Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 1
Кашка-Суу айыл аймагындагы жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндө” №114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан жүргүзүлгөн Кашка-Суу айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча баяндаманы угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы КРнын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде
Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгы төмөндөгүлөрдү эске алуу менен бекитилсин.
-Кыргыз Республикасында жер реформасы жүргүзүлгөн мезгилде токой фондусуна караган жерлердин эсебинен атуулдарга кайраакы жер үлүштөрү жана башка багытта жерлер берилип кеткендиктен, ал жерлердин ордуна биздин аймакка жакын жайгашкан мамлекеттик запастагы жерлердин эсебинен алмаштырып берүү жагы жогорку органдарга сунушталсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Мамадалиев |