Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2019-жылдын 11-январы ПЖ № 2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарынан "КПҮ" грифин алып салуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарынан "КПҮ" грифин алып салуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- 2017-жылдын 1-мартындагы № 39 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы № 7 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Ш. Жээнбеков |