КР Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ № 37
Жарлыгына ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 10-январындагы № 2 Жарлыгы менен бекитилген КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы (мындан ары-Концепция) Кыргызстандын тышкы саясатынын иш-аракеттеринин мазмунунажана негизги артыкчылыктарына, жањы шарттарда аны ишке ашыруунуныкмаларына болгон көз караштардын системасын чагылдырган негиз түзүүчүсаясий документ болуп саналат. Бул Концепцияны кабыл алуу 2005-жылдын 24-мартындагы революциялыкокуялардан кийин өлкөнүн ичинде болуп жаткан кайра түзүүлөрдүылдамдатуунун максатка ылайыктуулугу, эларалык жана интеграциялыктенденциялардын динамикасы, жалпы дүйнөлүк процесстердин глобалдашуусужана региондошуусу, ошондой эле өнүгүүдө жана коркунучтарга каршыаракеттенүүдө жањы адекваттуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарылчылыгы мененшартталган. Республикада болуп өткөн өзгөрүүлөр бардык тараптардын:мамлекеттин, анын бардык дењгээлдердеги башкаруу органдарынын,жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ишкерлердин, жарандыккоомдун кызыкчылыктарын жана жоопкерчилигин чагылдырган тышкы саясаттынатыйжалуу ишке ашырууда алардын максималдуу салымын камсыз кылуугакөмөктөшө турган тышкы саясатты түзүү зарылчылыгына алып келди.Мамлекеттик ишмердүүлүктүн бул жаатында прагматизм маанилүү элементболуп саналат жана ал биринчи кезекте мамлекеттин туруктуу өнүктүрүүмаксатына жетүү милдеттерин чечүүгө багытталууга тийиш. Концепциянын негизи катары региондук позицияларды чыњдоо, эларалыкаренада атаандаштыкка жарамдуулукту жогорулатуу, республиканынжагымдуу имиджин бекемдөө, Кыргызстанды позитивдүү реформалар жолундабара жаткан өлкө катары эларалык таанытуу зарылчылыктары таанылууда. Концепция төмөнкү негизги артыкчылыктарды баса белгилейт: 1. улуттук коопсуздукту тышкы саясий ыкмалар менен чыњдоо; 2. улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуутышкы шарттарды түзүү; 3. Кыргызстандын эларалык оњ имиджин бекемдөө; 4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги башында тургантышкы саясий ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын башкакызыкдар ведомстволор жана жарандык коом институттары менен өнөктөшүүаркылуу түзүү. 1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мейкиндиги Кыргыз Республикасы өзүнүн эларалык багытын курчап тургандүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жана тенденцияларга карата, ошондой эледүйнөлүк процесстердеги өзүнүн потенциалына жана ролуна таяныпжүргүзөт. Ошол эле мезгилде кызматташуунун бардык форматтарында мурдажетишилген макулдашууларды жана милдеттенмелерди сактоого даяр болуужаатында Кыргыз Республикасынын образы ага карата болгон ишенимдүүлүкжана стабилдүүлүк менен ассоциацияланышы керек. Тышкы саясий активдүүлүк региондук, континенттик жана глобалдык өзара аракеттенүү чөйрөлөрүндө камтылган. 1. Региондук Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, ТажикстанРеспубликасы жана Өзбекстан Республикасы менен болгон жалпы чегараларөз ара тыгыз саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардыкбайланыштарды тарыхый шарттаган. Эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктүжана жалпы коопсуздукту урматтоо принциптеринин негизинде достукчөйрөнү түзүү жана ынак коњшулукту чыњдоо Кыргызстандын тышкы саясийишмердүүлүгүндө өзгөчө мааниге ээ. Республика интеграция идеясына берилген, достук чөйрөнү түзүү жанасалтка айланган ынак коњшулукту чыњдоо коњшулаш мамлекеттерге каратаКыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндө өзгөчө маанилүү мүнөзгө ээ.Региондогу мамлекеттердин тобу Жамааттык коопсуздук Келишим уюмунун,Евразиялык экономикалык коомдоштуктун жана Шанхай кызматташтык уюмунуналкагындагы олуттуу түзүмчө катары каралып келет. Кыргызстандын тышкы саясий ресурстары мамлекет үчүн эњ маанилүүтармактарда топтолгон. Кыргызстан коњшулаш бир тууган республикаларменен тыгыз бирдикте учурдагы күндөн-күнгө тез өзгөрүп жаткан дүйнөдөпайда болгон глобалдык кыйналыштарга каршы туруп, биринчи кезектеРоссия Федерациясы жана коњшулаш өлкөлөр менен өнөктөшүү аркылуурегиондогу жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө маани берипкелет. Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана ТажикстанРеспубликасы менен болгон мамилелерде түзүлгөн келишим-укуктукмейкиндик алар менен кызматташуунун позитивдүү негизин калыптаган. Динамикалык түрдө өнүгүп жаткан Казакстан менен ишенимдүүлүктүтерењдетүү Кыргызстандын региондогу позицияларын өнүктүрүү жана чыњдооүчүн маанилүү шарт болуп саналат. Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен коњшу болушу өнүгүүнүнзњ пайдалуу тармактарында кењири көлөмдө кызматташуу, транспорттукинфраструктураны көп түрлөштүрүү жана жањыртуу жана тышкы дүйнөдөнобочолонууну жењүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет. Иридемографиялык массага, олуггуу саясий, аскердик жана зкономикалыкпотенциалга ээ болгон Кытайдын региондогу таасири жетишээрлик. Борбордук Евразия динамикалык түрдө өнүгүп жаткан борборлор:Европалык Союз жана Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагытрансконтиненталдык кызматташуунун байланыштыруучу көпүрөсү катарыкарапууда. 2. Континенттик (Евразиялык) Кыргызстандын тышкы саясаты континенттин негизги эларалык саясийборборлору болушкан Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, АмерикаКошмо Штаттары, Европалык Союз, Германия Федеративдүү Республикасы,Япония, Индия Республикасы жана Түркия Республикасы менен болгон көппландуу жана өз ара пайдалуу кызматташуунун структурасындагы ишенимчараларын иштеп чыгууга багытталган. Россия Федерациясы менен кызматташуу стратегиялык өнөктөштүктүчыњдоого багытталган жана республиканы тынч жана келечектүүөнүктүрүүнүн жана аскердик-саясий өзара аракеттенүүдө, экономикалык,энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык жана социалдык тармактардаКыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүүшарттарынын бири катары каралууда. Россия Федерациясынын эларалыкаренадагы зор аброю, анын прагматикалык жана принципиалдуу тышкысаясаты тышкы саясий багыттагы өзара аракеттенүү тармагындагы олуттуунегиз болуп эсептелет, бул коопсуздукту жана саясий өнөктөштүктүкамсыз кылуу тармагындагы эки тараптуу кызматташууну жањы дењгээлгекөтөрүүнү шарттайт. Кыргызстан эларалык терроризмге каршы күрөшүүдө Америка КошмоШтаттары менен активдүү кызматташууну улантууга, ошондой эле аны мененсоода-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну кењейтүүгөниеттенет. Европалык Союз, өзгөчө алдыњкы өнөктөш жана донор болуп саналганГермания Федеративдүү Республикасы менен болгон карым-катнаштардыалдыга карай жылдыруу өлкөнүн тышкы саясатынын пайдалуу багыттарынынбири болуп кала бермекчи. Япониянын региондук иштердеги өсүп бара жаткан активдүүлүгү аныреспубликанын эњ таасирдүү өнөктөштөрүнүн катарына кошту. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук Келишим уюму, Көз карандысызмамлекеттер шериктештиги, Евразиялык экономикалык коомдоштук, Шанхайкызматташтык уюму. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму,Экономикалык кызматташтык уюму жана Ислам конференция уюму сыяктууаброю зор эларалык жана региондук уюмдардын алкагында активдүү өзарааракеттенет. Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине киргенөлкөлөр менен бирдиктүү гуманитардык, илимий-техникалык жана окутуу-маданий мейкиндикти көбөйтүүгө кызыкдар. Кыргызстандын коопсуздук потенциалын жогорулатуу милдеттери анынЖаматтык коопсуздук Келишим уюмунда жана Шанхай кызматташтык уюмундакатышуусун активдештирүүнү аныктайт. Евразиялык экономикалык коомдоштуктун алкагында интеграциялыкпроцесстерди өнүктүрүү маанилүү ролду ойнойт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм менен өзарааракеттенүү коопсуздукту камсыз кылуу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүжана туруктуу экономикалык өнүктүрүү, максаттуу программалардын жанадолбоорлордун алкагында адам укуктарын, демократияны сактоотармактарында ишке ашырылат. 3. Глобалдык Глобалдашуу шарттарында алдыњкы эларалык уюмдар жана лидер-өлкөлөркүндөн-күнгө зор мааниге ээ болуп келет. Кыргызстандын тышкы саясатыэларалык коомчулуктагы ишенимди чыњдоого жана глобалдашуумүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга багытталган. Глобалдык тынчтыкты жана эларалык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүнүннегизги инструменти болуп Бириккен улуттар уюмунун жамааттык эркиэсептелет. Уюмдун бириктирүүчү ролун күчөтүү, анын ишмердү-үлүтүн 21-кылымдын талаптарына ылайыкташтыруу максатында Кыргыз РеспубликасыБириккен Улуттар Уюмунун Уставынын негизги принциптерин кыйшаюсузсактоо менен анын системасын, анын ичинде Коопсуздук кењешинреформалоо идеясын колдойт. Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы өзүнүн тышкы саясатыныннегизги артыкчылыктары катары Кыргызстан куралсыздандыруу жанамассалык жок кылуу куралын жайылтпоо режимин күчөтүү чөйрөсүн,региондогу ядролук куралдан эркин зонаны, терроризмди, бањги трафигин,адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү жана тынчтыкты колдоо боюнчаоперацияларда катышууну, туруктуу өнүктүрүү тажрыйбасына кошулуунуэсептейт. Кыргызстандын "21-кылымдын күн тартибинде", "Мињ жылдыктынДекларациясында" белгиленген мүмкүнчүлүктөрдү, Бириккен УлуттарУюмунун "Эларалык тоо өнөктөштүгү" жана башка программаларыннатыйжалуу пайдаланышы тышкы карызды азайтуу жолдорун табууга жанаэкономикалык өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгөкөмөктөшөт. Кыргызстан "Чоњ сегиздин" мамлекеттери менен жакындашууга жана экитараптуу жана көп тараптуу экономикалык долбоорлорду ишке ашыруугакатышууга багыт алууну улантат. Кыргызстандын натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылуу Эларалык валютафондусу, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европалыкреконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктууэларалык жана региондук финансылык институттар менен кызматташуугакарата ургалдуу багытты алуу зарылчылыгы менен шартталган. Кыргызстан улуттар аралык корпорацияларда жана эларалык өкмөттүкэмес уюмдарда каралган мүмкүнчүлүктөргө зор маани берет. Дүйнөдөгү глобалдашуу жана региондошуу процесстери эгемендүүлүкжана мамлекеттүүлүк атрибуттарынын эсебинен өнүктүрүү жана коопсуздукартыкчылыктарын күчөтүүгө объективдүү алып келет. II. Кыргызстандын тышкы саясатынын принциптери Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жаначенемдерине ылайык ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын эларалыккелишимдери анын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп саналат. Ички континенттик жайгашуусу, терроризмдин, диний экстремизмдинжана региондогу чыњалуунун учурда сакталган потенциалдуу очоктору,ошондой эле энергоресурстардын тышкы булактарынан көз карандуулуктунжогорку дењгээли Кыргызстандын чабалдыгын жана мындан келип чыккантышкы саясий көйгөйлөрдүн бир түркөй эместигин тастыктайт. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө катары өз өнүгүүсүнүн өткөөлстадиясында болуп турган кезеги. Саясий жигердүү борборлорунунКыргызстандан алыс жайгашышы жана ички изоляция тышкы саясиймилдеттерди чечүүгө кошумча ресурстарды тартуу зарылчылыгын шарттайт. Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө улуттук кызыкчылыктардыбиринчи орунга коёт. Ошону менен бирге ыйгарым укуктардын бир бөлүгүтүшүнүү менен тандалып алынган интеграциялык процесстин алкагындагыулут үстүндөгү органдарга өткөрүлүп берилиши ыктымал. Негизги көйгөйлөрдү жамаатташып чечүү механизмине жана укуктунүстөмдүгүнө негизделген дүйнөлүк жањы тартипти түзүүдө Кыргызстантышкы саясий артыкчылыктарды "монополиядан чыгарууга", өнөктөштөрменен байланыштарды көп түрлөштүрүүгө, глобалдык саясий лидерөлкөлөрдөн бирдей алыстоого же бирдей жакындоого умтулат. Артыкчылыктуу эларалык уюмдарда толук дењгээлде катышууга умтулууменен Кыргыз Республикасы реалдуу ички ресурстарды жанамүмкүнчүлүктөрдү эске алып, тышкы ресурстардын (жарандык коом, башкаөлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү, улуттар аралык корпорациялар, өкмөттүкэмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж. б.) потенциалынпайдаланып, көп векторлуу, балансталган жана прагматикалык тышкысаясатты жүргүзөт жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын дүйнөлүкжана региондук коомчулуктардын кызыкчылыктарынын бир бөлүгүнөчыгарууга аракеттенет. III. Тышкы саясаттагы артыкчылыктар 1. Улуттук коопсуздук Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу жалањ гана күчведомстволору тарабынан камсыз кылынбайт. Жањы пайда болуп жатканглобалдык чакырыктарга биргелешип каршы туруу зарылчылыгы бар болгонучурдагы шарттарда эњ негизги милдет болуп Кыргыз Республикасынынкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча дипломатиялык аракеттерди активдүүкөрүү эсептелет. Бул процесстеги эњ негизги түзүмчө болуп Казакстан Республикасы,Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен болгонмамлекеттик чегараны делимиттөөнү жана демаркациялоону юридикалыкжактан тариздөөнү аяктоо саналат. Кыргыз Республикасы өзара түшүнүшүүнүн жана өзара пайдалуукызматташуунун негизинде региондун өлкөлөрү менен достук мамилелердиколдоого жана өнүктүрүүгө умтулат. Россия Федерациясы, региондогу жанаөлкөдөгү коопсуздугу аныктаган Жамааттык коопсуздук Келишим уюму жанаШанхай кызматташтык уюму менен кызмаггашуу илгери карай экономикалыкөнүгүүтө, континенттик жана дүйнөлүк инфраструктурага биргелешүүгөдагы багытталууга тийиш. Россия Федерациясынын жана Америка Кошмо Штаттарынын аскердикбазаларынын өлкөнүн аймагында жайгашуусу уникалдуу геостратегиялыкмүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул жагдай республиканын тышкы саясатсистемасынын алдына өзгөчө жоопкерчиликти коёт. Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуунунолуттуу мүмкүнчүлүктөрүн Антитеррордук коалиция өлкөлөрү мененкызматташууну чыњдоодо жана кењейтүүдө көрөт. Евразиялык мейкиндиктин алкагындагы бирлешүү коопсуздукту жанаэкономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча айрым-бир ыйгарым укуктардыулут үстүндөгү структураларга өткөрүп берүүнү шарттайт. 2. Улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын камсыз кылуу Тышкы экономикалык ишмердүүлүк субъекттеринин иш-аракеттери үчүнжагымдуу эларалык-укуктук базаны түзүү, алардын таламдарын коргоо жанаэкспортту кењейтүүгө көмөктөшүү, ошондой эле эларалык стандарттаргаылайык экономикалык жана инвестициялык шарттарды түзүү тышкыэкономикалык саясаттын негиздеринин бири болуп саналат. Чет элдик инвестицияларды тартууга, Кыргыз Республикасынынрегиондук жана дүйнөлүк экономикалык байланыштарга бирлешүүсүнөкөмөктөшүү, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тышкысаясаттын эњ негизги багыттарынын бири болуп саналат. Региондо, Евразиялык экономикалык коомдоштукта, Шанхайкызматташтык уюмунда жана Экономикалык кызматташтык уюмундатоварлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумуш күчүнүнжалпы рыногун акырындык менен түзүү Кыргызстандын узак мөөнөттүүкызыкчылыктарына жооп берет. Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө-мамлекеттерининЭкономикалык укуктар жана милдеттер хартиясында каралган негизгиэларалык экономикалык кызматташуу принциптерин, башка жалпы таанылганэларалык укук ченемдерин карманат, дүйнөлүк жана региондук валютасистемаларына активдүү кошулууга умтулат. Тышкы карыз, аны реструктуризациялоо, голугу менен же жарым-жартылай жоюп таштоо көйгөйлөрү республиканын эларалык активдүүлүгүндөзор мааниге ээ. Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүүгө алмаштыруумеханизми тышкы карызды азайтуунун таасирдүү инструменттеринин бириболуп эсептелет. Тышкы экономикалык ишмердүүлүк программалары жана долбоорлоруөлкөн m коопсуздугуна зыян келтирбеши керек. Кыргызстан глобалдык жана региондук Батыш-Чыгыш, Түндүк-Түштүкагымдарындагы Евразиянын аба карго - терминалы жана товарлардынэкспорт, реэкспорт борбору катары транзиттик потенциалды өнүктүрөт,эларалык рейтингдерде рынок экономикасы бар "эркин өлкө" статусуналууга умтулат. Ички континенттик изоляцияны жењүү үчүн сооданы өнүктүрүү жанаИнтернет аркылуу тейлөөнү көрсөтүү маанилүү. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүк улуттук кызыкчылыктардыишке ашыруунун маанилүү потенциалы жана механизми болуп саналат. Кыргызстан өзүн бүткүл регион үчүн туристтик жана рекреациялык-жагымдуу өлкө катары алдыга карай жылдырат жана тез өнүгүүгө жанателекоммуникацияларды пайдаланууга зор маани берет. Кыргызстан элининбай маданий мурасы туризмди өнүктүрүүгө, туризм чөйрөсүнөинвестицияларды тартуу процессине жигердүү кошулушу керек. Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары эларалык банктар жана финансыборборлорунун бири катары өнүгүүдө. Учурдагыдан дагы дифференцирленген жана жагымдуураак визалык жанамиграциялык саясатка жетишүү маанилүү тышкы саясий резерв болупсаналат. Кош жана жењилдетилген жарандык институттарын киргизүү -эмгек экспортун өнүктүрүүнүн олуттуу фактору. 3. Эларалык аренадагы Кыргызстандын оњ имиджин чыњдоого көмөктөшүү Кыргызстан өзүн укуктук демократиялык мамлекет катары көрсөтөтжана өзүнүн позитивдүү имиджин жана дүйнөлүк коомчулук менен саясийчөйрөлөр тарабынан болгон достук мамилени камсыз кылуу үчүн бардыкмүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат. Тышкы саясаттын негизги багыты болуп чет өлкөдөгү Кыргызстандынжарандарынын укуктарын, таламдарын жана ар-намысын коргоо, ошондой элечет элдик жарандардын болуусуна жана транзитине жагымдуу шарттардытүзүүгө көмөктөшүү саналат. Өлкөнүн тышкы саясатын чыњдоонун позитивдүү ресурсу катары анынэтникалык көп түрдүүлүгү, этникалар аралык жана конфессиялар аралыкынтымак кызмат кылат. Этникалык жамааттардын болушу жана алардынтарыхый Мекени менен байланышы кошумча инвестициялык аянтча болупсаналат. үч тилдүүлүктү - кыргыз, орус жана англис тилдерин өнүктүрүүгөкөмөктөшүү - кыргыз жарандарынын эларалык коомчулукка ийгиликтүүинтеграцияланышынын маанилүү фактору болуп эсептелет. Кыргызстан эларалык уюмдарды жайгаштыруу, эларалык жана региондукфорумдарды өткөрүү үчүн ыњгайлуу өлкө, ошондой эле региондук маданий-билим берүү борбору болууга умтулат. Ысыккөл, Ч. Айтматов, "Манас"эпосу, "Улуу Жибек жолу" жана башка улуттук брэнддерди пайдаланууКыргызстандын дүйнөлүк коомдогу таанымалдуулугун жогорулатуучуфакторлордун бири болуп эсептелет. 4. Тышкы саясат системанын негиздери Тышкы саясат системанын жана анын принциптерин ишке ашыруунуннегизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары эларалыкукук ченемдери менен өзара байланышта түзөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши өзүнүн конституциялыкыйгарым укуктарынын чектеринде тышкы саясий курсту жана парламенттераралык байланыштарды эларалык-укуктук жактан камсыз кылууну. ошондойэле Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткарууну ишкеашырат. Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик бутак органдарынынмакулдашылган иш-аракеттери тышкы саясаттын бирдиктүүлүгү принцибининсакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынанминистрликтер менен ведомстволордун иштерин координациялоону КыргызРеспубликасы Тышкы иштер министрлиги камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий маселелери боюнча расмийбилдирүүлөр жана демилгелер менен Президент, Премьер-министр жанаКыргыз Республикасынын тышкы иштер министри чыгат, ал эми аткаруубийлигинин башка расмий адамдары жогоруда аталгандардын тиешелүүтапшырмасы жана макулдугу боюнча гана чыгууга укуктуу. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууоргандары тышкы экономикалык, коомдук жана маданий байланыштардыаларга берилген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырат. Бизнес-структуралар учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагындатышкы экономикалык ишкердик субъекттери болуп таанылат. Мамлекеттин тышкы саясий чөйрөсүндөгү маанилүү чечимдердидаярдоодо жарандык коомдун пикири Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигине караштуу Тышкы саясат боюнча коомдук кењештин механизмижана өзара аракеттенүүнүн башка формалары аркылуу эске алынат. Бул Концепция ички же тышкы шарттардын өзгөрүшүнө жараша кайраданкаралууга тийиш.