Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 30-апрели ПЖ № 81
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 39 "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы төмөнкүлөрдү уюштурсун жана өткөрсүн:
- өзүнчө план боюнча кошумча тиешелүү иш-чараларды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" юбилейлик медалы менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды сыйлоону.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш. Жээнбеков |