Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 8-августу ПЖ № 103
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
Ш.У.Асымбеков, Т.Д.Абдраимов чыгарылсын;
Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Намазалиев Алтынбек Абдисаламович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |