөчү документтерди (анын ичинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу, кайратариздөө, арендага берүү жана менчик укуктарынын өтүп кетишине алып ке-ле турган бүтүмдүн башка түрлөрү жөнүндө маалымкаттарды жана документ-терди) берүү боюнча: - жетекчи органдарында кадрдык алмашуулары боюнча; - Кыргыз Республикасынан тышкары акча каражаттарын которуу, ошон-дой эле бардык эсеп-кысаптар боюнча башка акча каражаттарын жүргүзүүбоюнча бардык чектөөлөрдү 2005-жылдын 1-июлунан баштап алып салсын. 2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев