Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 19-ноябры ПЖ № 232
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 1-августундагы ПЖ N 99 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.
Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.
Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 96 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 1-августундагы ПЖ N 99 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы; |
Омурбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Кеңештин катчысы. |
|
| Кеңештин мүчөлөрү: |
Касымалиева Аида Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Чингиз Азаматович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | - | "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору; |
Молдокматов Жениш | - | "Замандаш" коомдук фондунун президенти; |
Бегиева Джамиляхан Абжашевна | - | Москва шаарындагы "Мекеним Ала-Тоо" коомунун төрагасы, Россия Федерациясы; |
Акаев Каныбек Муталиевич | - | Новосибирск шаарындагы "Бакай-Ата" региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Кубатбеков Турсунбай Сатымбаевич | - | Москва шаарындагы "Кыргызбиримдиги" региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич | - | "Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргызстандыктар союзу" региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси; |
Каримов Камчыбек Камбарович | - | Екатеринбург шаарындагы "Киргизия-Урал" Свердловск облустук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович | - | Москва шаарындагы "Ишкерлердин эл аралык ассоциациясы" региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Чериков Азизбек Арапбаевич | - | Абакан шаарындагы "Менин Кыргызстаным" Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Батаева Назгуль Жанышбековна | - | Красноярск шаарындагы кыргыздардын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Сманова Канзада Нурманбетовна | - | Тюмень шаарындагы "Биримдик" региондук коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Акматов Толкунбай Усенович | - | Москва шаарындагы "Ноокат-Каймос" коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы; |
Мамаева Октом | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары, Россия Федерациясы; |
Исмаилов Азамат Турдукеевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү, "Бустер трейд" ЖЧКнын башкы директору, "Кыргызстандын агрардык платформасы" коомдук уюмунун президенти; |
Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич | - | Алматы шаарындагы "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү, Казакстан Республикасы; |
Шаматов Дуйшон | - | Назарбаев Университетинин Жогорку билим мектебинин ассоциацияланган профессору; |
Аширбеков Жарашбек Абжалбекович | - | ишкер, АДС/Айкидо, Джиу-Джитсу, өзүн-өзү коргонуу борборунун менеджери, Астана шаары, Казакстан Республикасы; |
Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна | - | Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Өзбекстан Республикасы; |
Курманбаев Курстанбек Ибраимович | - | Тажикстан Республикасындагы "Мекендеш" улуттук-маданий борборунун төрагасы, "Хенкель" компаниясынын Тажикстан Республикасындагы расмий өкүлү; |
Акматов Токтобек Маматович | - | Гуанчжоу шаарындагы "Goldmark Group Limited" соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Кытай Эл Республикасы; |
Калилов Эмиль | - | жеке ишкер, Корея Республикасы; |
Сарыгулов Айбек Жамангулович | - | Түркия Республикасындагы "Кыргызстандын достук жана маданият коому" коомдук фондусунун төрагасы; |
Такабаев Тимурлан Айдарбекович | - | Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Түркия Республикасы; |
Ниязалиев Дастан Нарынбекович | - | Мюнхен шаарындагы кыргызстандыктардын "Ордо" коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку прикладдык башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти, Германия Федеративдүү Республикасы; |
Тоялиева Гульнур | - | "Kyrgyz Club Austria" негиздөөчүсү; |
Жусупова Рахат | - | Кыргызстандыктардын эдинбургдук коомунун лидери, "Waitrose and Partners" компаниясынын кызматкери, Улуу Британия; |
Жантаев Эрбол Тургунович | - | Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, Пенсильвания штаты, АКШ; |
Улан Азимбаев | - | Чикаго шаарындагы Кыргыз маданий борборунун директору, Иллинойс штаты, АКШ; |
Казыбаева Мира | - | Торонто шаарындагы "Kyrgyzstanis in Canada" коомчулугунун негиздөөчүсү, Канада; |
Керимбекова Атыркуль Сардарбековна | - | Кальяри шаарындагы "Kirghizistan unito in Sardena" кыргызстандыктардын коомчулугунун өкүлү, Италия; |
Мыйтанова Жанара Борончуевна | - | Фейсбуктагы "БАЭдеги жаштардын демилгечи тобу" социалдык тобунун администратору, 4"Silk Road Holidays Homes Rental LLC" компаниясынын тең ээси; |
Суранчиева Малика Токторбековна | - | Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү; |
Акималиева Айгуль Акималиевна | - | Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери. |