Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 30/6-7
«Талас шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтуу оз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаарынын 2017-жылдагы жергиликтуу бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 104135,2 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 104135,2 мин сом суммасында бекитилсин.
2.Талас шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3.Талас шаарынын 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3тиркеме тиркелет).
2018-жылга киреше боюнча болжолу 110846,2,0 мин сом
2019-жылга киреше боюнча болжолу 1116134,2 мин сом
4.Талас шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5.Талас шаарынын 2018-2019 жылдарга жергиликтуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 5,6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
Чыгашаларды коргоого алынган беренелери шаардык Кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресустарын кыскартуу жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо боюнча токтомдордун долбоорлору каржы башкармалыгынын макулдугу менен гана кабыл алынсын.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо(пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
7.Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкон кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтуу бюджеттин кирешесине алынсын.
8. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруулар шаардык Кенештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлсүн. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруу, максаттуу трансферттерди болуштүрүү бюджеттик мекемелердин(каты аркылуу) макулдугу менен, өзгөртүү киргизүүгө каржы башкармалыгы аркылуу(жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.
9.Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кенештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
10. Жергиликтуу бюджеттен 2016-жылы жетишсиз каржыланган болугу 2017-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
11.2017-жылдын 1-январына шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 миң сом суммасында белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык шаардык бюджетке 600,0 мин сом өлчомүндө резервдик фонд түзүлсүн.
13. 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктык тушуулордон: салык агенти тарабынан толонуучу киреше салыгынан жана сатуудан тушкон салыктан-50 пайыз олчомундо;
б).ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетуу патентоонун негизиндеги салыктан, бирдиктуу салыктан негизинде тушуулордон шаардын жергиликтуу бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы учун салыктан,(стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялити) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтуу бюджеттерине-50 пайыз олчомундо.
14. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда болүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүрүүлөрдүн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин. 15. Чет-тилдер багытындагы лицей (Момунбеков.С.Ж.) толугу менен республикалык бюджеттен каржылоого өткөнгө чейин,жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөүгүнүн №4 тиркемесинде лицейге каралган беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
16.Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган токой тилкесин Талас шаардык коммуналдык кызмат корсотуу боюнча муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга келишимдин негизинде откоруп берилсин.Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын эки( адис) штаттык бирдиги Талас шаардык коммуналдык кызмат корсотуу боюнча муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.Талас шаардык комуналдык кызмат корсотуу боюнча ишканасына которулуп берилген эки штаттык бирдиги(адиси) Талас шаарына тийешелуу токой тилкесин, шаар ичин, паркты тийиштуу денгелде кармап, тазалап тейлоо боюнча иш алып барылсынсын жана алардын штаттык бирдиги, айлык акылары № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17.Талас шаардык кенешинин 13.03.2017 жылдагы №12/3-7 токтомунун негизинде ачылган Талас – Семетей футболдук клубунун штаттык бирдиги жана айлык акылары № 8 тиркемеге ылайык бекитилип каржылансын.
18.Кыргыз республикасынын 20 –февраль 2015-жылдагы № 25 мыйзамынын негизинде жергиликтүү салык болүмүнүн укуктары көбөйгондүгүнө байланыштуу жана алардын айлык акыларын иреттөө максатында № 9 тиркемеге ылайык бекитилип, жергиликтүү бюджетинин чыгаша болүгүнүн № 4 тиркемесинде көрсөтүлгөн беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
19.Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) шаардык бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
20. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Мусуралиева Н.С.) тапшырылсын.
Тѳрага | М. Есенкулов |
| Талас шаардык кенешинин 20.04.2017ж.№30/6-7 Токтомуна Тиркеме№__7___ |
Талас шаардык коммуналдык кызмат корсотуу боюнча муниципалдык ишканасына муниципалдык менчик башкармалыгынан которулган штаттык бирдиги.
№ | Кызматтын аталышы | Саны | Кызматтык оклад | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы |
1. | Жумушчу | 1,0 | 8010 | 8010 | 96,1 |
2. | Жумушчу | 1,0 | 8010 | 8010 | 96,0 |
3. | Бардыгы: | 2,0 |
|
| 192,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы | А.Сариева |
| Талас шаардык кенешинин 20.04.2017ж.№30/6-7 токтомуна Тиркеме№__9___ |
№ | Кызматтын аталышы | Саны | Кызматтык оклад | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы |
1. | Бөлүм башчысы | 1,0 | 15600 | 15600 | 187,5 |
2. | Инспектор | 5,0 | 11875 | 59375 | 712,5 |
3. | Инспектор(0,5-бух) | 1,0 | 11875 | 11875 | 142,5 |
| Бардыгы: |
|
|
| 1042,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы | А.Сариева |
| Талас шаардык кенешинин 20.04.2017ж.№30/6-7 токтомуна Тиркеме№__8___ |
№ | Кызматтын аталышы | Саны | Кызматтык оклад | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы |
1. | Жетекчи | 0,5 | 6000 | 3000 | 72,0 |
2. | Бухгалтер | 0,5 | 5500 | 2750 | 33,0 |
3. | Бардыгы: | 1,0 |
|
| 105,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы | А.Сариева |