Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 11-майы ПЖ № 62
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-майындагы N 40 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын КУРАМЫ
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук комиссиянын төрагасы; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Ташпаева Назгуль Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Солтонгельдиева Сабира Самидиновна | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы; |
Бакашева Жылдыз Кемеловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун Башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Мусина Дарья Сапарбековна | - | Республикалык "Балажан" окуу-усулдук эстетикалык тарбия берүү борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Айтпаева Гульнара Амановна | - | ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө конвенциясынын алдында аккредитацияланган "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сирмбард Светлана Рустамовна | - | Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Чочунбаева Динара Илимбековна | - | Кол өнөрчүлөрдү колдоонун Борбордук Азия ассоциациясы ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча). |