Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы ПЖ № 232 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) консультативдик-кеңешүүчү орган болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасын өнүктүрүү маселелери, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле маданий-руханий кызматташтыкты колдоо маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча мекендештердин Кыргыз Республикасынын бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоону камсыз кылган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш саясий максаттарды көздөбөйт.
2. Кеңештин негизги максаты, милдеттери, функциялары жана ишинин принциптери
4. Кеңештин негизги максаты Кыргыз Республикасын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.
5. Кеңештин ишинин негизги формалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик бийлик органдары, муниципалдык органдар, ошондой эле коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар жана мекендештердин бирикмелери менен өз ара аракеттенүү;
2) эл аралык уюмдар жана алардын уставдык органдары менен кызматташуу;
3) экономикалык, маданий, социалдык, билим берүүчүлүк, гуманитардык жана башка багыттагы долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу жана колдоо, ошондой эле мекендештерге карата мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
4) чет өлкөдөгү мекендештердин жашоо сапатын жогорулатуу, этностук маданиятты сактоо боюнча кыргыз диаспораларынын жана бирикмелеринин күч-аракеттерин координациялоо;
5) чет өлкөдөгү мекендештердин проблемалары жөнүндө коомдун кабардар болушун жогорулатуу жана маалымат алмашуу.
6. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан негизги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) миграция, анын ичинде эмгек миграциясынын маселелери боюнча программалык документтерди аныктоого жана иштеп чыгууга катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасына тикелей чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган мекендештердин күч-аракеттерин координациялоо;
6) Кеңештин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшүн кароо;
7) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө мекендештердин салымынын жана катышуусунун ийгиликтүү болгон мыкты тажрыйбалары жөнүндө чет өлкөдөгү мекендештерди системалуу түрдө маалымдоо.
7. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) коом алдындагы жоопкерчилик;
2) Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
3) чет өлкөдөгү мекендештер үчүн ачыктык;
4) иштин ачык-айкындыгы;
5) даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
6) чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда коомдук пикирди эске алуу;
7) соңку натыйжага багытталуу.
3. Кеңештин түзүмү жана курамы
8. Кеңештин аткаруу органынын функциясын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
9. Аткаруу органы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана Кеңештин мүчөлөрү менен жумушчу контакттарды түзүү;
2) Кеңештин жыйналышынын күн тартибин даярдоо;
3) чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, алардын аткарылышын контролдоо;
4) кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжалары жана ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
5) Кеңештин чечимдеринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
6) ички иш кагаздарды жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүү жана сактоо;
7) башка функцияларды жүргүзүү.
10. Кеңештин жеке курамын аткаруу органынын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
11. Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин төрагасы болуп эсептелет.
12. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аткаруу органы тарабынан сунушталган жетекчи деңгээлиндеги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү;
- өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү;
- чет өлкөдөгү мекендештердин өкүлдөрү:
1) кеминде 3 жыл мекендештердин маселелери менен иштеген коммерциялык эмес уюмдар, мекендештердин бирикмелери, кыргыз коомдору, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), туруктуу өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери же Кыргыз Республикасынын визалык пункттары сунуштаган мекендештер;
2) чет өлкөдө дайыма болгон же чет мамлекеттин жараны болгон мекендештерден Кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер коммерциялык эмес уюмдардын, мекендештердин бирикмелеринин, кыргыз коомдорунун сунуштамаларынын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же сунуштап жаткан коммерциялык эмес уюм катталган жана уставдык ишин жүргүзгөн өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын визалык пункттарынын сунуштама-каттарынын негизинде каралат;
3) Кыргыз Республикасында болгон жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген мекендештердин өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын визалык пункттарынын сунуштама-каттары талап кылынбайт.
4. Кеңештин жана Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
13. Жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарында угууга;
- эксперттик баалоону жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет элдик эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга.
14. Кеңештин ар бир мүчөсү жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйналышынын күн тартибин түзүүгө катышууга жана сунуштарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган интеллектуалдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартууга.
15. Кеңештин мүчөлөрү, чакырылган адамдар, ошондой эле коюлган маселелерди чечүүгө кызыкдар жана Кеңештин катчылыгында каттоо жол-жобосунан өткөн адамдар Кеңештин жыйналыштарына катышат.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
16. Кеңештин жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
17. Эгерде жыйналышка Кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү, анын ичинде Кеңештин төрагасы катышса, Кеңештин жыйналышы мыйзамдуу (кворум бар) деп эсептелет.
18. Чет өлкөдөгү мекендештердин ичинен Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарына катышуусу аралыктан (онлайн режиминде) теле жана видеокоммуникацияларды колдонуу менен болушу мүмкүн.
19. Кеңештин кезектеги жыйналышы Кеңештин катчылыгы же Кеңештин төрагасы тарабынан чакыртылат.
20. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин аткаруучу органы же Кеңештин мүчөлөрүнүн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
21. Кеңештин мүчөлөрү жыйналыш өткөрүүгө чейин кеминде 10 календарлык күндөн кечиктирбестен Кеңештин жыйналышын чакыруу жөнүндө жазуу жүзүндө же коммуникациянын электрондук каражаттарын колдонуу менен, жыйналыштын күн тартибин, ошондой эле аны өткөрүү күнүн, мезгилин жана ордун көрсөтүү менен кабардар кылынат.
22. Кеңештин ишинин алкагында эки жылда бир жолу "Мекендештер" форумун үзгүлтүксүз өткөрүп туруу каралат.
23. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык камсыз кылууну Кеңештин аткаруучу органы жүргүзөт.
24. Кеңештин жыйналышында чечим катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда Кеңештин төрагасынын добушу аныктоочу болуп саналат.
6. Кеңештин чечимдери жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
25. Кеңештин чечими Кеңештин жыйналышынын протоколу менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы кол коёт.
26. Кеңештин протоколу Кеңештин жыйналышы өткөн күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Кеңештин аткаруучу органы тарабынан түзүлөт жана Кеңештин мүчөлөрүнө бекитүүгө жөнөтүлөт.
27. Кеңештин жыйналышында чечим кворум болгондо кабыл алынат.
28. Кеңештин сунуштарын жана сунуштамаларын аткарууга мониторинг жүргүзүүнү Кеңештин аткаруучу органы жүзөгө ашырат.
29. Сунуштамалар жана/же сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бир айдын ичинде каралууга тийиш.
30. Кеңештин чечими сурамжылоо жолу менен сырттан кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү жолу (сурамжылоо жолу) менен кабыл алынган Кеңештин чечими, эгерде добуш берүүгө Кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү катышса, анык болуп эсептелет. Сырттан добуш берүү Кеңештин төрагасы кол койгон сурамжылоо барагын колдонуу менен, ошондой эле аралыктан (онлайн) теле жана видеокоммуникациялардын каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт.