Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны
2019-жылдын 19-марты № 11/2
Ылай-Талаа айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө ысырапкерчиликке бөгөт коюу жана ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө орун алып келген ысырапкерчиликке бөгөт коюу жана ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында 25.02.2019-жылы өткөрүлгөн элдик жыйында каралган иш-чараларды айыл аймагында жайылтуу жана аткарууга алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун маалыматын, айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 25.02.2019-жылы өткөрүлгөн элдик жыйында кабыл алынган иш-чаралар Ылай-Талаа айыл аймагында жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кара ашына 1 (бир) баш кара мал же 2 (эки) баш кой жандыгын союу менен өткөрүлсүн жана маркумдун урматын белгиленүүчү үчүлүк, пайшамбалик, кыркылык, себет материал алып келүү менен союш жетелеп чай ичирүү, кийит, жыртыш, жаназага турган молдолорго акча берүү жөрөлгөлөрүнө тыюу салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо тууралуу Жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Ылай-Талаа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
4. Ар бир айылдар боюнча жыйындарды өткөрүү менен кабыл алынган эрежелерди айыл тургундарына жеткирип жеринде түзүлгөн комиссиялар менен иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезексиз ХI сессиясынын (VI чакырылыш) 19-март 2019-жылдагы № 11/2 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо тууралуу Жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Ылай-Талаа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча
13.Тажияда жылкы,бодо мал союу
14.Үчүлүк ,пайшамбилик ,жетилик,жумалык жана кырктык өткөрүү
15.Өткөн маркумду эскерип көк кийүү
16.Себет көтөрүү ,себет алып баруу ,себет кабыл алуу
17.Чай ичирүү
18.Маркумдун бейитине эстелик тургузуу
19.Жаназага турган молдолорго акча берүү
1.Тажияда жана жылдыкта эки кой же бир бододон ашык союлбасын. Сөөк кайтаргандарга союш союлбасын. Жаназа намазга турган молдолорго жылкы баласы берилбесин. Куран окутканда дасторконго нан,боорсоктон башка эч кандай конфет,печенье ж.б. коюлбасын .(эки кой союлса бодо союлбайт,бир бодо союлса жандык союлбайт.)
2.Үчтүк ,пайшамбилик ,жетилик ,жумалык жана кырктык өткөрүүгө тыюу салынсын.
3.Өткөн маркумду эскерип көк кийүү маркумдун кыздарына жана жубайына гана болсун. Көк кийүү шариатта жок экенин айылдын имамдары элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн .
4.Чай ичирүүгө,союш жетелөөгө,атайын үй бөлүп коноктоого,сандык ачууга,жыртыш берүүгө ,себет алып барууга ,себет кабыл алууга тыюу салынсын.
5.Маркумдун бейитине эстелик тургузулбасын.Элүү жылда эл жаңы ,жүз жылда жер жаңы.Толгон күмбөздөр кайра жайга иштетүүгө берилсин.
6.Айыл аймагынын элин социалдык жактан муктаждыкка түрткөн ыксыз чыгымдарды, ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында айыл өкмөтүндө,ар бир айылда атайын комиссиялар түзүлсүн. Айылдык комиссиялар айыл өкмөтүндөгү комиссияларга ,айыл өкмөтүндөгү комиссиялар райондогу комиссияга ар бир айдын 25-30 дарында жасаган иштери боюнча отчет берип турушсун. Айыл өкмөтүнүн башчысы жылына бир жолу ыксыз чыгымдар боюнча айылдык кеңештин сессияларында депутаттарга отчет берсин.
7.Баардык айылдарда ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
8.Ушул резолюция айылдык кеңештин сессиясында талкууланып бекитилди.
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: С.Осмоналиев