Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 14-марты ПЖ № 39
1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 81 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2020-жылы 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет, бул жеңишке Советтер Союзунун бир тууган элдери фронттогу жана ооруктагы биримдиги жана эрдиги менен жетишкен.
1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алып, фашизмди талкалаган совет элинин каармандыгына жана эрдигине терең таазим кылып, 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргыз Республикасында бүткүл элдик майрам катары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын 2020-жылы майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү (мындан ары - майрамдык иш-чаралар) боюнча уюштуруу комитетин түзсүн;
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү деңгээлде негизги майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Улуу Ата Мекендик согушта жоокер-кыргызстандыктардын эрдигине арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдары жоокер-кыргызстандыктардын көрсөткөн эрдигин жана каармандыгын түбөлүккө эстен чыгарбай сактоо, жаштарды жарандык патриоттуулукка, фашизмге каршы күрөшүүдө ардагерлердин жана ооруктун эмгекчилеринин көрсөткөн эбегейсиз эрдиги үчүн сыймыктануу сезиминде тарбиялоо боюнча ишти жүргүзсүн;
- Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстерди, эстеликтерди жана обелисктерди жаңылоо боюнча чараларды көрсүн;
- негизги майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашырууга бюджеттик жана башка каражаттарды бөлүүнү карасын, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы төмөнкүлөрдү уюштурсун жана өткөрсүн:
- өзүнчө план боюнча кошумча тиешелүү иш-чараларды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" юбилейлик медалы менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды сыйлоону.
(КР Президентинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 81 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 20 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |