Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 19-ноябры ПЖ № 230
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарынан "КПҮ" грифин алып салуу жөнүндө
Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктарынан "КПҮ" грифи алып салынсын:
- 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 16-майындагы № 114 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 248 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу";
- 2011-жылдын 28-ноябрындагы № 304 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө";
- 2014-жылдын 24-июнундагы № 123 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу".
- 2017-жылдын 1-мартындагы № 39 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
(КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 2 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 96 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |