Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 26/6-7
Жер участогуна менчик укугун типтүү сатып алуу – сатуу келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571сандуу токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 6.04.2017-жылдагы №01-1/335 чыгыш сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында жер участогуна менчик укугун типтүү сатып алуу – сатуу келишими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Байгараев Р.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |
Талас шаары 20___-жылдын "___"_______________
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгыначальник ______________________________________ атынан, мындан ары "Сатуучу" деп аталган бир тараптан жана мындан ары
"Сатып алуучу" деп аталган ____________________________________________ (паспорттун номери, берилген күнү: _____ -жылдын "___"_________) экинчи тараптан төмөнкү жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Сатуучу Талас шаардык жерге укук берүү боюнча комиссиянын чечиминин ____-жылдын "_____" _______ № ____________ протоколунун негизинде акылуу негизде өткөрүп берет, ал эми Сатыпалуучу Талас шаары, _________________________ аянты ___________м.кв/ га жер участогунун тиркелүүчү чиймесине ылайык бардык убарасы жана сервитуттары менен жер участогун менчикке кабыл алат жана акысын төлөйт.
1.2. 1.1. пунктта көрсөтүлгөн жер участогу _________ үчүн сатылат.
2. Жер участогун сатуу баасы, мөөнөттөрү жана акы төлөө тартиби
2.1. Бул келишим боюнча жер участогунун баасы ____________________ (сан жана жазуу түрүндө) сомду түзөт жана жер участогун түзүү менен
байланышкан чыгымдар келишим түзүлүп жаткан учурда Кыргыз
Республикасынын ___________ сомун түзөт.
2.2. Жер участогунун сатуу баасы сатып алуучу тарабынан акча каражатын которуу жолу менен же накталай төлөнүшү керек:
_____________ (банктык реквизиттер) ___________________________________
Акы төлөө жер участогун сатып алуу - сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. бул келишимде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө жер участогунун наркын төлөөгө.
3.1.2. сатуучуга бул келишимдин шарттарын аткаруу жөнүндө керектүү материалдарды, маалыматтарды, башка документтерди берүүгө.
3.1.3. сатып алган жер участогуна менчик укуктар жаралган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган өлчөмдө жана тартипте жер салыгын төлөп турууга.
3.1.4. жер участогун максаттык дайындалышы боюнча пайдаланууга.
3.1.5.бул келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде аныЖерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Талас шаардык башкармалыгында каттоодон өткөрүүгө жана 3 иш күндүн ичинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга;
3.1.6. жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Талас шаардык архитектурадан каттоодон өтүүгө;
3.2. Сатуучу төмөнкүгө милдеттүү:
3.2.1. сатып алуучудан бул келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттө жер участогунун наркын төлөөнү кабыл алууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Сатып алуучу тарабынан бул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Сатуучу Сатып алуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле милдеттерин аткарбагандыгы менен же тийиштүү аткарбагандыгы менен кетирген чыгымдарын кайтартууну талап кылууга укуктуу же бул келишимди белгиленген тартипте бузууга жана анын бузулушу менен байланышкан чыгымдарды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.2. Жер участогу үчүн төлөө мөөнөттөрү бузулганда Сатып алуучу Сатуучуга ар бир кечиктирген күнү үчүн төлөнө элек сумманын 0,3 % өлчөмдө туум төлөйт, бирок ал төлөө суммасынан 20% нан ашпашы керек.
4.3. Эгер Сатып алуучу түз сатууларды өткөргөн датадан тартып 30 календарлык күндүн аралыгында келишимде белгиленген бааны төлөбөсө же сатып алган жер участокту кабыл алуудан баш тартса, Сатуучу бул келишимди бузуу жөнүндө маселе коюуга жана зыян тартууларды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.4. Сатып алуучу тарабынан келишим бузулуп жатса, алар төлөгөн акча каражаттар Сатуучу тарабынан Сатып алуучуга келишимди жол-жоболоштуруу жана жер участогун бөлүштүрүү (бөлүштүрүү долбоорун даярдоо, маалымат пакетин даярдоо, техникалык шарттардын, адистердин жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызмат көрсөтүүлөр наркын төлөө) менен байланышкан зыян тартууларды чыгарып салуу менен кайтарылып берилет.
4.5. Келишимди бузуу менен Сатып алуучу бул келишимдин 4.2. пунктунда каралган туумду төлөөдөн бошотулбайт.
4.6. Айып санкцияларын төлөө Сатып алуучуну бул сатып алуу-сатуу келишиминин шарттары иштеп турган учурдагы келишимдик милдеттердин аткаруудан бошотпойт.
4.7. Сатуучу тарабынан бул келишимдин шарттары бузулган учурда, Сатып алуучу Сатуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле аткаруунун кечиктирилиши менен байланышкан зыян келтирүүлөрдү кайтарууну талап кылууга укуктуу же белгиленген тартипте бул келишимди бир тараптык тартипте бузууга жана аны бузуу менен байланышкан зыян тартууларды талап кылууга укуктуу.
4.8. Сатуучунун күнөөсү боюнча бул келишим бузулуп жатса, Сатып алуучу тарабынан Сатуучуга төлөнгөн суммалар ага Сатуучу тарабынан толук көлөмдө кайтарылат.
4.9. Бул келишимде каралбаган тараптардын жоопкерчиликтери жана укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
5. Кепилдиктер жана талаптар
5.1. Сатуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатыла турган жерлердин категориясына кирээрине, үчүнчү жактардын мүлк жана мүлк эмес укуктарынан жана талап кылууларынан бош экендигине жана бул келишимге кол коюлуп жаткан учурда Сатуучу же Сатып алуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу арестте же тыюу салынууда тургандыгын билбөөгө мүмкүн эместигине кепилдик берет.
5.2. Сатып алуучу бул келишимдин тиркемелери менен таанышып чыкты, жер участогу жайгашкан жеринде барып көрдү, анын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, жер алдындагы жана жер үстүндөгү курулмалар жана объекттер менен таанышып чыкты.
6. Жер участогуна менчик укуктардын өтүшү
6.1. Сатып алуучуга жер участогуна менчик укук бул жер участогунун наркын толук төлөгөндөн, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Талас шаардык башкармалыгында келишимди Мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн, бул жер участогу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин жана белгиленген тартипте жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө Мамлекеттик актыны алгандан кийин өтөт.
Жогоруда саналган шарттардын жок дегенде бирөө аткарылбаса, жер участогуна менчик укук жаралбайт.
6.2. Натурадагы (жериндеги) чек аралар такталганга, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ченемдерди алганга чейин жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
6.3. Сатып алуучуда жер участогуна жеке менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, мурда аныкталган укуктук режим жана бул жер участогуна укук ырастаган бардык документтер өз таасирин жоготушат.
7. Жер участогун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтары
7.1. Сатып алуучу жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын ага менчик укугу өткөн учурдан тартып алып жүрөт.
7.2. Эгер Сатуучу бул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер участогун бербесе же белгиленген мөөнөттөрдө Сатып алуучу жер участогун кабыл албаса, жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын өткөрүп берүүнү же кабыл алууну кечиктирген тарап алат.
8. Талаштардын чечилиши
8.1. Бул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8.2. Бул келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн (жер участогу үчүн акыны өз убагында төлөбөгөндө, өз убагында өздөштүрбөгөндө, максат багытын жана башка талаптарды бузганда) тараптардын ар кимиси келишимди бир тараптык тартипте бузуу укугуна ээ, эгер ал тараптан бул келишимдин жана колдонуудагы жер мыйзамдарынын шарттарын бузуулар жок болсо, башка тарапты кат түрүндө алдан-ала 30 календарлык күнгө чейин билдирип, бузуу укугуна ээ болот.
8.3. Эгер тараптар 30 календарлык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе же келишим бир тараптык тартипте бузулса, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет. Мындай учурда сот чыгымдарын келишимдин шарттарын аткарбаган же аларды тийиштүү тартипте аткарбаган тарап алат.
9. Келишимдин шарттары өзгөртүү жана аны бузуу
9.1. Тараптардын макулдашуусу менен гана келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү мүмкүн.
9.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кийин мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Мамкаттоо органдарында ырастоо менен жазуу түрүндө гана жүзөгө ашырылат, бул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
9.3. Бул келишимдин шарттарын тараптардын бири аткарбаган учурда, ал өзгөртүлүшү мүмкүн же экинчи тараптын талабы боюнча же сот тартибинде бузулушу мүмкүн.
10. Чыгымдар
10.1. Сатып алуучу бул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды өзүнө алат.
11. Кошумча шарттар
11.1. Бул келишим ага кол коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып тараптар үчүн түзүлдү деп эсептелет.
11.2. Бул келишим тараптар тарабынан бардык өз милдеттери аткарылганга чейин жарактуу.
11.3. Келишим 3 нускада түзүлөт, алар бирдей юридикалык күчкө ээ. Бир нуска Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Талас шаардык башкармалыгында, тараптарда бирден нуска сакталат.
11.4. Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жер участогунун көлөмдөрүн жана чек араларын көрсөтүү менен чиймеси;
2. Комиссиянын катчысынын колу бар комиссиянын протоколунан көчүрмө;
11.5. Жер участогун натурадан (жеринен) бөлүп берүү жана жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- бул сатып алуу - сатуу келишими;
- Комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колдору бар комиссиянын протоколу;
- жер участогунун чиймелери.
12. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
Сатуучу: Сатып алуучу:
___________________________ ____________________________
Талас шаардык мэриясынын
Муниципалдык менчик
башкармалыгынын
начальниги
М.О.