Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 1-августу ПЖ № 99
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамында:
О.М.Панкратов курамдан чыгарылсын;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри киргизилсин;
он экинчи абзацтагы "Замандаш" кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси" ассоциациясынын лидери" деген сөздөр "Замандаш" коомдук фондунун президенти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |