ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2019-жылдын 8-майындагы ПЖ № 61 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция08.05.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 8-майы ПЖ № 61

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

- Жалал-Абад облустук сотуна

Чоноев Адилет Адамжанович;

- Чүй облустук сотуна

Мурзалиева Жыргал Нуржановна;

- Нарын облустук сотуна:

Бакиров Кайридин;

Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич;

Мелсов Женишбек Мелсович;

Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков